Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тируулук»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кеткен кетти, өткөн өттү, бирдеймиң,
Кечтим дайра агымынын миңдейин,
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?!
Кайдан чыгып качан келдим бул жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайган жолдун миңдейин,
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем, анан аны не дейин?!
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби билбеймин.
18/XII 1945 Койсары

Другие песни исполнителя:

  • Жараткан жашоо берген баарыбызга, Ар түрдүү тагдыр жаза багыбызга. Өмүрдүн ар бир күнү текке кетпей, Жароокер жарың болсун жаныңызда. Кайырма: Дайыма күлкү бассын санаабызды, Эр жүрөк, эстүү кылсын балабызды. Тирүүлүк кырын ашып кеткичекти, Урмат-сый курчап турсун арабызды. Эркелеп жакшы тилек оюбузга, Эрте эле түштүк бакыт жолубузга. Себепчи биздин асыл тилегибиз, Жол ачты далай бакка конуубузга. Кайырма: Кыялдар учуп конбой түнөгүнө, Ар бир жан жетсин максат, тилегине. Чын сүйүү ишенимдин бул эркенин, Бек сактап келатамын жүрөгүмө. Кайырма:
  • Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү? Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын, Жүрөккө сепчи үрөндү. Өкүнүп улам тездеши, Өмүр ал учкул кез дечи. Жазыксыз сүйүп калганга, Касыңдай мени эзбечи. Адамда ар сыр, кыял бар, Айталбайт аны уяңдар. Өчпөгөн көңүл чолпону, Өзүңө мендей улан зар. Дартыңды ачуу далалат, Даба тап, сүйүүм аманат. Суу бүркүп үмүт отуна, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Жалжал көздүү, жапжаш элең анда сен, Жаз күнүндө жагымдуу элең, жанга сен. Комуз элең, кыл тагылып күүлөнгөн, Чолпон элең, балбыл жанган таңда сен. Андан бери сан күн өттү арыштап, Ал күндөрдөй сен да кеттиң алыстап. Арыздашпай алысташың себепсиз, Азыр дагы бир мен үчүн табышмак. Сен куш болдуң кокус колдон качырган, Сен гүл болдуң бир суктантып жашынган. Арабызды айлар, жылдар бөлсө да, Ашыктыгым бир өзүңө, ашыганы ашынган. Жаным даяр сен дегенде балкыган, Багым даяр сени күтүп аңкыган. Кадырыңа жетер кезим ушул кез, Кайкып учуп кайра келчи, каркырам.
  • Өмүрдү арнайт десем, Өңүмдү саргайттың сен. Ый болбой тагдырыма, Ыр бойдон калбайт белең. Бардыгын кечирчи деп, Барбаймын экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Атасыз жетимсиреп. Гүл өмүр сынбайт дегем, Өзүңө сунбайт белем. Жоо болбой бир көзүмө. Тоо бойдон турбайт белең. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт сага, Атасыз жетимсиреп. Бейкапар күлбөйт белек, Бирге өмүр сүрбөйт белек. Түн болбой жылдызы жок, Күн бойдон жүрбөйт белек. Күтсөк да кечирчи деп, Гүлдөбөйт экинчи ирет. Ак сүйүү ай талаада, Армандуу жетимсиреп. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Апасыз жетимсиреп. Барбаймын экинчи ирет… Келбегин экинчи ирет…