Казахские песни Узбекские песни

Песня «Баргым келет апама»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ар бир жандын аман болсун апасы,
Чексиз бакыт апалардын батасы.
Ойлой берем ишимде да, үйдө да,
Апакемдин болбосо деп капасы.
Арылбаган ырыскынын кемеси,
Ар бир жандын эсен болсун энеси.
Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен,
Тоодой кубат жанда жүргөн элеси.
Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган,
Балалыкка булбул кушу сайраган,
Баргым келет, баргым келет апама,
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.

Другие песни исполнителя:

  • Карап турсам элесиңди сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдү сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Мени сенден, сени менден талашып. Көпкө жүрдүк, ойноп-күлдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып. Бирок мезгил өткөн сайын нарылап, Тетир карап, буруласың ар убак. Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм, Үмүт менен жүрөгүмдү дарылап.
  • Ат баспаган асканын Аралай басып ак карын, Жайыттап күнгөй-тескейди Кой болду менин бакканым. Тээтиги сары кыр жакка, Чойт, эркечим! Чойт, эркечим, баштагын. Ат жетпеген асканын, Мен бастым шагыл, таштарын, Кой баккан сонун турбайбы Балалык ойду таштадым. Тээтиги Кара-Шорого Чойт, эркечим, Чойт, эркечим, баштагын. Дегеле келбейт чарчагым, Аңкыса жыты арчанын, Кыз сүйгөндөй болосуң Сылап саамай чачтарын Күн кечтеп кетти короого Чойт, эркечим. Чойт, эркечим, баштагын.