Казахские песни Узбекские песни

Песня «Лейлек»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Айылыма барарымда аптыгып, Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып, Балбалактайм бар-жогумду унутуп, Балалыгым келүүчүдөй бастырып. Кайырма: Алыңды айтып алыс жактан жел келет, Көптөн берки көңүл бугум жазамбы? Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп, Мен алыстан сагынганда атамды. Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп, Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды. Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп, Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп. Жерге бутум жетпей учуп баратат, Аска чапчып аккан суудай жулкунуп. Кайырма: Бактан булбул, кырдан таңшып улары, Баягыдай күнүң батып, чыгабы? Карегинен каруу-күчүн алдырбай Карааны тоо атам күүлүү турабы? Кайырма:
  • Алдаба куру бекер сөзүң менен Ансыз да жалыныңа күйүп келем Ашыктык ак шооласын чачкан болсо Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем Элесиң эске түшсө эрке жансың Энчилеп жүрөгүмдү ээлеп алдың Көз караш күлмүңдөгөн сезим менен Күнөөсүз жүрөгүмдү эзип салдың Алдаба куру бекер сөзүң менен Ансыз да жалыныңа күйүп келем Ашыктык ак шооласын чачкан болсо Армансыз бул жашоодон өтпөйт белем
  • Сени ойлосом канат бүткөн өмүргө, Бек сактадым жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын нурун чачкан өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынам, Жагымдуусуң, жаным, сага жагынам. Кирпик какпай таң атырган далай түн, Карааныңды бир көрүүгө зарыгам. Сен унутсаң, мен унута албадым. Элесиңди көңүлгө бек сактадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың? Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Көңүлүмдө роза болуп жайнадың, Көк жоолуктай көздөрүмдү байладың. Булбулум сен учуп кетип кай жакка, Кайсыл бактан кубулжутуп сайрадың. Махабатым жалындаган өчө элек, Мен эмесмин гүл жыттанган көпөлөк. Күүлөрүңдү төгүп коюп жүрөккө, Кайда учасың боз торгоюм көпөлөк. Издейм сени жылуулугум, күнүм деп, Сүйүүм синген, сүйүүм дайра иримдеп. Шуудурачы тереземдин түбүндө, Кайдасың сен жалбырагым дирилдек.
  • Калтардай чачың тарадың неге Кайгылуу муздак карадың неге Каркыра болуп канаты талган Качанкы мени аядың беле Кундуздай чачың тарадың неге Кусалуу муздак карадың неге Кунарсыз түндөй тажадың беле Кумарлуу кечти самадың беле Өмүрдүн ызгаар борону болуп Өксүгөн ырдын обону болуп Өлчөсүн таппай, махабат демин Өзүңдү келем жогору коюп Арзууда барбы жазыгым менин Алыстап кеттиң ашыгым менин Ааламдан издеп, асылым демим Жаштыгым менин, асылым менин