Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен менин түгөйүмсүң»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен мага кимсиң
Асылым сүйгөнүмсүң
Жалынып жалбарат күйгөнүмсүң

Мен сага киммин
Жашоодо жолуккан
Жаныңдын жарымы болгон
Жарыңмын ак жоолукчан

Сен мага кимсиң
Айымсың толуп турган
Булаксың атып чыккан оргуштаган
Мен сага киммин
Жаныңа күйөрүңмүн
Чаңкасаң бал кымызың
Жан бирге түгөйүңмүн

Сен мага кимсиң
Бүтпөгөн ырларымсың
Айталбай сактап жүргөн сырларымсың
Мен сага киммин
Булбулуң таңшып турган
Күнгө окшоп жан дүйнөмдө
Күн-түнү жанып турган

Другие песни исполнителя:

  • Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз, Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз, Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз. Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Жайдары көздөрүңүз, Жагымдуу сөздөрүңүз, Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Суранам тосолучу түнү менен, Суранам тосолучу күндү бирге. Суранам жаз гүлүндөй күлүп-жайнап, Суктанып жыттайлычы, Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге. Тосолу күндү бирге, Тосолу түндү бирге, Суранам жаз гүлүндөй жадырашып, Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге. Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз, Жактыңыз махабаттын отун укмуш. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз.