Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам»
исполнителя Самара Каримова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.

Другие песни исполнителя:

  • Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
  • Жан дүйнөмдө күнүм бар тийип турган, Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган. Кулагымда сыйкырдуу добушуң бар, Каным менен айланып жүрүп турган. Карегимде сүрөтү жашайт анын, Карайм дагы кайгымды азайтамын. Алда кайдан агылып келип турган, Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын. Башкача бир жан дүйнөм эргип анан, Арууланам, эс алам, сергийм анан. Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө, Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан. Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө, Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан
  • Балалыгымда шок кыз элем, Апамдын сөзүн укпайт элем. Балдарды, кыздарды коркутуп, Классыбыздын көзүрү элем. Ойноп-күлүп ал күндөр өттү, Дарактар саргайып күз өттү. Ошондогу эң биринчи кат, Жүрөгүмдө сүйүү ойготту. Кайырма: Классташым, классташым, Кайдасың, менин классташым? Жандашым, жандашым, Классташым, классташым, Кайдасың, менин классташым? Класстын эшиги чоң ачылып, Кирип келди жаңы классташым. Кар жылтырап кирпиктеринен, Эсимде калды көз карашың. Жылдар өттү, өттү балалык, Сүйүүбүздү сактай албадык. Бирок жааганда биринчи кар, Классташымдан мен күтөм кабар. Кайырма: