Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туулган жер»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан,
Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан.
Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең,
Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Жаралагандан жанып турган жарыгымсың,
Аталардан калган өзөк, тамырымсың.
Кубат кетип, алдай тайып турганымда,
Гүл азык болуп берчү азыгымсың.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап,
Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап,
Сурай албай калсам дагы абалыңды,
Сен турарсың урпактардан абал сурап.
Канатыңа калкалай бер балдарыңды,
Баары бир айтпайсың сен арманыңды.
Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып,
Жакын туруп кабар албай калбадымбы.

Другие песни исполнителя:

  • Ал мезгил менин эсимде, Али да турат сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Анда да алтынчы күнү кечинде. Чырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Аттестат алдың, сөз бердиң, Анда да алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн мезгилде. Ашыкпа дедиң, той болот, Анда да алтынчы күнү кечинде.
  • Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып, Силерди, ак булуттар, жолдош кылып. Мен келип алтын кумдуу көл жээгине, Отурам эскерүүдөн ичтен сызып. Сезгендей айрыларды коркор элем. Алтын кум, сен баарына орток элең. Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга, Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем. Кайгынын каран түнүн жарык кылар, Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар. Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, Айдалып баратканда ак булуттар. Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги, Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди? Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага, Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
  • Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен, Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен. Таппаймын берер дүйнө досторума, Тандашып, жакшы кызды «аяш» дешкен. Кайырма: Досторум, ыйманга жол салгылачы, Досторум, эл деп күйүп, жангылачы Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар, Өзүңөр ушул бойдон калгылачы. Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы, Таптаган, саяпкерим алыстагы. Сезилет силер менен чечилчүдөй, Досторум, турмушумдун табышмагы. Кайырма: Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын, Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын Силердей асылдарга кошконуна, Миң ирет жаратканга ыраазымын.
  • Ойлосом (дале) кетпей түшүмдөн, Оюнуң (да) жиптей тизилген. Эркелүү (да) кээде сылайсың, Ээндеп (да) келип жүзүмдөн. Мээримге (да) толуп кучагым, Мен дагы (да) сени кысамын. Көрбөй бир (а) калсам заматта, Көрүүгө (да) сени кусамын. Татына (да) жаштык өмүрдөн, Таң нурдай (да) жүзүң көрүнгөн. Ташкынын (да) сузуп алсам дейм, Таалайлуу (да) сүйүү көлүңдөн. Көп сүйүү (да) жүгүн артынып. Көз карек (да) сага тартылып. Жалыным (да) сенде жангансыйт, Жаштык от (а) менде бар туруп.