Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кандидатор»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Илгери илгери, бир саясатчы жөнүндөгү сөзүм белгилүү жомоктой.
Угулушу күлкүмүштүү кээде, бирок көпчүлүгүндө мааниси кошоктой!
Анткени, бул байкенин бай экени
Билинген деле эмес буту бар чолоктой.
Ак үйдөн бери чыгып жолдо жолуккандын баарын алдап кетти тоголоктой колобоктой!
Мен эгерде губернатор болгондо,
Эң биринчи көңүл бурам жолдорго!
Мен эгерде депутатың болгондо,
Иштеп берем азгырылбай сомдорго!
Мен эгерде министириң болгондо,
Аракет кыламын тез оңолгонго!
Мен эгерде президент болгондо,
Аэропортко жолобойм жоголгонго!
Жөнөкөй жаран болгондуктан,
Шылтоолоруңуздан биртоп уккам!
Чындык чымчыктай учпайт оозуңуздан,
Көйнөк таза бирок жолуңуз чаң!
Же калпбы? артка тартты каада салт
Же жалпы кыргыз калкым өнүккүсү келбей калыптыр, чирип тарыхы, төгүлүп чачылып тамчылап чогулткан мурасынын баркы!
Мен Мектеп куруп берем бала бакчадан,
Эптеп туруп эле чала баштасам!
Мага Тендер менен которулган акчадан,
100дөн беш пайызы өзүн өзү актаган!
Мен да карапайым элдей,
Өтө көп термелбей, өсүп келгендей
Мен дагы биртууганым сендей,
Өлө тердейм элим учун түтөп берген керней!
Өлүп кетейин! Мен паракор эмесмин, өлүп кетейин!
Ишеничиңерди бергилечи мага дал ошондой адамдарды кармап, бирден камап түбүнө жетейин!
Нан урсун(Нан урсун) өлүп кетейин!
Казынанын эсебинен алып балдарымды чет өлкөгө эч качан жибербейм.
Кыргыз элим жок, жок, жок мен антпейм! Себеби...
Мен эгерде губернатор болгондо,
Эң биринчи көңүл бурам жолдорго!
Мен эгерде депутатың болгондо,
Иштеп берем азгырылбай сомдорго!
Мен эгерде министириң болгондо,
Аракет кыламын тез оңолгонго!
Мен эгерде президент болгондо,
Аэропортко жолобойм жоголгонго!
Оңой жумуш сенин эле акчаңа,
жардамга аба менен учуп барганга сага!Болду эми анча арданба,
Мендей саясатчы сендей менен тандалган!
Бирок кеч эмес өзгөртүүгө баарын,
Бизди кетирбесең кетирет балдарың.
Же кетирбейби? Мен билбеймин.
Көргөн эмесмин кантип тарбияланганын!
Маселенин башындагы сенсиң, аягында мен,
Жетишинче жеп кеткен,
Ар бир эркектен ийгиликтүүрөөк болуш үчүн, добуш үчүн баарыңарга жем сепкем!
Менин элим, менин жерим,
Мени колдоп жаткан байкелерим, силерге таазим терең!
Менин элим, менин жерим, салык төлөп
Үй-бүлөөмдү бакканыңды эч бир унутпай келемин!
Мен эгерде губернатор болгондо,
Эң биринчи көңүл бурам жолдорго!
Мен эгерде депутатың болгондо,
Иштеп берем азгырылбай сомдорго!
Мен эгерде министириң болгондо,
Аракет кыламын тез оңолгонго!
Мен эгерде президент болгондо,
Аэропортко жолобойм жоголгонго!

Другие песни исполнителя:

  • Жети Жолу Азыркы даяр жайнаган мүмкүнчүлүктөрүмдү көрүп Кыла берейин э токтоп калгыча жүрөгүм Күндө кыштын суугун сезбегендей өрттөнүп Жаныман сууруп чыгарып жазган РЭП үчүнчү бөлүк! Жок эле дегенде классташым 30га чыгып Жегениме хип хоптун как башын 12чи жылы! Билесиңби канчалык терең сыйкырчылыгым? Жакын турчу бери көргөзөйүн кыргыз рэптин сырын (ай!) Бакырбай, акырын айтып шашпай Чыда-чыда деген көз караштай Өтө бай болсоң да акчада эч адашпай Сакага кытты куйгандай кулакка сай! Деги эле жок дебе! мыкты адамдарды бизде жок дебе! Ошол эле адамдар болот кээде топ тебет! Бири бийлейт, бири бит кылат, бирине бит бокс жетет! Ичибизден чыккан бир балее экен хип хоп деген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Көп ойлонсоң башкалардын ойу жөнүндө Абдан катуу тийчү сөздөр алып коет көңүлдү Кепти үлгүрөмбү бүтүргөнгө же өлөмүнбү?! Токтото туррррр андай ой жүгүрткөнүңдү! Менин балдарым ачка калаарын каалабагын эч Дегенсип күн тийбес болгон балачагым дебечи! Цой сезгениңди кой дейм өзүңдү кечке Эркекче бирөөдөй болуп жүргөндү жактырбастыр эч ким! Псевдорэптин пачагын чыгарып бет ачаарындагы (жанагы) Мыкты аткаруучулардын начар ырларын! Билгендей баарын, өзүн көрүп чебер катары Көпчүлүктө мындайлар кылбай күтөт качан жылаарын! Соо караймын көп нерсеге ишене бербеймин Чегип алган Че Геварадай чеги менен! Такалаган эшегим жок эми! Fuck u Pay me! Шыгым болсо да демек мага бекерден берилбеген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем!