Казахские песни Узбекские песни

Песня «Койчунун ыры»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ат баспаган асканын
Аралай басып ак карын,
Жайыттап күнгөй-тескейди
Кой болду менин бакканым.
Тээтиги сары кыр жакка,
Чойт, эркечим! Чойт, эркечим, баштагын.
Ат жетпеген асканын,
Мен бастым шагыл, таштарын,
Кой баккан сонун турбайбы
Балалык ойду таштадым.
Тээтиги Кара-Шорого
Чойт, эркечим, Чойт, эркечим, баштагын.
Дегеле келбейт чарчагым,
Аңкыса жыты арчанын,
Кыз сүйгөндөй болосуң
Сылап саамай чачтарын
Күн кечтеп кетти короого
Чойт, эркечим. Чойт, эркечим, баштагын.

Другие песни исполнителя:

  • Сени ойлосом канат бүткөн өмүргө, Бек сактадым жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын нурун чачкан өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынам, Жагымдуусуң, жаным, сага жагынам. Кирпик какпай таң атырган далай түн, Карааныңды бир көрүүгө зарыгам. Сен унутсаң, мен унута албадым. Элесиңди көңүлгө бек сактадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың? Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Жай күтүп, жай келбесең күзгө калып, Күз күтүп, күз келбесең кышка барып. Ошентип он эки айым өтүп кетмек, Ошентип ар бир күнүм кайталанып. Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай, Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай. Ктмөкмүн келбесең да өмүр бою, Майдандан жарын күткөн колуктудай. Мен сени жаштар өткөн жолдон күтөм, Мен сени жаштар жүргөн тойдон күтөм. Күтөмүн эң акыркы түңүлүүдөн, Күтөмүн маңдай жарган сүйүнүчтөн.
  • Уктатпачы мени, жазгы жаан, Сыйкырдуу түн сырын тыңшайын. Келе жаткан көктөм кабарын, Бөлүшүүгө таңды жумшайын. Уктатпачы мени, жазгы жаан, Жашыл дүйнө шаңын саамайын. Ага арналган ыйык саптардын, Алгачкысы болуп калайын. Эргүүлөргө толуп көңүлүм, Эртеңдерге үмүт улайын. Жазда күтчү сүйүү баянын, Жүрөктөргө шыбыр улайын. Уктатпачы мени, жазгы жаан, Ойлор кыйнайт сырлар ачылбай. Шолоктогон жашка айлана, Сагынуулар менде басылбай.