Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ооба, эсте»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ооба ооба эсте
Көгүлтүр кечте
Гүлдөгөн алча түбүндө
Турганбыз сен менен мен
Ай жылдыз көпкөк
Биз менен бирге
Көгүлтүр кечте
Жазгы бир кечте

Ооба ооба эсте

Ал күндөр өткөн
Алчанын гүлү төгүлүп
Турганбыз сени мен
Ардагым сенсиң
Асманым сенсиң
Көгүлтүр кечте
Ары бир кечте

Ооба ооба эсте

Ажайып кечте
Сылагам сенин чачтарың
Кымбатым менин
Эсимде калды
Нур болуп жанды
Көгүлтүр кечте
Керемет кечте

Ооба ооба эсте

Другие песни исполнителя:

  • Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам. Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү, Баскан сайын бажырайып ачылган. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды жыты менен тааныгам. Жыттачу элем, магдыратып жытынан, Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды колдорунан тааныгам. Жылуу болчу, жумшак болчу колдору, Кармашканда бала боюм балкыган. Мен дүйнөнү апам менен таанысам, Мен апамды жоолугунан тааныгам. Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү, Баскан сайын бажырайып ачылган! Мен дүйнөнү апам менен тааныгам, Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
  • Көл жээгинде ойлуу турам, Ташты ургулайт толкундар. Толкун болуп тарап кеткен, Жандай ынак курбулар. Көргүм келет көзүңөрдү, Жаштык жанган, от жанган, Куса болуп карай берем, Ордуңарды бош калган. Кыял күткөн кызык күндөр, Калды алыс-алыста, Башка-башка жолдор менен, Кеттиңерби алыска? Оо, курбулар, сагындырган, Ар бириңди эстеймин, Жылдыз сымал жанып турган, Ал күндөрдү эңсеймин. Жүрөбүз деп ойлогонбуз, Түбөлүккө айрылбай. Ар ким издеп өз бактысын, Кеттик достор кайрылбай, Көргүм келет көзүңөрдү, Жаштык жанган, от жанган, Куса болуп карай берем, Ордуңарды бош калган.
  • Асылым, үшкүрүнүп кыйнабачы, Алданып үмүтүмө ыйлабачы. Жамандап жазыгы жок бир пендени. Жанар тоо атылгандай кыйрабачы. Кайырма: Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи, Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи. Куш болуп боосун тытып учуп кеткен, Көзүмдөн махабатты издебечи. Издебечи! Асылым, неге мынча үшкүрүндүң? Сүйүүнүн кайгысыбы үшкүрүгүң? Жалынба, жалдыраба, кайра-кайра. Алданбайм алданбаймын, жаным сага. Кайырма: Эми сен саргайгансып санаа тартып издебечи, Эми сен зарлангансып заарың чача тиктебечи. Куш болуп боосун тытып учуп кеткен, Көзүмдөн махабатты издебечи. Издебечи!