Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алып кет»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Андагы сөзгө ынаба,
Ал сөздөр жалган курама.
Кемчилдик кетсе кечирип кой,
Келип кет ушул жумада.
Жүдөдүм эңсеп кубара,
Жүрөктү өйүп убада.
Коогалуу күнгө калтырбай,
Конуп кет эмики жумада.
Ашыкча болбой убара,
Ачылсын көңүл кубана.
Айкашсын жаштык кезибиз,
Алып кет наркы жумада.
Ушак айтса ынаба,
Убайым тартып кыйналба.
Удургуп төгүн сөздөргө,
Келип кет ушул жумада.

Другие песни исполнителя:

  • Күн эмнеге, эмнеге батпай койду сен жокто? Таң эмнеге, эмнеге атпай койду сен жокто? Көмүскө жандай суз болуп, көңүлүм чөктү сен жокто. Көзүмдүн жашын көрсөтпөй кылгырып төктүм сен жокто… Куштар неге эмнеге, сайраган жок сен жокто? Гүлдөр неге, эмнеге жайнаган жок сен жокто? Булактын мөлтүр агымы акпады токтоп сен жокто Сайраган булбул үнү да жакпады жанга сен жокто… Жашоо мага түшүнсөң кермек болду сен жокто, Жалгызчылык жадатып эзмек болчу сен жокто, Эстеген сайын эзилип мукануу жаным сен жокто Үмүтүм тоодой сезилип кыйналуу жаным сен жокто…
  • Өмүрдү арнайт десем, Өңүмдү саргайттың сен. Ый болбой тагдырыма, Ыр бойдон калбайт белең. Бардыгын кечирчи деп, Барбаймын экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Атасыз жетимсиреп. Гүл өмүр сынбайт дегем, Өзүңө сунбайт белем. Жоо болбой бир көзүмө. Тоо бойдон турбайт белең. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт сага, Атасыз жетимсиреп. Бейкапар күлбөйт белек, Бирге өмүр сүрбөйт белек. Түн болбой жылдызы жок, Күн бойдон жүрбөйт белек. Күтсөк да кечирчи деп, Гүлдөбөйт экинчи ирет. Ак сүйүү ай талаада, Армандуу жетимсиреп. Кечирчи, кечирчи деп, Келбегин экинчи ирет. Ак сүйүү ыйлайт мага, Апасыз жетимсиреп. Барбаймын экинчи ирет… Келбегин экинчи ирет…