Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыр десте»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Агылган күнгө булактай,
Жагылган түнгө чырактай.
Ырыстан бүткөн ырым бар,
Ырдайын бүгүн суратпай.
Баталы кызыкка,
Бар мына музыка.
Кайырма:
Ачылам бул кечте, чачылам бул кечте,
Суурулуп жүрөктөн, сунулат ыр десте.
Кыргыз деп ырдалат, жылдыз деп ырдалат,
Кошулуп ырдасаң, көңүлүң нурданат,
Өмүрүң нурданат.
Кадырлуу журттун байлыгы,
Канаттуу ырдын кайрыгы.
Учалы бирге, замандаш,
Унутуп дилде кайгыны.
Жаныңды ысыта,
Жаңырсын музыка.
Кайырма:
Ыдырай бербей чоочуну,
Ырдасак бирге отуруп.
Биримдүү элден болобуз,
Дилибиз дилге кошулуп.
Бүйүрүңдү кызыта,
Бүтпөсүн музыка.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Айткым бар көңүлүмө каткандарды, Өзүңдөй жолдош кылып элесиңди. Канчалык акылга баш ийсем дагы, Сүйүүдө жыя албадым мен эсимди. Кайырма: Мен бүгүн күлгөндө да жашык күлөм, Кубарып, суук урган жаз-көктөмдөй. Жүрөмүн, бирок билбейм, кайда жүрөм, Талыгып Жер шарын бүт көтөргөндөй. Кар кетет, ак байлыктай жаз да келет, Бактар да, үмүттөр да бүчүр байлап. Окшошкон кош жалындай күйдүк эле, Турса да бороон жүрүп, шамал айдап. Кайырма: Сагынычым турат дайым күч алып, Түгөнбөгөн узун жолдой узарып. Бирге жүрөт дайым менин жанымда, Бир туугандай бир жакындык, кусалык. Кайырма:
  • Күндө күтүп бакыт берген сезимди, Күтүү мага үмүт болуп сезилди. Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок, Кусалыктар каптап турат кечимди. Жашоо бизге сынак тура бир келген, Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген. Сынай карап, сен дилиңди ачкыча, Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден. Кайырма: Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба, Биздин сүйүү калат балким миң жылга. Бир болбосок, өмүр жолун карытып, Бир махабат кала берет бул ырда. Махабатка суусагансыйт жүрөгүм, Күн карытып мейли сени күтөйүн. Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн, Сени менен бир өтөөрүн билемин. Кайырма:
  • Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо, Бактыңды бербессиң алсыз колго. Бал ширин өмүрдө, жетсем дейсиң, Кыялың жетпеген күлүк ойго. Ой-кыял жетелеп учкан күндөрдө, Жашоону айлантса арзуу көлүнө. Жаралап жүрөгүң кеткен болсо да, Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө. Кайырма: Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, Жан дүйнөңдөн барып орун алса. Башкаларга бергис махабатым, Жүрөгүңө барып конуп алса. Тереңин көргөндө көздөрүңдүн, Күчүнө ишендим сөздөрүңдүн. Болду эми башкага коё бербейм, Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн. Колумдан учурбайм бакыттын кушун, Ичтеги сезимди айттырбай түшүн. Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да, Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн. Кайырма: Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, Жан дүйнөңдөн барып орун алса. Башкаларга бергис махабатым, Жүрөгүңө барып конуп алса. Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да. Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн. Кайырма: Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим, Жан дүйнөңдөн барып орун алса. Башкаларга бергис махабатым, Жүрөгүңө барып конуп алса.
  • Биз чоңойгон эле чек, Биз жолөнгөн теректер. Эске салды баарысын, Эски дептер. Чагылышкан каректер, Ак сүйүүгө себепкер. Саргайса да сакталган, Эски дептер. Кайырма: Балалык кездерим, Барактай эстедим, Сыйкырдуу сезилген, Сырдашым дептерим Бактылуу кездерим, Алыстап кеткенин Жашоомдо бир өзүң Жазылган дептерим Өткөн күндөн белектер Эскирбеген элестер Тасма сымал тартылган Эски дептер Кайд калды ал кечтер Кайгысы жок бал кездер Жашайт өчпөй ичинде Эски дептер Кайырма:
  • Сүйүүм турат жердин кени тургандай, Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай. Көкүрөккө сыймык толуп караймын, Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай. Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай, Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай. Таттуу сайрап, элжиретип сезимди, Таң алдында үн алышкан улардай. Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү, Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү. Сенин гана аман жүргөн карааның, Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.