Казахские песни Узбекские песни

Самара Каримова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Самара Каримова

  • Ар бир жандын аман болсун апасы, Чексиз бакыт апалардын батасы. Ойлой берем ишимде да, үйдө да, Апакемдин болбосо деп капасы. Арылбаган ырыскынын кемеси, Ар бир жандын эсен болсун энеси. Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен, Тоодой кубат жанда жүргөн элеси. Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган, Балалыкка булбул кушу сайраган, Баргым келет, баргым келет апама, Балтыр бешик бала болуп кайрадан.
  • Дербиштей дүйнө кезип, Көксөгөн жарым кылым. Кыйырыңа көзүм жетпес, Бакыттын даамы сендей. Кайырма: Илебиң эс тандырган, Жүрөккө от жандырган. Тирүүлүк баары сендей, Жашоонун шаңы сендей, Сүйүүнүн даамы сендей, Баары сендей. Өчпөгөн үмүт калып, Өмүрдүн жылгасында. Буйрубай кайчы өткөн, Армандын даамы сендей. Кайырма: Төрт мезгил карек салып, Күн-түнү шыбырт тыңшаар. Эзилип жол караган, Күтүүнүн даамы сендей. Кайырма:
  • Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге, Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде. Ак толкун болуп, ак шоокум болуп, Көрүнчү мага, периштем. Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди, Түндүктүн суугу турганда каптап денемди. Аскарым болуп, ак жалын болуп, Жылытчы мени, периштем. Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан, Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна. Карекке конуп, үмүтүм болуп, Жанымда турчу, периштем. Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп, Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп. Ак таңым болуп, ак шамым болуп, Түшүмө кирчи, периштем.
  • Көрүнүп көзгө дапдайын, Көчөдө жалгыз ак кайың. Жалдырап турат сумсайып, Кар басып бутак, шактарын. Жалдырап турат сумсайып, Кар басып бутак, шактарын. Ал эстейт жайдын кечтерин, Адырды гүлдөр сепкенин. Кыз-жигит келип түбүнө, Кыналып турган кездерин. Кыз-жигит келип түбүнө, Кыналып турган кездерин. Көңүлгө көңүл кезигип, Көңүлдөң көңүл эзилип. Какканы эки жүрөктүн, Кайыңга турчу сезилип. Какканы эки жүрөктүн, Кайыңга турчу сезилип. Ак карлуу карды жамынып, Аяздан күчөп камыгып. Жалдырап турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып. Жалдырап турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып. Сумсайып турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып.
  • Көксөгөн кышта жүрөгүм, Көктөмдү гана саамайт билемин. Жайнаган кызыл гүл көрсөм, Жаштыктын сеземин илебин. Жан дүйнөм кошо жашарып, Жазда бар гана кирсиз тазалык. Жыпар жыт майдын деминен, Жыргабайт кимдери наз алып. Сулуулук жаздан жаралып, Сулуулук барда койгон таралып. Алдыман кетпей тартылат, Алыстап калган балалык.
  • Бакытты эмне десем, баланын өзү тура. Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура. Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам. Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам, Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам. Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам. Сен менин алтынымсың Медерим, таалайымсың, Айланып кетейиним Сен менин бакытымсың Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
  • Балалыгымда шок кыз элем, Апамдын сөзүн укпайт элем. Балдарды, кыздарды коркутуп, Классыбыздын көзүрү элем. Ойноп-күлүп ал күндөр өттү, Дарактар саргайып күз өттү. Ошондогу эң биринчи кат, Жүрөгүмдө сүйүү ойготту. Кайырма: Классташым, классташым, Кайдасың, менин классташым? Жандашым, жандашым, Классташым, классташым, Кайдасың, менин классташым? Класстын эшиги чоң ачылып, Кирип келди жаңы классташым. Кар жылтырап кирпиктеринен, Эсимде калды көз карашың. Жылдар өттү, өттү балалык, Сүйүүбүздү сактай албадык. Бирок жааганда биринчи кар, Классташымдан мен күтөм кабар. Кайырма:
  • Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой, Оо, Жараткан суранычым угуп кой. Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр! Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой, Оо, Жараткан жалынычым угуп кой. Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр! Жаратканым өтүнүчүм угуп кой, Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой. Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды сактай көр! Ата-энемди, бир тууганды сактай көр! Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
  • Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым, Тургуздум махабаттын пайдубалын. Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып, Долондон канатымды кайрып алдым. Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн, Келээрмин аман болсом да бир көксөө. Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп, Баратам бакыт издеп Памир көздөй. Сен эзсен кусалыкка сезимимди, Жаздагы салкын желден, кабар улай. Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан, Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына. Жээгине жалгыз келип байыр алдым, Тургуздум махабаттын пайдубалын. Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып, Долондон канатымды кайрып алдым.
  • Өзүңдү сүйгөн күнөмбү, Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Махабат гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Адамда ар сыр кыял бар, Айта албайт аны уяңдар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Дартымды аччу далалат, Арга тап сүйүүм аманат. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Айылды бүгүн эскердим, Ак шамдар жанган кечтерин. Апакем уй саап короодо, Адырдан ойноп кеч келдим. Кайырма: Апакем кайда? Мен кайда? Адырлуу, жашыл төр кайда? Убакыт өтпөй табышмак, Уктабайм түндө далайга Жоругу тентек балдарбыз, Жоогазын терип алганбыз. Жок дүйнө менен алышып, Жомокто жашап калганбыз. Кайырма: Айылды бүгүн эскердим, Ак шамдар жанган кечтерин. Апакем уй саап короодо, Адырдан ойноп кеч келдим. Кайырма: