Казахские песни Узбекские песни

Песня «Акыйкат»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Алар жок-жок! Жок-жок!
Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Алар жок-жок! Жок-жок!
Кара жок-жок! Жок-жок!
Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК!
Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК!
Алар жок-жок! Жок-жок!
Акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК!
Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК!
Алар ЖОК-ЖОК!
Мисалы менде баары жакшы ооба, сенде баары сонун
Эң эле начар жашаганды ойлонсоң
Кызматтан эмес адамдык сапаттан сыйлап келем чоңун
Балким өкүл атаң үчүн жетекчи болгонсуң
Ооба, ооба сонун жерибиз бар бирок элибизчи
Жерибизге татыктуубу айтып бериңизчи
Чала аткарып жарандык милдетиңизди
Бийликке шылтап, мен эмесмин дедиңизби!
Ооба ооба сиздин күнөөңүз бул жерде жок, жок, жок тура!
"Кыргызмын" деп көкүрөккө сок сок соккулап
Тили узун коён жүрөк коркоктор булар
Тыйын үчүн бири-бирин токмоктоп турар!
Ооба кээде болот мээбизге жетишпейт
Жеп жутуп жашаган эң негизги этиштей
Канча деген адам кана кимиңерге тепкичтей?!
Билбейм бирок билем
Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК!
Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК!
Алар ЖОК-ЖОК!
Акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК!
Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК!
Алар ЖОК-ЖОК!
Мисалы менде баары жаман, сенде начар андан дагы
Экөөбүз Кудайдын каргышына калгандай
Башкалардыкын укканда айта турчу армандарын
Бакыт берген жакка эң акыркы баргандай!
Бизге жетпеди деп байкуштун кейпин кийбе
Ырысыңды өзүң тап, бөлөктөрдүкүнө тийбе
Меники музыка, азырынча маданийде
Кулагыңа кыйнап сайылбаган ийне!
Же тескеринче, кээ бирөөнүн мээсин жеп
Мага жакпайт берегирээк турамын колдон келишинче
Же тескерисинче, мага бери келсинчи де
Акыркы айта кетчүү сөзүм менин
Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК!
Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК!
Алар ЖОК-ЖОК!
Акыйкаттын ачык күндөрү
Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК!
Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК!
Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК!
Алар ЖОК-ЖОК!

Другие песни исполнителя:

  • Бир күнү жөнеле ой келди мага Буга чейин айтылбаган Укпай эле кой жазганымдын маңызы болсо жалган Бекер убакытты алсам Эгер түшүнбөй калса Жоок андай болушу деле Мүмкүн эмес угармандарда Жакпаса котор аласаң жок болсо бул жерде Ооба мен күнөөлүү болойун мээңе жетпесе! Ооба мен күнөөлүү болойун эгерде теппесе Өзүңдү кыйнаба чоңойтуп алып эки эсе! Өмүр бою ушул рэп менен Акча табып келет деген Ойуң болсо кой антип ойлобогуң Акча тапкан деле эмесмин кыйналбай эсептесем Кээ бир кезде болду, кээ бир кездерде болбоду! Бирок антип жанымды багайын деген ойум жок Ала тоонун чокусуна барайын деген эле боюнча Кыймылдап жүрөмүн, жазам, тамашалап күлөмүн, жазамын Эң башкы суроо жүрөгүм тазабы ыя? Кээ бирлерге караганда таптаза болбосо дагы Көзүм бар кезде тазалаганга убакыт бар Ушунча идеал болуп калп айтпаган жолдосуңарбы Жаманы жок болгонсуп сын тагып жүргөн адамдар! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Эмгек сиңирген артист болбосом да (ай ай) Жетет мени чын жүрөктөн колдосоңор (ай ай) Кургап кетпегиле суу акпай калган сайдай Жашаш керек кедей көрүнсөң дагы байдай! Сөздү алыстатпай, ачыгын айт катпай Сынасың калпты көтөрө албаган бутактай! Болгону болгондой суйлөп Бекем алып жүр өзүңдү сатпай Кымбаттатпай, сактай! Менин жашоом менин өмүрүм(де) Бүт баарынан ашам деп эле жүрөм Биринчи же акыркы боломун деген сөзүмөн Биринчи биринчи биринчи боломун деп өтүнөм! Өрттөнөм, өрттөнгөнүмдү көрө электер көптөгөн! Жөнеле сап тизгенимди же болбосо төкмөдөн Обонум элди топтоп эч качан үркүтпөгөн Өйдө бийик учуп жүргөн кезимде бүркүттөрдөн! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?! Кандай болбосоң дагы Өзүң болсоң баары Баары болот өз ирээтинде Көңүлүңө жакканды Күндө кылып жатканда Айтчы башка иштин кереги эмне?!
  • Салам алейкум Сен ким боломун дедиң эле? А? Кичинекейиңде Кана дагы бир ииий Азыр иштейсиңби ошол жериңде?! Жан дүйнөң жактыргандай Өзүң дагы бериле! Башкы максат жакшы тапса Эмгек актап ташып жатса Аз келгенсип аздан катса Кам санамай жок, санамай акча! Бүгүн алып, эртең сатсаң Түшөт пайда табылмактан Жүгүрүп барып бекем каксаң Түшөт алма алмабактан! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Юрист, экономист Дипломуң балким үйдө Rest In Peace! (Оомин) Mиллион доллар приз Please берчи Мr. Beast Кандай сонун болмок деп Кээде кээ бирөөбүз кыялдана беребиз! Бирок аны күтпөй, муну күтпөй Иштеп ак эмгек менен аппак сүттөй Тердейли, эс алалы "ң" деп сүткө тойгон күчүктөй Мүнөзүңдү өзүң үтүктөй Баштаганың үчүн көтөрө алган жүктөй! Эки эле жол жашаганга Жеңилдиктей же түйшүктөй дос! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Кесипти тандаганда жүрөктү тыңша э?! Болгон майын чыгарып алайын дегидей Сага кызмат камдалганда эптеп-септеп кылба э? Адал эмгек менен адал тамак жегидей! Бирок эң башкы кесип Жогорку катардан Мен экенмин, сен экенсиң! Адам болуп аталган! Кыялыбыз ар кандай ооба билемин таңгалбайм, (таңгалбайм!) Жайнаган жандардай аралашкандай, (аралашкандай) Эмне болсо да баарыбыз тилегибизге Жеткендей жашайлы! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам! Тээтиги Кыялымды көздөй баратамын жылдан жылга! Тетири Бурбаймын, тандадым, күйлөндүм ылдам-ылдам!