Казахские песни Узбекские песни

Песня «О Жараткан сактай кор новая версия»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой,
Оо, Жараткан суранычым угуп кой.
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр!
Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой,
Оо, Жараткан жалынычым угуп кой.
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!
Жаратканым өтүнүчүм угуп кой,
Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой.
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды сактай көр!
Ата-энемди, бир тууганды сактай көр!
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!

Другие песни исполнителя:

  • Билбейм кайдан жаралгансың сен мага? Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай. Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан, Башкалардын миңи сага татыбай! Же болбосо сен жаралып мен үчүн, Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң. А болбосо, айтчы, жаным, эмне үчүн, Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң? Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө, Ал түн мага сени эскерткич белектей. Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй, Мен көрүүгө сенин көзүң керектей. Уктаганда сенин уйкуң менде бар, Ойлорум да ойлоруңа киришкен. Сен экөөбүз эки сандай барабар, Сен экөөбүз эки суудай бириккен. Биз экөөбүз эки сандай барабар, Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
  • Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
  • Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым, Тургуздум махабаттын пайдубалын. Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып, Долондон канатымды кайрып алдым. Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн, Келээрмин аман болсом да бир көксөө. Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп, Баратам бакыт издеп Памир көздөй. Сен эзсен кусалыкка сезимимди, Жаздагы салкын желден, кабар улай. Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан, Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына. Жээгине жалгыз келип байыр алдым, Тургуздум махабаттын пайдубалын. Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып, Долондон канатымды кайрып алдым.