Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн?»
исполнителя Бегиш.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айтчы, сен белең мени жашоодо күткөн?
Айтчы, сени издеп ааламды айланып бүткөм?
Мага бүт көңүлүм сен,
Мага бүт өмүрүм сен.
Өзүңдү элестетсем, мээримдей төгүлүп сен,
Айтчы, сен белең, мени жашоодо күткөн?
Эй, досум, карачы, жерге тийбей басканын,
Жүр, артынан ээрчийличи карабастан башканы.
Узун чачтары, артка ташталып,
Сүйүп калдым деп айтпаймын.
Балким кетет башталып,
Жакын барып таанышып.
Бирибизге жагышып,
Көз караштар алышып.
Жылдыздардай жанышып,
Уялбастан карачы.
Мен кыргыздын баласы,
Кадамымды саначы.
Толук ыктымал менин барышым,
Кантип мен мынча жыл.
Бир өзүңдү таппадым?
Кантип сендей сулуу,
Көз алдымдан баспады?
Тартип сенде бар экен,
Бүт аалам сага зар экен.
Тартынба айтуудан,
Катылган сырлар бар экен.
Кайырма:
Жанып турган сезимимдин,
Козголгонун карачы.
Жагып калдың, бул чындык,
Сен колумду кармачы.
Кетели, бирге жашоо жолунда,
Сени менен өмүр сонундай.
Мени эгер жактырсаң,
Бирге түшөлү сүйүү торуна.
Бекем кысып боорума,
Мен кармаймын колуңдан.
Даяр бол, бирге болууга,
Адашпайсың жолуңдан.
Мен сен деп, сен мен деп,
Жетели бакыттын соңуна.
Ишенсең мен да ишенем,
Суроом бар сенин жообуңа.
Айтчы, барбы бирөө?
Сени ойго салган күндө?
Уктатпай, күн батпай, сенин сезимдериң жүдөп?
Болсо эгер ошондой жигит,
Бузууга менин акым жок.
Болсом деймин оюңда сенин,
Күтөмүн сенден анык жооп.

Другие песни исполнителя:

  • Жарык келечек тандайм десең Жаштар бөлүнбөгүлө кел бир бол Өнүккөн өлкөдө жашайм десең Бир жакадан баш бир жеңден кол Алга басууга бар экен бир жол Бөлүнбөйлү бир тууганым бир бол Келечек жаштардын колунда Жаңы муун адилеттин жолунда Кантип кантип деген суроолордун Бир болуп анык жообун тап Акыйкат үчүн колуң чап Калп айткандардын оозун жап Элиңдин мээнетин жегенди Убакыт өзү ылгайт бат Жетишет бизге кыйноолор Калп эле тарткан кинодой Калп айтып жаткан башчылар Мас кылган арам винодой Жетишет бизге бир долбоор Түз жолдун ийзин тапканга Жетишет бизден кыйноолор Камалып калат капканда Кыргызымдын тагдырына жамгыр төгүп жаткандай Күндүн нуру алыс болуп алыстарга баткандай Шайтан менен кол алышып ыймандарын саткандай Чатыры жок эл журтумдун жеп жатышат каткан нан Билимдүүлөр чет өлкөдөн жылуу уя тапкандай Билимсизди бир бөлмөдө караңгылап жапкандай Учур менен пайдаланып чоңдор акча каткандай Кедейлердин жашы менен козу кошо аккандай