Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакем (folk version)»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу, жашыл төр кайда?
Убакыт өтпөй табышмак,
Уктабайм түндө далайга
Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомокто жашап калганбыз.
Кайырма:
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмдү кеттиңиз жаралап Жүрөмүн сабалап Жымыңдаган жылдызды аралап Келбетиңиз каратат келдиби махабат Кайырма: Ашыкмын сизге ашыкмын ханзадам ханзадам Ханбийкеңиз болойун ханзадам ханзадам Кыялымда бир гана өзүңүз Кылгырган көзүңүз Алоолонтту сезимди сөзүңүз Карап көңүл бөлдүңүз Карындашым дедиңиз
  • Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга, Сунушумду суранам, четке какпа. Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө, Сыйыналы бир келген бактыбызга. Мөл булакка барабыз ай тоскону Ат жалында шамалга ойношкону. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, макул болчу. Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү, Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү. Жылдыздардын терели чачыласын, Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү. Кечикпейли бир келген бактыбыздан, Өрүкзарга кетели, макул болчу.
  • Жүрөк эргип кагылып, Санат жеткис жаңылык. Кирип келет аздан соң, Жаңы жылым жаңырып. Жаңы бакыт агылып, Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен Жаңы жылды тосолу. Жаштар дагы карылар, Кубангыла баарыңар. Жаңы жылдын өзүнчө Айтып бүткүс шаңы бар, Айтып бүткүс жагы бар Биз да добуш кошолу Күлкү менен шат менен Жаңы жылды тосолу. Алгыла ыр кесени, Азыр ырдын кезеги. Соолубасын өмүрлөр, Соо жүрөлү дешели. Соо жүрөлү дешели. Үндү бийик созолу, Күлкү менен шат менен, Жаңы жылды тосолу.