Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаңы жыл (New Version)»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Агылган күнгө булактай, Жагылган түнгө чырактай. Ырыстан бүткөн ырым бар, Ырдайын бүгүн суратпай. Баталы кызыкка, Бар мына музыка. Кайырма: Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте, Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте. Кыргыз деп ырдалат, жылдыз деп ырдалат, Кошулуп ырдасаң, көңүлүң нурданат, Өмүрүң нурданат. Кадырлуу журттун байлыгы, Канаттуу ырдын кайрыгы. Учалы бирге, замандаш, Унутуп дилде кайгыны. Жаныңды ысыта, Жаңырсын музыка. Кайырма: Ыдырай бербей чоочуну, Ырдасак бирге отуруп. Биримдүү элден болобуз, Дилибиз дилге кошулуп. Бүйүрүңдү кызыта, Бүтпөсүн музыка. Кайырма:
  • Сүйүп калып, күйүп-жанып, Жалынам жалгыз күн деп сен. Кылыктанып, жашоону алдың бийлеп сен. Айла канча, убайым жедим, убайым. Жабыктырып, зарыктырып, Жүрөсүң неге билмексен? Арманы көп айлар өтөт, Айтамын дале күн деп сен. Жандап өтөт жаштыгың жашыл көйнөкчөн, Айла канча, азапка баттым, азапка. Жалоорутуп, жан оорутуп, Болосуң неге көрмөксөн? Сени карай дарыядай, Ойлорум тынбай жарышкан. Мен аябай коркчу элем, Сүйүп калыштан. Айла канча, алыстан күндү сүйгөндөй, Жөн жүрөйүн, мен жүрөйүн, Өзүңдү сүйүп алыстан.
  • Элибизге мейман келсе, Жайылат ак дасторкон. Дүйүм тамак, шербет мейиз, Дасторконго жык толгон. Кыргыз пейили тоодой бийик, Көлдөй таза, туптунук. Колдо барын төгүп салып, Аябагын достордон. Кайырма: Дасторконду кенен жайгын, Күлкү болсун, ыр болсун. Бабалардан калган мурас, Келе жатат бул жосун. Элге-жерге берсин бакыт, Кут төгүлгөн береке. Умай эне, Теңир ата, Урпактарын колдосун. Дасторкондун даамын сызып, Көтөрөлү көңүлдү. Ынтымагы болсун дайым, Болсун элим өмүрлүү. Намысыңды дасторкондой, Кирсиз, таза сактагын. Арам ойлуу адам келсе, Тебелетпе төрүңдү. Кайырма:
  • Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем, Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем. Ардагымды жолдон кантип жоготтум? Арманымды агызамын жел менен. Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй, Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй. Көл булуттар, мен силердей буулугуп, Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм. Кайырма: Булуттар, булуттар, Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар, Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар. Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм? Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм? Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай, Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин. Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун, Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң. Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө, Уккум келбейт канатымдын жоктугун. Кайырма: Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал, Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар. Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга, Көл булуттар, катарыңа кошуп ал. Бактым кайда, жер кезейин жел менен, Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге? Бактым кайда, баратамын тосуп ал, Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем. Кайырма: