Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак куулар сени сагынар»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмушта,
Жолуксам деймин тезирээк.
Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

Другие песни исполнителя:

  • Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү? Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын, Жүрөккө сепчи үрөндү. Өкүнүп улам тездеши, Өмүр ал учкул кез дечи. Жазыксыз сүйүп калганга, Касыңдай мени эзбечи. Адамда ар сыр, кыял бар, Айталбайт аны уяңдар. Өчпөгөн көңүл чолпону, Өзүңө мендей улан зар. Дартыңды ачуу далалат, Даба тап, сүйүүм аманат. Суу бүркүп үмүт отуна, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Айтчы, секет, сендей асыл, сендей асыл жалжалды Ай периси апак төрөп, апак төрөп салганбы? Же жаңылыш жылдыздын бир, жылдыздын бир сыныгы Жымың эте жерге түшүп, жерге түшүп калганбы? Айтчы, секет, сендей назик, сендей назик кептерди Ким төрөгөн, гүл жыпарын, гүл жыпарын сепкенби? Же кокустан күндүн жалгыз, күндүн жалгыз тамчысы Күлпүң эте жерге, жерге түшүп калганбы? Чолпон сүрдөйт сулуулугун өчүрүп Андан ашкан Чолпон бардай, Чолпон бардай сезилет. Сымбатыңды сыдыргыга, сыдыргыга тарткандай Сезимиме жазып алдым, жазып алдым көчүрүп.
  • Сүйүүмсүң, сүйүүмсүң жүрөгүмдө чачылбаган, Сырымсың эч кимдерге ачылбаган. Жарыксың асманымда жанып турган, Жүрөксүң жүрөгүмдү кагып турган. Төрмөлөп, төрмөлөп өзүң үчүн калгам жолдон, Өмүрсүң өмүр бою арман болгон. Суктандырып көргөндөрдү таң калтырган, Сулуусуң бүт ааламды тамшандырган. Ыйыгым, ыйыгым, тумарымдай тагылгансың, Ырымдын эң акыркы сабындайсың. Сүйүүмсүң жүрөгүмдө чачылбаган, Жүрөксүң жүрөгүмө катып алган. Жарыксың асманымда жанып турган, Жүрөксүң жүрөгүмдү кагып турган.