Казахские песни Узбекские песни

Песня «Курбулар»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көл жээгинде ойлуу турам,
Ташты ургулайт толкундар.
Толкун болуп тарап кеткен,
Жандай ынак курбулар.
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган,
Куса болуп карай берем,
Ордуңарды бош калган.
Кыял күткөн кызык күндөр,
Калды алыс-алыста,
Башка-башка жолдор менен,
Кеттиңерби алыска?
Оо, курбулар, сагындырган,
Ар бириңди эстеймин,
Жылдыз сымал жанып турган,
Ал күндөрдү эңсеймин.
Жүрөбүз деп ойлогонбуз,
Түбөлүккө айрылбай.
Ар ким издеп өз бактысын,
Кеттик достор кайрылбай,
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган,
Куса болуп карай берем,
Ордуңарды бош калган.

Другие песни исполнителя:

  • Асылкечим сен жөнүндө жазам дастан, Сүйүүнүн тушоосунан чыга албастан. Өмүр да өтүп кетет максат менен, Уккан сөз, ушак сөзгө айланбастан. Асылкечим, асылкечим, асылкечим, Кайрып берчи махабатымды. Сүйүү кулу, акын Мидин айткандай, Жетпесем да, жеңиши жок убарам. Жүрөт белем карааныңа жалынып, Менде болсо жүрөктөгү бурамаң. Асылкечим, асылкечим, асылкечим, Кайрып берчи махабатымды. А, мен болсо кала бердим ошол бойдон, Сени деп каректерим көз жаш болгон. Аягында үмүт менен күтөм сени, Арманым ай, ак жүрөгүм муңга толгон. Асылкечим, асылкечим, асылкечим, Кайрып берчи махабатымды.
  • Жил был художник один, Домик имел и холсты, Но он актрису любил, Ту, что любила цветы. Он тогда продал свой дом, Продал картины и кров, И на все деньги купил Целое море цветов. Кайырма: Миллион, миллион, миллион алых роз Из окна, из окна, из окна видишь ты, Кто влюблен, кто влюблен, кто влюблен и всерьез, Свою жизнь для тебя превратит в цветы. Утром ты встанешь у окна, Может сошла ты с ума? Как продолжение сна, Площадь цветами полна. Похолодеет душа, Что за богач здесь чудит? А под окном чуть дыша, Бедный художник стоит. Кайырма: Встреча была коротка, В ночь ее поезд увез, Но в её жизни была Песня безумная роз. Прожил художник один, Много он бед перенес, Но в его жизни была Целая площадь цветов!