Казахские песни Узбекские песни

Песня «Терметет»
исполнителя 7gen.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Алар жок-жок! Жок-жок! Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Алар жок-жок! Жок-жок! Кара жок-жок! Жок-жок! Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар жок-жок! Жок-жок! Акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Мисалы менде баары жакшы ооба, сенде баары сонун Эң эле начар жашаганды ойлонсоң Кызматтан эмес адамдык сапаттан сыйлап келем чоңун Балким өкүл атаң үчүн жетекчи болгонсуң Ооба, ооба сонун жерибиз бар бирок элибизчи Жерибизге татыктуубу айтып бериңизчи Чала аткарып жарандык милдетиңизди Бийликке шылтап, мен эмесмин дедиңизби! Ооба ооба сиздин күнөөңүз бул жерде жок, жок, жок тура! "Кыргызмын" деп көкүрөккө сок сок соккулап Тили узун коён жүрөк коркоктор булар Тыйын үчүн бири-бирин токмоктоп турар! Ооба кээде болот мээбизге жетишпейт Жеп жутуп жашаган эң негизги этиштей Канча деген адам кана кимиңерге тепкичтей?! Билбейм бирок билем Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Мисалы менде баары жаман, сенде начар андан дагы Экөөбүз Кудайдын каргышына калгандай Башкалардыкын укканда айта турчу армандарын Бакыт берген жакка эң акыркы баргандай! Бизге жетпеди деп байкуштун кейпин кийбе Ырысыңды өзүң тап, бөлөктөрдүкүнө тийбе Меники музыка, азырынча маданийде Кулагыңа кыйнап сайылбаган ийне! Же тескеринче, кээ бирөөнүн мээсин жеп Мага жакпайт берегирээк турамын колдон келишинче Же тескерисинче, мага бери келсинчи де Акыркы айта кетчүү сөзүм менин Сен издеген акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК! Акыйкаттын ачык күндөрү Бул жерде менимче кара, ЖОК-ЖОК! Күбөлөрүң келгиче алар ЖОК-ЖОК! Көрсөтмөлөрүн бергиче алар ЖОК-ЖОК! Алар ЖОК-ЖОК!
  • Бүгүнкү күнүңдө, Кайрадан мен, тааныдыңбы үнүмдү? Маек болот азыр ар кандай нерселер жөнүндө. Айырмасы жок дос, жумушта үйдөсүңбү, Же жолдо жүргөн болсоң чаптырып күлүгүңдү. Өтө ылдам эмес, жай эрежени бузбай Баратканда достор чалат, “каерден чыга калайын?!” Жакындардын катарында буйуртса бакыт таалай. Ушундай эле дос балдарды мен силерге каалайм. Самат, Канат, Эрмек! Үч эркек Жүрөт эрмектеп, номер 2чи мектепти эстеп. Ар кандай кесипте айлыктарын эсептеп, Достурумдун 70 пайызы азыр Бишкекте. Кечээ бир ой келген, депутат болойун деген. Сизге болуп мага неге болбойт экен? Ой кенен. “Ооба, сиздики эң туура” - деп турган адам менен элиме жардам берем деп Кумтөрдү казам терең! Же болбосо жүрөгүм чыдабаса каргышка, Катышпайм ким биринчи байыйт деген жарышка. Кээбирлердей эмесмин суудай аккан акчага жабышкан, Андан көрө тынч картайып жүрөгү таза абышка болуп, бакытка толуп, Жаш кезде мас эмес деп соолуп, баары эң сонун, чыпчын ден соолук! Пайдасы менен өмүр сүрүп аксакалдай Ала Тоолук! Урушу жок дүйнөдө жашап кетүү жетет, мага болот! Же көптөгөн бүркүт көзмүн деген жигиттердей, Сүрөтчү болом, кыйраткан жумушту бийлик бербей. Укмуш кылам деп иштеп жатканда ийилип тердей, Сүрөттөн түшкөн акча жоголот экен бирдиктердей! Бирөө айтат айдоочу болсоң, аз басып көп толсоң! Жок! Күтө турсаң, биринчи жолдор оңолсун, Май арзаныраак болсун, андан соң Анан көрөбүз канчалык сен камсыздандырылгандардансың! Же мейли, мейли ойлонуп туруп бизнес ачамын, Бирок стартапка мен, каерден алам акчаны? Насыяны алам деген ой менен толтуруп баракчаны, Иш жүрбөсө өлдүм, күйдүм алып кетет ак халатчаны! Анда кеттик офиске, кереги жок бизге Кечке тиктеп көздү кыйнап түзүп жатсаң бир топ тизме. Тыныгууда тамака тойбой жок жерден ильхом издеп, Андай болуп кетсе бир четинен Жетигенде “Hip-Hop is Dead” Сага бир, мага бир миң сомго Добушуңду бер деп ким коротот миллионду?! Сол жактагы акчаны көп карабагың, саткын болбо азгырылбай акыйкатты эрчи оңго! Сен добуш бербесең сенин ордуна Добуш берет бирөө сөзсүз түрдө баардыгы оңой тура! “Өнүкпөйт бул, өзгөрбөйт бул” - деп жаткандан көрө Өзүңөр баргыла, добуш бергиле, кол койгула! Учабыз бийик акыйкаттын канатында, Биримдик, ынтымактын тарабында. Айтчуу сөзүм ачык айкын санатымда, Чындыкты бекем карма алакыныңда!