Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бололу бирге»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай сулуу кыз аткан таңдай,
Көңүл учту сага карай,
Карайм карегимди албай…
Тилегиңиз жанга дос бекен?
Жүрөгүңүз али бош бекен?
Кечиктимби мен ай, билемин кандай?

Баатыр жигит болчу Абай,
Сендейлерди көргөм далай.
Анча, ашыкпаңыз андай…
Жүрөк ээси болуу урмат го,
Аны ачуу сизге кымбат го,
Ачкычын да албай,
Ачасыз кандай?

Кайырма:
Ачып алам, оңой жолу керек,
Ашык адам тапкыч болуу керек.
Максаттарын бийик коюу керек,
Эки жүрөк бирдей согуу керек.
Көзүңүздү жатка ыйгарбай,
Өзүңүздү бекер кыйнабай.
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Кабагыңа конгон Күн-Ай,
Карегиңе толгон чырай,
Сени шүгүр берген Кудай.
Сезимиңди арнап келсең ай,
Эркелеген менин эркем ай.
Бакытты далай, көрөлү ары карай.

Эркелетип эчен курдай,
Кылыгыма жүрсөң чыдай,
Бактылуу боломун тынбай.
Сен болосуң менин шерим ай,
Мен болоюн сенин теңиң ай,
Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай.

Кайырма:
Ары жагы биздин багыбыздан,
Арылалы жалгыз жагыбыздан.
Сагыналы ойлоп таңыбыздан,
Табылалы дайым жаныбыздан.
Көзүбүздү жатка ыйгарбай,
Өзүбүздү бекер кыйнабай,
Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!

Другие песни исполнителя:

  • Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
  • Жайлоолоп боз үй тикпесе, Жадырап кымыз ичпесе. Ошол да тоолук кыргызбы? Ардактап кары күтпөсө. Кайырма: Кыр-кырда жылкы кишенеп, Казанда турбаса бышкан эт. Ошол да тоолук кыргызбы? Балдары минбесе, небере минбесе кысырек. Кыздары беш көкүл өрбөсө, Конокко кой союп бербесе. Ошол да тоолук кыргызбы? Калпагын башка кийбесе. Кайырма: Көздөрү жалдырап жылдыздуу, Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу. Чолпондой ажары жанбаса, Айтчы ошол тоолук кыргызбы? Кайырма: