Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалган Суйуу»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жер титирегенде, суу каптаганда Ар бирибиз кадимкидей пенде Адамгерчилик эн башкы тамга деп Эскерүү келип турганда (Эскерүү келип турганда, ) Аң сезимди оң бурганга (Аң сезимди оң бурганга) Сенин көздөрүң ачылат Өзгөрүү тамчылап Эң биринчи суусап Маданият, табият! Кайсыл катарда болоруңду танда Кайсыл сапаттар жоголуп адамда?! Адаттагыдай оролуп арамга Баратабыз айла жоктой акыр заманга Биз даяр болгондой! Бир өмүрдү толук колдонбой! Адашабыз чие жолдордой Өнүгүүсү жок-жок долбоордой Өзүбүз өзүбүздөн коргонбой! Алгалай бер кыргыз эл Азаттыктын жолунда! Өркүндөй бер, өсө бер Өз тагдырың колуңда! Бир дегенде көз ачтым Эки дегенде сүйлөдүм 3кө жетээр менен чачтым Кызыктуу тарыхты дүйнөнүн! Ар бир тилектен бир бата! Жаш зиректен бир бата! Тынчтык үчүн гана асманга Замбиректер атат Биздин аталар үчүн Апалар үчүн Өнүгүп өскөнгө себеп болгон каталар үчүн! Мен Барсбектин уулумун! Кылым каарыткан улутум! "Кыргыздар" ууругум! Күнүмдү тоспойт булутуң! Негееее? Десең, десең, десең! Мендееееее Эркин жүрөк согот эгер билбесең! Алгалай бер кыргыз эл Азаттыктын жолунда! Өркүндөй бер, өсө бер Өз тагдырың колуңда!
  • Олтурамын көлдүн жээгинде, Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт. Жеримдин кереметине Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага, Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына, Жашоого бир келген сенин жаныңа Жаңыдан көлдүн ыры жазылган. Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа! Издебегиң ал бутуңдун алдында. Үйдө талап жок кандай улутка, Сабыр менен орун берип унчукпа. Бүтүп калды баяным менин, Эшигиңди ачып кирип келди. Илгери илгери, өткөн күнүмдө, Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө! Дос балдарым менен эс алууга келип алып, Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып. Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына, Алакан менен жабат улам улам. “Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот! Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да.” Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?! Менимче азырынча жок, жок андай кез. Чечкен киши улуу баарынан дейт, Жок жок чоң атаңдай эмес! Кирбейт сыйкырчылардын катарына, Бир да жерден эч качан көрбөйсүң Ошондуктан шамалдай сез. Ал сенин ичиңде жашайт, Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда! Үчүнчү күн, Акыркы экинин дайыны жок экенин, Текке кеткенин мен эстей калып. Мына бүгүн Тез аракеттенип, саякатка берилип Кызыл өрүк жеп келем кубанып. Меймандуу адамдарга жолугамын, Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып! Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын, Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы. Жаман сөз болбосун деп, куттуу келген досум кеп Айтып ыраазычылыгыңды кааласан билдире кет да! Комуз черткенди билсең бип ирээт черт да! Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары. Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы? Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө, Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн. Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө, Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм! Көп кетирбей азыркы кезде катаны, Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа. Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып, Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына! Күн кайнаган кезде ысык жайда, Көлдү көздөй айда! Ызычуу кыйнаса кысып кайра, Көлдү көздөй айда! Кечээ келип баргың келсе кайта, Көлдү көздөй айда! Маанай менен акырындан жайдан, Көлдү көздөй айда!
  • Бүгүнкү күнүңдө, Кайрадан мен, тааныдыңбы үнүмдү? Маек болот азыр ар кандай нерселер жөнүндө. Айырмасы жок дос, жумушта үйдөсүңбү, Же жолдо жүргөн болсоң чаптырып күлүгүңдү. Өтө ылдам эмес, жай эрежени бузбай Баратканда достор чалат, “каерден чыга калайын?!” Жакындардын катарында буйуртса бакыт таалай. Ушундай эле дос балдарды мен силерге каалайм. Самат, Канат, Эрмек! Үч эркек Жүрөт эрмектеп, номер 2чи мектепти эстеп. Ар кандай кесипте айлыктарын эсептеп, Достурумдун 70 пайызы азыр Бишкекте. Кечээ бир ой келген, депутат болойун деген. Сизге болуп мага неге болбойт экен? Ой кенен. “Ооба, сиздики эң туура” - деп турган адам менен элиме жардам берем деп Кумтөрдү казам терең! Же болбосо жүрөгүм чыдабаса каргышка, Катышпайм ким биринчи байыйт деген жарышка. Кээбирлердей эмесмин суудай аккан акчага жабышкан, Андан көрө тынч картайып жүрөгү таза абышка болуп, бакытка толуп, Жаш кезде мас эмес деп соолуп, баары эң сонун, чыпчын ден соолук! Пайдасы менен өмүр сүрүп аксакалдай Ала Тоолук! Урушу жок дүйнөдө жашап кетүү жетет, мага болот! Же көптөгөн бүркүт көзмүн деген жигиттердей, Сүрөтчү болом, кыйраткан жумушту бийлик бербей. Укмуш кылам деп иштеп жатканда ийилип тердей, Сүрөттөн түшкөн акча жоголот экен бирдиктердей! Бирөө айтат айдоочу болсоң, аз басып көп толсоң! Жок! Күтө турсаң, биринчи жолдор оңолсун, Май арзаныраак болсун, андан соң Анан көрөбүз канчалык сен камсыздандырылгандардансың! Же мейли, мейли ойлонуп туруп бизнес ачамын, Бирок стартапка мен, каерден алам акчаны? Насыяны алам деген ой менен толтуруп баракчаны, Иш жүрбөсө өлдүм, күйдүм алып кетет ак халатчаны! Анда кеттик офиске, кереги жок бизге Кечке тиктеп көздү кыйнап түзүп жатсаң бир топ тизме. Тыныгууда тамака тойбой жок жерден ильхом издеп, Андай болуп кетсе бир четинен Жетигенде “Hip-Hop is Dead” Сага бир, мага бир миң сомго Добушуңду бер деп ким коротот миллионду?! Сол жактагы акчаны көп карабагың, саткын болбо азгырылбай акыйкатты эрчи оңго! Сен добуш бербесең сенин ордуна Добуш берет бирөө сөзсүз түрдө баардыгы оңой тура! “Өнүкпөйт бул, өзгөрбөйт бул” - деп жаткандан көрө Өзүңөр баргыла, добуш бергиле, кол койгула! Учабыз бийик акыйкаттын канатында, Биримдик, ынтымактын тарабында. Айтчуу сөзүм ачык айкын санатымда, Чындыкты бекем карма алакыныңда!