Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кымбатым»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Алдаба куру бекер сөзүң менен Ансыз да жалыныңа күйүп келем Ашыктык ак шооласын чачкан болсо Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем Элесиң эске түшсө эрке жансың Энчилеп жүрөгүмдү ээлеп алдың Көз караш күлмүңдөгөн сезим менен Күнөөсүз жүрөгүмдү эзип салдың Алдаба куру бекер сөзүң менен Ансыз да жалыныңа күйүп келем Ашыктык ак шооласын чачкан болсо Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем
  • Ал мезгил менин эсимде, Али да сонун сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Сүйүү оту жанса көзүңдө, Сүйүнүч турса өзүңдө. Сабактан бошоп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Чырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Диплом алдың, сөз бердиң, Алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн кезинде. Ашыкпа дедиң, той болот, Алтынчы күнү кечинде.
  • Караймын көлдүн өйүзүн, Кыйын го сени көрүшүм. Кыйноону тарткан жүрөктүн, Ачкычы, ачкычы жалгыз өзүңсүң. Олтурам көлдүн боюнда, Ойлор көп менин оюмда. Кумдан көп ойго чөктүргөн, Кымбатым, кымбатым, сенсиң оюмда. Шилеймин көлдүн кумдарын, Таркабай сенден кумарым. Ачкычы сенсиң жүрөктүн, Келсеңчи, келсеңчи, букет сунайын.
  • Окшоштурсам сага гүл өңүн, Азыктанат көпкө жүрөгүм. Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн, Ырахаттуу өмүр сүрөмүн. Жылмайыңкы жылуу карасаң, Көңүл эргип жибип баратам. Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт, Бир сүйүүдөн бүткөн арашан. Көңүл черин үмүт уялап, Албууттанып, жүрөк уялат. Сырга терең курчтук сыйбаган, Кайдан бүттү мага бул адат? Жүрөк бетин чексиз сыялап, Неге болдуң мынча кыянат? Билбей жүрөм сырдын түйүнүн, Же чыкпайбы, жаным, тыянак?