Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тугойум»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Окшоштурсам сага гүл өңүн,
Азыктанат көпкө жүрөгүм.
Шаңкылдаган шайыр күлкүңдөн,
Ырахаттуу өмүр сүрөмүн.

Жылмайыңкы жылуу карасаң,
Көңүл эргип жибип баратам.
Жүрөгүмдө кайнап буу бүркөт,
Бир сүйүүдөн бүткөн арашан.

Көңүл черин үмүт уялап,
Албууттанып, жүрөк уялат.
Сырга терең курчтук сыйбаган,
Кайдан бүттү мага бул адат?

Жүрөк бетин чексиз сыялап,
Неге болдуң мынча кыянат?
Билбей жүрөм сырдын түйүнүн,
Же чыкпайбы, жаным, тыянак?

Другие песни исполнителя:

  • Аттанган туулган жер үчүн, Аттанган кутман эл үчүн. Гүл коюп, эскер, ыйлап ал, Уулуңар, жоокер эл үчүн Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Жан берип кандуу кармаштан, Кайткан жок, кайра батыштан. Эстелик болду эми алар, Түбөлүк отту жагышкан. Кайырма: Тосушуп таңды атарда, Узатып күндү батарда. Түбөлүк тирүү турушат, Уулуңар биздин катарда.
  • Көл жээгинде ойлуу турам, Ташты ургулайт толкундар. Толкун болуп тарап кеткен, Жандай ынак курбулар. Көргүм келет көзүңөрдү, Жаштык жанган, от жанган, Куса болуп карай берем, Ордуңарды бош калган. Кыял күткөн кызык күндөр, Калды алыс-алыста, Башка-башка жолдор менен, Кеттиңерби алыска? Оо, курбулар, сагындырган, Ар бириңди эстеймин, Жылдыз сымал жанып турган, Ал күндөрдү эңсеймин. Жүрөбүз деп ойлогонбуз, Түбөлүккө айрылбай. Ар ким издеп өз бактысын, Кеттик достор кайрылбай, Көргүм келет көзүңөрдү, Жаштык жанган, от жанган, Куса болуп карай берем, Ордуңарды бош калган.