Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айтчы секет»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айтчы, секет, сендей асыл, сендей асыл жалжалды
Ай периси апак төрөп, апак төрөп салганбы?
Же жаңылыш жылдыздын бир, жылдыздын бир сыныгы
Жымың эте жерге түшүп, жерге түшүп калганбы?
Айтчы, секет, сендей назик, сендей назик кептерди
Ким төрөгөн, гүл жыпарын, гүл жыпарын сепкенби?
Же кокустан күндүн жалгыз, күндүн жалгыз тамчысы
Күлпүң эте жерге, жерге түшүп калганбы?
Чолпон сүрдөйт сулуулугун өчүрүп
Андан ашкан Чолпон бардай, Чолпон бардай сезилет.
Сымбатыңды сыдыргыга, сыдыргыга тарткандай
Сезимиме жазып алдым, жазып алдым көчүрүп.

Другие песни исполнителя:

  • Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз, Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз, Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз. Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Жайдары көздөрүңүз, Жагымдуу сөздөрүңүз, Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын жүрөктөгү, Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз. Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз, Жактыңыз махабаттын отун укмуш. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз отуруңуз, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жүрөгүм, ичим тыз-тыз, Сезимди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Жанымда дагы бир аз отуруңуз. Суранам дагы бир аз отуруңуз.
  • Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып, Силерди, ак булуттар, жолдош кылып. Мен келип алтын кумдуу көл жээгине, Отурам эскерүүдөн ичтен сызып. Сезгендей айрыларды коркор элем. Алтын кум, сен баарына орток элең. Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга, Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем. Кайгынын каран түнүн жарык кылар, Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар. Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, Айдалып баратканда ак булуттар. Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги, Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди? Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага, Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.