Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ажаб-ажаб»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ай сулуу кыз аткан таңдай, Көңүл учту сага карай, Карайм карегимди албай… Тилегиңиз жанга дос бекен? Жүрөгүңүз али бош бекен? Кечиктимби мен ай, билемин кандай? Баатыр жигит болчу Абай, Сендейлерди көргөм далай. Анча, ашыкпаңыз андай… Жүрөк ээси болуу урмат го, Аны ачуу сизге кымбат го, Ачкычын да албай, Ачасыз кандай? Кайырма: Ачып алам, оңой жолу керек, Ашык адам тапкыч болуу керек. Максаттарын бийик коюу керек, Эки жүрөк бирдей согуу керек. Көзүңүздү жатка ыйгарбай, Өзүңүздү бекер кыйнабай. Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге! Кабагыңа конгон Күн-Ай, Карегиңе толгон чырай, Сени шүгүр берген Кудай. Сезимиңди арнап келсең ай, Эркелеген менин эркем ай. Бакытты далай, көрөлү ары карай. Эркелетип эчен курдай, Кылыгыма жүрсөң чыдай, Бактылуу боломун тынбай. Сен болосуң менин шерим ай, Мен болоюн сенин теңиң ай, Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай. Кайырма: Ары жагы биздин багыбыздан, Арылалы жалгыз жагыбыздан. Сагыналы ойлоп таңыбыздан, Табылалы дайым жаныбыздан. Көзүбүздү жатка ыйгарбай, Өзүбүздү бекер кыйнабай, Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
  • Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой, Оо, Жараткан суранычым угуп кой. Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Жөлөп турган, тиреп турган тирегим, Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр! Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой, Оо, Жараткан жалынычым угуп кой. Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө, Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр! Жаратканым өтүнүчүм угуп кой, Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой. Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды аман кой. Оо, Жараткан, сактай көр! Оо, Жараткан, сактай көр! Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун, Ай чырайлуу балдарымды сактай көр! Ата-энемди, бир тууганды сактай көр! Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!