Казахские песни Узбекские песни

Песня «Турбайбы»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрү жетпей тирилик,
Өткөндөр келбейт тирилип.
Жаралган адам эмгектен,
Жарыша иштеп төрөлүп
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы,
Баласына атасы да өбөк болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы.
Улуулардын тилеги ай, улуу да болот турбайбы,
Урматтаган адамың ай, сулуу да болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы,
Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы
Өткөндөрдүн баарысы да, тарыхта калат турбайбы.
Жакшыга жакшы туш болсо, багы да болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы,
Баласына атасы да өбөк болот турбайбы.
Атасына баласы да жөлөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы,
Кыздарына энеси да өбөк болот турбайбы.
Энесине кыздары да жөлөк болот турбайбы

Другие песни исполнителя:

  • TwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска, Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска. Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен, Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен. Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен, Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен, Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн. Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген, Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
  • Сага гана, эрким сынып багынамын, Эригемин, кагыламын, сага гана. Сага гана, эрке суудай агыламын, Эркелеймин, таарынамын сага гана. Кайырма: Сага гана жагынамын, Сени гана сагынамын. Сени менен бир болсом деп, Жаратканга жалынамын. Сени гана, жан дүйнөмө чакырамын, Жүрөгүмө батырамын, сени гана. Сени гана, күн-айымдай аркаладым, Гүл багыма алып барамын, сени гана. Кайырма: Сени менен, жашоо мага чексиз жыргал, Жакшы, бүтпөс жомок сыңар сени менен. Сени менен, куланбаган тактыдамын, Кубанычта, бактыдамын, сени менен.
  • Сүйүү болду тапканым, бирок сага айтпадым, Акыр бир күн билер деп сыр сандыгың ачпадым. Акыр бир күн билер деп сыр сандыгың ачпадым. Калды менин катканым, куттуу болсун тапканың. Табышмактуу сырымды сен таңуулсам таппадың. Табышмактуу сырымды сен таңуулсам таппадың. Сүйүү болду тапканым, бирок сага айтпадым, Ошол күндөн бул күнгө мен сүйүүдөн ачкамын. Ошол күндөн бул күнгө мен сүйүүдөн ачкамын.