Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кка»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Олтурамын көлдүн жээгинде,
Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт.
Жеримдин кереметине
Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага,
Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына,
Жашоого бир келген сенин жаныңа
Жаңыдан көлдүн ыры жазылган.
Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа!
Издебегиң ал бутуңдун алдында.
Үйдө талап жок кандай улутка,
Сабыр менен орун берип унчукпа.
Бүтүп калды баяным менин,
Эшигиңди ачып кирип келди.
Илгери илгери, өткөн күнүмдө,
Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө!
Дос балдарым менен эс алууга келип алып,
Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып.
Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына,
Алакан менен жабат улам улам.
“Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот!
Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да.”
Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?!
Менимче азырынча жок, жок андай кез.
Чечкен киши улуу баарынан дейт,
Жок жок чоң атаңдай эмес!
Кирбейт сыйкырчылардын катарына,
Бир да жерден эч качан көрбөйсүң
Ошондуктан шамалдай сез.
Ал сенин ичиңде жашайт,
Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз!
Күн кайнаган кезде ысык жайда,
Көлдү көздөй айда!
Ызычуу кыйнаса кысып кайра,
Көлдү көздөй айда!
Кечээ келип баргың келсе кайта,
Көлдү көздөй айда!
Маанай менен акырындан жайдан,
Көлдү көздөй айда!
Үчүнчү күн,
Акыркы экинин дайыны жок экенин,
Текке кеткенин мен эстей калып.
Мына бүгүн
Тез аракеттенип, саякатка берилип
Кызыл өрүк жеп келем кубанып.
Меймандуу адамдарга жолугамын,
Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып!
Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын,
Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы.
Жаман сөз болбосун деп,
куттуу келген досум кеп
Айтып ыраазычылыгыңды кааласан билдире кет да!
Комуз черткенди билсең бип ирээт черт да!
Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары.
Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы?
Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө,
Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн.
Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө,
Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм!
Көп кетирбей азыркы кезде катаны,
Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа.
Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып,
Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына!
Күн кайнаган кезде ысык жайда,
Көлдү көздөй айда!
Ызычуу кыйнаса кысып кайра,
Көлдү көздөй айда!
Кечээ келип баргың келсе кайта,
Көлдү көздөй айда!
Маанай менен акырындан жайдан,
Көлдү көздөй айда!

Другие песни исполнителя:

  • Рики тики тави (Рики Тики Тави) Реггитон максимально валит. Бинго Бонго Адриано в зале, Челентано? Да, да, да видали! Иии ошо да! Это Сумасшедший вид танцев, Тырышпа у тебя трещит панцырь. Кыйт, кыйт, кыйт кытыгылагансыйт! Зыйт, зыйт! сенин денең буйтагансыйт! Бери кел кел качпа, Бул музыка ачка, Кайра тартат артка, Бутмөйүнчө тачдаун! Выигрыш не по очкам! Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат Она очень и очень хочет ближе к ночи Нарушает правила когда подводит очи Gucci Луи Fendy Prada койчэй На ней любая тряпка как бренд короче Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака ий Эгер көрөм десең бул жака жака тий Өзү Татынакай көзү бакыракай ийи Шаңдуу шаңдуу такай ички дүйнө жапайы иии Boom шакалака boom шакалака Ийй Эгер көрөм десең бул жака жака тий Күн өтүп барат, өтүп барат Караңгы түн дагы бизге жагат Сырларын ары бери төгүп чачып Өзүнөн өзү качып Бүгүн балким өзүн табат
  • Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Кез кезде, кез кезде, Мамилени тез тез кеспе! Баары мени жек көрөт жеке, Девечи жөнчү, жөнчү антпе! Же эмне? Жер сен үчүн тегеренгендей каадаланбай эле койчу(койчу). Азырынча жок небереңшдердей, эркелебей турчу, чонойчу! Мен жакшы - сен жаман! Сен жакшы - мен жаман! Эгерде мага мендей адам кезиксе мен ага сөзсүз жагам! Ойлобо анан, кереги жок мага садагаң, Азыр түшүнбөйсүң, түшүнбөсөң жанатан! акты издеймин карадан, Жол-жол-жол мына мына баратам! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин аккандай терим! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин менин аккандай терим! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Карасаң баары оппоңой, Турдуң, жуундуң уйку топтобой. Мүмкүнчүлүгүңдү жоктобой , Жылуу жылуу кийе кой-кой бортонойду Ар бирибиздин тагдырыбызда, Убакытыбыздын баардыгы кыска. Себеби жок тырышпа. Тыгылышпа, бери кара жылышка! Өнүккөндөргө туруп кол чабам. Өнүкпөгөндөр как минимум ошончо адам. Биринен бирине үмүттөнүп жол табам. Биринен бирине кичи көпүрөдөй 10 кадам!! Адамга такалба, такалган таштандыдай водоканалда. Акыл сөз макалда, сакалдуу гана эмес илимпоздордой аксакалда! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?!
  • Менин күнүм башталат кечинде Өзгөчөлөнүп 7де! Эки жакка мени чайкап жаткан Көңүлүмө баткан бул Селкинчек! Күнүм башталат кечинде, Обондун башкы бетинде, Эрчиген көлөкөм жок менин Секир Селкинчегиме! Секир селкинчегиме, секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой! Секир селкинчегиме! Секир селкинчегиме, Секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой ! Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Бирден келгиле, каалагандай күйлөнтүп, үйрөтүп Секиртемин мен селкинчегиме(анда эмесе кеттик)! Кана кимде баары жайында?(бизде) Кана кимде сулуу айымдар?(бизде) Кана кимде жылуу дайыма?(бизде) Эмнеге?(бизде)анткени(бизде) Кереги жок деймин айырма(бизге) Кышы же болбосо жайында(бизде) Ала Тоодой маанайыңа (изде) Менин күнүм башталат кечинде Өзгөчөлөнүп 7де! Эки жакка мени чайкап жаткан Көңүлүмө баткан бул Селкинчек! Күнүм башталат кечинде, Обондун башкы бетинде, Эрчиген көлөкөм жок менин Секир Селкинчегиме! Секир селкинчегиме, секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой! Секир селкинчегиме! Секир селкинчегиме, Секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой ! Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Ойлорум бир багытты көздөй кеткен, Биринчи болоорун бил чыкпайт көрүнбөй четке(демек) Тептең кетирилген эмгек текке, Кетпейт мына мен өзүм чектейм(ин) Суугарылбаган жериңе сеппейм(ин), эсептейм(ин) Чекпей жүргөндүн акылы китептей(би), Үмүтүңдүн баардыгы тилектей(би)? Ошондуктан ой максатына мен жет дейм(ин)! калба жетпей! Менин күнүм башталат кечинде Өзгөчөлөнүп 7де! Эки жакка мени чайкап жаткан Көңүлүмө баткан бул Селкинчек! Күнүм башталат кечинде, Обондун башкы бетинде, Эрчиген көлөкөм жок менин Секир Селкинчегиме! Секир селкинчегиме, секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой! Секир селкинчегиме! Секир селкинчегиме, Секир селкинчегиме, Жайдан ойлонбой ! Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме! Селкинчегиме (3раза) Секир селкинчегиме!
  • Сыгылган сезимди суулаган Жамгырга ишенбеген жайда Көз алдымда жылдыздай кулаган Жарыгың тең көрүнүп айга! Сылагым келет кучагымда Сага Арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет сага Жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Сен мени кечирбегенде Өзүмдү кантип кечирмек элем! Кумардын куйругун кызыгып эрчибегенде Кайсы катаны кетирмек элем! Сылагым келет кучагымда Сага арнап ырдагым келет кулагыңа Кандай бакыт кандай гана керемет! Сага жолукканым убагында! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт! Менин ар бир күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң үчүн күнүм сен! Эң эле эң аруу таза сезимден Мага дем берилген! Ошол заматтан бери мен Кетирбегем алыска сени эмитен Өмүргө тең болгонуң билбесең! Келээриң менен мен тегеренбей Мээримиңден жер ээлегендей! Себеби кенен себелегендей Сенин аруузатың тебеленбейт!