Казахские песни Узбекские песни

Гульнур Сатылганова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Гульнур Сатылганова

  • Жаштыкка жандырып сүйүү бизди, Жалынга ороп койду. Майрамдап жолуккан күнүбүздө, Арманды жолотпойлу. Тилегиң билгизип бери кара, Илебиң сезгим келет. Дүйнөдө издеген мени гана Көздөрүң керек. Кайырма: Айды сен арнап бербе, Күндү сен кармап келбе. От сезимге толгон, таберик болгон Таза сүйүү тартуула. Өзүңдөн бир гана суранычым, Көңүлдү оорутпайлы. Көзүңдөн төгүлгөн кубанычым Калбасын болуп кайгы. Жалгыздап берилбей санаага да Жанаша жүргүм келет. Сүйөм деп кагылган мага гана Жүрөгүң керек. Кайырма: Айды сен арнап бербе, Күндү сен кармап келбе. От сезимге толгон, таберик болгон Таза сүйүү тартуула. Ай, күндү батырган асманына Махабат кымбат белек. Адашпай бактымды тапканыма Ишенгим келет. Кайырма: Айды сен арнап бербе, Күндү сен кармап келбе. От сезимге толгон, таберик болгон Таза сүйүү тартуула.
  • Кар сапырган кыштын ызгаар аязында, аязында, Кыялымдын гүлдүү, кооз талаасында, талаасында. Колтукташа басчу элем сени менен, Көздөрүңдүн кыбыңдаган карасында. Кызгалдак гүлдөрү, кызгалдак гүлдөрү жайначу анда… Көктөм келди, ал мына көктөм, көктөм келди, көктөм келди, Көңүл эңсейт бет сылаган жыттуу желди, жыттуу желди. Жүрү, тоого, жарыгым, ай, жүрү, тоого, Чарчабастан мен аралап кокту, белди. Кызгалдак гүлдөрүн, кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага… Бой ыргаша аркы-терки, жалбарына, жалбарына, Болот кумар алар сенин, жамалыңа, жамалыңа. Жыпар аңкыйт теребел бүт, торгой таңшыйт, Көктөм кандай, көркөм, кооз, жыргалыма. Кызгалдак гүлүм (ай), Кызгалдак гүлүм (ай) жайначы сен да!
  • Жашоодон бакыт издеп турган кезим, Дем берет, үмүт берет айткан сөзүң. Канымда калып калат кайрык болуп, «Кандай?» деп кабарымды алган кебиң. Кайырма: Дүйнөмдүн көркү сенсиң, шаңы сенсиң, Ырымдын ырдап турган жаны сенсиң. Түн көккө жылдызым деп кадап алар Ботодой көздөрүңдүн ар ирмеми. Ааламдын сан жетпеген шамалында, Сагынткан бир жытың бар жамалыңда. Арманым болбос эле ошол бойдон, Ал жытың калып калса ырларымда. Кайырма: Сенсиз күн токтогонсуйт, мезгил жылбай, Кыялга чөмүлсөм да жүрөк сыздайт. Кусалык каптаганда аргасыздан, Жан эркең махабаттын ырын ырдайт. Кайырма:
  • Бакчалар жазда гулгө бөлөнөт Байлыгын төгөт күздө мөмөлөп. Ак сүйүү жайы-кышы гүл ачып Майрам ар бир убак. Кут конуп ашык болгон кезиңде Кубулжуп булбул сайрайт сезимде Өзөгү бул өмүрдүн махабат Адам күлбөсө, арзып сүйбөсө Кайдан көңүл жашарат. Кайырма: Арбалып көркүмө, үнүмө Ашыкпа ыр түнөгү күйүгө Жашагым келет жанды жандырып Жаркын шам келет сүйүүгө. Ак тилек жашообузду оймолоп Айтышат жазда сезим ойгонот А бирок сүйүү күчү ушунда Жайнап гүлдө кышында Ысык жаш карегиңен тамганда Ыры жок жашай албай калганда Дайралар умтулгандай деңизге Талбай агылып, шамдай жагылып Талбай күндө мени изде Кайырма: Арбалып көркүмө, үнүмө Ашыкпа ыр түнөгү күйүгө Жашагым келет жанды жандырып Жаркын шам келет сүйүүгө. Аяздын шаңында, айланып жалынга Мезгилге багынбай көңүл көктөсүн Жаңырып ырымда жаза алам кылымга Сезимдер өчпөсүн.
  • Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө, Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге. Асман турат бир жылдызы кем болуп, Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө. Кайырма: Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк, Жайкы жамгыр басылганда тыйылып. Тышка чыгып, балким, терең дем алсам, Сенин демиң калар мага угулуп. Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп, Жаттың экен азыр деги нени эстеп? Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени, Жылуу кийим алып, балким, келет деп? Кайырма: Бүркөлгөндө асман кокус тунарып, Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып. Күн ачылса кабагың да ачылып, Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып. Кайырма:
  • Деңиздей тереңдикти каалайм сага, Ааламдай кенендикти каалайм сага. Нөшөрдөй бакыт-таалай каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Асмандын кирсиз көгүн каалайм сага, Апакай айдын өңүн каалайм сага. Жылдыздай бийиктикти каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Сымаптай мөлтүлдөгөн алаканда, Булактай канча жутсам канбайм сага. Жарылып жүрөгүмдүн тереңинен, Жалындап чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жүрөктөн чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
  • Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо, Караңгы жарык болбойт, ай болбосо, Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо. Талаанын көркү кайда, гүл болбосо? Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо, Акындар ырдай албайт, тил болбосо, Душманың жазганабы, сүр болбосо? Ала-Тоо коркко келбейт эл болбосо? Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо, Сүйүшүп эл каалабайт, ыр болбосо. Аялдын көркү кайда, чач болбосо Тоолордун салмагы аз, таш болбосо. Узакка кабар жетпейт, кат болбосо, Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо, Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо, Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо, Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо, Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо. Көздөгөн максатыңа жете албайсың, Колуңда бардык жарак бүт болбосо. Чарбанын көркү болбойт мал болбосо, Арчанын саясы жок, шак болбосо, Булбул куш кайда конот, бак болбосо Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо Аргымак ат арыбайт, бел болбосо, Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо, Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!
  • Көк майсаң көркөм тектирдин, Гүлдөрүн искеп көп тердиң. Сыланган сулуу кызгалдак, Сыймыгы белең көктөмдүн? 2 жолу Кубанып карап күлүпмүн, Аралай басып жүрүпмүн. Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Күлкүсү белең жигиттин? 2 жолу Куудуң да кыштын ызгаарын, Ордуна өстүң муз-кардын. Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Курдашы белең кыздардын? 2 жолу Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Курдашы белең кыздардын? 2 жолу
  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек
  • Мезгил учат жылдар узап тыным албастан, Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан. Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин. Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин. Аппак болуп тийип турган күн да жашынар, Токтобостон себелеген жамгыр басылар. Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги, Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси? Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси, Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси. Өмүр кемеси, өмүр кемеси…
  • Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем, Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем. Ардагымды жолдон кантип жоготтум? Арманымды агызамын жел менен. Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй, Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй. Көл булуттар, мен силердей буулугуп, Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм. Кайырма: Булуттар, булуттар, Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар, Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар. Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм? Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм? Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай, Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин. Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун, Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң. Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө, Уккум келбейт канатымдын жоктугун. Кайырма: Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал, Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар. Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга, Көл булуттар, катарыңа кошуп ал. Бактым кайда, жер кезейин жел менен, Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге? Бактым кайда, баратамын тосуп ал, Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем. Кайырма:
  • Адам болуп жаралып дүйнөгө бир келген конокпуз, Кадырлашып калалык, бүгүн конок, эртең жомокпуз. Кезекти кур кетирбей, тилегиңе жаркын үмүт кош, Кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос. Күмүш күндөр миң, бирок, досум, түшүнгүн, Эң кымбатың эртең эмес, ушул күн. Кайырма: Элиңе жүрөктү арнап салгын, Телегей тең болуп ардакталгын. Сездиңби шашылат өмүр шамалдай, Мезгилди учурбай кармап калгын. Өмүр бою өчүрбөй, жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө, Өткөн ишке өкүнбөй, кубанычты чакыр үйүңө. Көңүл эзген муң жаман, көзүбүздөн кээде жаш тамып, Бузулса да бул заман, адам бойдон калгын сакталып. Тагдыр ушул деп таарынганың бекер кеп, Талпына бер максатыңа жетем деп. Кайырма:
  • Жаз келди, айлана жашыл бубак, Ажайып угулат шыңгыр булак. Сагыныч күндөрүн күүгө улап, Түркүн куш сайрашат, сайран курат. Ызгардуу күндөр да кетсин узап, Ырыскы, береке келсин чубап. Аруулук, сулуулук бизди курчап, Ноорузда ыр сунам назын курап. Кайырма: Мекеним, Ала-Тоом, кыргыз жерим, Өзгөчө меримиң сенин демиң. Жаз майрам, нооруз күн куттуу болсун, Сага арнайм ырларымды, кутман элим. Билинбей өткөнсүп сансыз убак, Назданган махабат жаштык курак. Өкүнбөйм өткөн күн, жылдарыма, Ар дайым ырларым берсин кубат. Бийлейли биз бүгүн жаштык вальсын, Жүрөктө махабат оту жансын. Бак-таалай, бейпилдик, бейкуттукта, Шаң менен тосолу сүйүү жазын. Кайырма: Жаз келди, айлана жашыл бубак, Ажайып угулат шыңгыр булак. Сагыныч күндөрүн күүгө улап, Түркүн куш сайрашат, сайран курат. Ызгардуу күндөр да кетсин узап, Ырыскы, береке келсин чубап. Аруулук, сулуулук бизди курчап, Ноорузда ыр сунам назын курап. Кайырма:
  • Таң да атты, таалайым батып баратты, Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты. Болду го дейм, өзүмө суроо бере албай, Козгой албай, кансырап турган жараатты. Кайырма: Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн, Жан сырым сага бөлүшкөм. Барбы же билбейм башка арга, Көл кылып көз жаш төгүштөн? Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн, Сырдашып сага көнүшкөм. Билбеймин, неден жаңылдым, Адаштым кайсыл өрүштөн? Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар, Унутулар ырдалбай, балким, көп ырлар. Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз, Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар. Кайырма: Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн, Жан сырым сага бөлүшкөм. Барбы же билбейм башка арга, Көл кылып көз жаш төгүштөн? Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн, Сырдашып сага көнүшкөм. Билбеймин, неден жаңылдым, Адаштым кайсыл өрүштөн? Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм, Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм. Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай, Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм. Кайырма: Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн, Жан сырым сага бөлүшкөм. Барбы же билбейм башка арга, Көл кылып көз жаш төгүштөн? Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн, Сырдашып сага көнүшкөм. Билбеймин, неден жаңылдым, Адаштым кайсыл өрүштөн?
  • Бараткан ак жолумдан түн ыраактап, Актым мен сен тарапка күнчубактап. Алдымдан чыга калсаң сунайын деп, Актым мен сен тарапка гүл кучактап. Кайырма: Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым, Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым. Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да, Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым. Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм, Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм. Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип, Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм. Кайырма: Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым, Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым. Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да, Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым. Таң атты. Тереземди кенен ачтым, Жел менен үйгө кирди бир тал бактым. Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин, А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым… Кайырма: Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым, Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым. Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да, Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
  • Келем дедиң чабалекей келгенде, Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге, Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты, Келгин куштар кайра кайтып кеткенде Кайырма: Келем дедиң кар түшкөндө талаага, Келген жоксуң кечиктиң не садага. Кар да кетти өзөндө муз ээриди, Салып коюп муздак бир ой санаага. Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып. Жылдар келип жылдар акты бир далай, Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай, Кетип жатып мага берген бир гүлүң, Тереземде дале турат кургабай. Кайырма: Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
  • Если любовь не сбудется, Ты поступай как хочется И никому на свете Грусти не выдавай. Новая встреча лучшее Средство от одиночества, Но и о том что было, Помни, не забывай. Мечта сбывается и не сбывается. Любовь приходит к нам порой не та. Но, всё хорошее не забывается. А всё хорошее и есть мечта. Пусть о любви нечаянной Кто-то сказать осмелится. Если поверишь в это Сердце не закрывай. В сердце необитаемом Снова любовь поселится. Но и о том, что было, Помни, не забывай. Мечта сбывается и не сбывается. Любовь приходит к нам порой не та. Но, всё хорошее не забывается. А всё хорошее и есть мечта.
  • Эсеби жок бийигиңде жылдыздын, Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун. Эли жерин көктөн колдоп турганга, Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын. Кайырма: Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың, Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың. Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп, Жашап келет, ачык асман эл тилеп. Көз алдыңан канча заман өтсө да, Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп. Кайырма: Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың, Ай жылдыздар айланса да жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың… Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат? Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат. Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры, Мен ишенем, жаным сенден жай табат. Кайырма: Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың, Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, адамдардын тардыгына ыйлайсың…
  • Эрке жел сыласа жүзүңдү, Эреркеп түтпөй кетем мен. Аластап кырсыктан изимди, Апакем сүйчү эле чекемден. Көл болуп сурданат көз жашым катат, Күйгүзүп сапарын күн дагы батат эй. Арманым жүрөктө арылбай жатат, Жанымда сен жоксуң апаке. Жашоодо апакем тоо болду, Калкалап мени жамгырдан. Жашыймын тоолорду көргөндө, Апакем тургандай алдымда. Мейиздей төгүлүп мезгилим шашат, Баш ийбей акылга балалык качат эй. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке. Кайырма: Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан, А бирок өмүрдө жоготуу бат экен. Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан, Көрдүңбү каякта асылым апакем. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке
  • Мен махабат жарчысы, Ырлар сезим тамчысы. Жашоо деген жарык күн, Караңгы түн жартысы. Сен изденип талыкпай, Дүйнө кезип чабыттай. Кадырыңа жеткенди, Карма алтын балыктай. Кайырма: Кара түндү айдап көңүлдөн, Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн. Арууланып дайым жан дүйнөм, Ак сүйүүгө болсун өрүлгө. Тилек узун, күн кыска, Тирүүлүктө бир нуска. Өмүр бекер өтпөсүн, Өзүңдү тап турмушта. Кайырма:
  • Жакшы дос өчкөн жанга от берет, Жаныңды жан досуңа кош демек. Жаркыбай жалаң гана майрамда, Жабыкканда жарык берген дос керек. Көрө албас, ич тардыкты жойгула, Бөлүнбөй акыреттик болгула. Сыр билги досуң тунук күзгүдөй, Сынып калса келбес кайра ордуна. Кайырма: Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай, Тунук бол көз жаштай, досторум менин. Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас, Күн болгун батпаган досторум менин. Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды, Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды. Күн достор силер менен бөлүшөм, Бир тууганга билдирбеген сырымды. Күлгүлө карегимден баш багып, Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып. Баарыңды күн достор деп атадым, Бар да силер баскан жолум жапжарык. Кайырма: Дооруңда түркүн адам кабылат, Дос изде, душман өзү табылат. Ар убак нурун төксө күн достор, Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
  • Балалыкка бардык дүйнө тартылат, Бала үчүн бардык бакыт айтылат. Эң биринчи «ата, апа» деп сүйлөсө, Жүрөк балкып, келечегиң жаркырап. Карагыла башка сезим, көз менен, Балаңарга жылмаюуну тартуулап. Таттуу уйкуда жатса балаңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Абдан жакын болсо араңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Эгер аны чексиз сүйсөңөр, Анда мыкты ата-энесиңер. Ал жылмайса кошо күлсөңөр, Анда силер мыкты ата-энесиңер. Өмүр бою бөлүп жүрөк жартысын, Ким издебейт балдарынын бактысын. Бүт ааламга сунар элем сураса, Сүйүү кылып карегинин тамчысын. Карагыла башка сезим, көз менен, Балдарыңдын келечекте бактысын. Таттуу уйкуда жатса балаңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Абдан жакын болсо араңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Эгер аны чексиз сүйсөңөр, Анда мыкты ата-энесиңер. Ал жылмайса кошо күлсөңөр. Анда силер мыкты ата-энесиңер.
  • Ырдаса булбул ашыгын, Ыргалат гүлдөр акырын. Сен болдуң жанга жакыным, ай, Сездирип дүйнө асылын, Асылым менин, асылым. Кайырма: Күн кармап алган түшүмдөй, Күтүлбөй келчи күтүлбөй. Биз үчүн дүйнө жаралып, Биз менен дүйнө бүтүндөй. Күтүлбөй келчи, күтүлбөй… Ойлобой өмүр жалганын, От болуп жанып алгамын. Өчүрбөй ошол сезимди, ай, Өзүңө келет арнагым, Ардагым менин, ардагым. Кайырма: Ай-жылдыз болуп сырдашым, Ашыктык ырын тыңдасын. Түнөгүң болбой жалгыздык, ай, Жүрөгүм сен деп ырдасын, Кымбатым менин, кымбатым. Кайырма:
  • Арабыздан жакшы-жаман сөз өттү, Ич жылытып, сыздатып да өзөктү. Эми качан бий бийлейбиз чогулуп? Убакытты таппай жүрүп жаз өттү. Адам болдук, бой көтөрдүк, кыйналдык, Жамандыкка бирибизди кыйбадык. Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың? Көзүңөрдөн турар эле нур жанып. Турмуштун чоң агымында агылдык, Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык. Кайда калды бала кыял мүнөздөр? Түшкө кирет жылажындай жаңырып. Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың? Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
  • Биз чоңойгон эле чек, Биз жолөнгөн теректер. Эске салды баарысын, Эски дептер. Чагылышкан каректер, Ак сүйүүгө себепкер. Саргайса да сакталган, Эски дептер. Кайырма: Балалык кездерим, Барактай эстедим, Сыйкырдуу сезилген, Сырдашым дептерим Бактылуу кездерим, Алыстап кеткенин Жашоомдо бир өзүң Жазылган дептерим Өткөн күндөн белектер Эскирбеген элестер Тасма сымал тартылган Эски дептер Кайд калды ал кечтер Кайгысы жок бал кездер Жашайт өчпөй ичинде Эски дептер Кайырма:
  • Айткым бар көңүлүмө каткандарды, Өзүңдөй жолдош кылып элесиңди. Канчалык акылга баш ийсем дагы, Сүйүүдө жыя албадым мен эсимди. Кайырма: Мен бүгүн күлгөндө да жашык күлөм, Кубарып, суук урган жаз-көктөмдөй. Жүрөмүн, бирок билбейм, кайда жүрөм, Талыгып Жер шарын бүт көтөргөндөй. Кар кетет, ак байлыктай жаз да келет, Бактар да, үмүттөр да бүчүр байлап. Окшошкон кош жалындай күйдүк эле, Турса да бороон жүрүп, шамал айдап. Кайырма: Сагынычым турат дайым күч алып, Түгөнбөгөн узун жолдой узарып. Бирге жүрөт дайым менин жанымда, Бир туугандай бир жакындык, кусалык. Кайырма:
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыдан шамаал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп, жамгыр төктү, Ошол күндөр кайда кетти? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү, эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагынтасың жүрөктү эзип, Колдон учкан ак кушумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырларда эскеребиз, Алгач сүйүү унутулбай Кайырма:
  • Сүйүүңөр батпай ичке Тиктешип карашкыла Капаны катпай ичте Урушуп жарашкыла Көрүшпөй көп убакыт Сагынып арзышкыла Билгенге ушул бакыт Кат менен жазышкыла Айтылып обу жок сөз Күлкүнү катыргыла Ой айтып ортоңорго Дүйнөнү батыргыла Чыланып жаан алдында Корголоп чуркагыла Бул сүйүү силердики Башканы укпагыла Каалгасын жүрөктөрдүн Кош колдоп ачышкыла Көңүлгө имерилип Көз жашты арчышкыла Жакшы соз арнашууда Тынымсыз жарышкыла С өз күчүн жоготкондо Кучакка алышкыла Жашырбай бирда сырды бөлүшкүлө Укканда бир-бириңди Аябай көнүшкүлө Ошинтээр бирөө болсо Кубанып сүйүнгүлө Калганы келет кетет Сүйгүлө сүйүлгүлө