Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынганда атамды»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.
Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.
Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.
Кайырма:
Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бийигиңе сөз жеткис, аруу жансың ай, Асылындай асылдын, кубатымсың жан курбум. Кайрыгындай ушул жакшы ырдын, Жарык чачып дайыма, жөлөгүмсүң ай, Тирегиндей бактымдын, жанымдасың жан курбум. Тартуусундай ушул тагдырдын, Кайырма: Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум, Кайрыгысың биздин жакшы ырдын. Ачып сага бүтүндөй жүрөгүмдү ай, Тең бөлүшкөн сырдашым, көңүл баккан жан курбум. Бийик сага сыйым-урматым. Бакыт берген сезимге балалыктын ай, Бирге бастык жылдарын бул өмүрдүн жан курбум. Бир көрөлү дагы жыргалын. Кайырма: Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум, Бир көрөлү өмүр жыргалын. Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум, Бир көрөлү өмүр жыргалын. Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум, Кайрыгысың биздин жакшы ырдын. Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.
  • Айлуу түн кимдерге экен, кимдерге экен? А балким, ойносун деп бизге бекен? Телмирип терезеңден карабастан, Суу бойлоп келеличи келсеңчи эркем. Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен? Булар да ичишет деп бизге бекен? Сен барда башкалары көрбөсө деп, Булактын шары менен бирге кетем. Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен? Өздөрү ичишет деп бизге бекен? Өтсө күн өмүр өтүп баратпайбы, Өлбөскө бал ичели келсеңчи эркем.