Казахские песни Узбекские песни

Гульнур Сатылганова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Гульнур Сатылганова

  • Деңиздей тереңдикти каалайм сага, Ааламдай кенендикти каалайм сага. Нөшөрдөй бакыт-таалай каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Асмандын кирсиз көгүн каалайм сага, Апакай айдын өңүн каалайм сага. Жылдыздай бийиктикти каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Сымаптай мөлтүлдөгөн алаканда, Булактай канча жутсам канбайм сага. Жарылып жүрөгүмдүн тереңинен, Жалындап чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жүрөктөн чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
  • Ырдаса булбул ашыгын, Ыргалат гүлдөр акырын. Сен болдуң жанга жакыным, ай, Сездирип дүйнө асылын, Асылым менин, асылым. Кайырма: Күн кармап алган түшүмдөй, Күтүлбөй келчи күтүлбөй. Биз үчүн дүйнө жаралып, Биз менен дүйнө бүтүндөй. Күтүлбөй келчи, күтүлбөй… Ойлобой өмүр жалганын, От болуп жанып алгамын. Өчүрбөй ошол сезимди, ай, Өзүңө келет арнагым, Ардагым менин, ардагым. Кайырма: Ай-жылдыз болуп сырдашым, Ашыктык ырын тыңдасын. Түнөгүң болбой жалгыздык, ай, Жүрөгүм сен деп ырдасын, Кымбатым менин, кымбатым. Кайырма:
  • Кээ гана секелек кыз эмес белең Кен дүйнөнү апам мага белек деген Оюмда жок оомал төкмөл Турмуш күтүп турганы Ойноп күлүп жашачуудай элестеген Учур келди мөмөлөрүм төгүлсүн деп Уул кыздарың ак бешикке бөлөнсүн деп Эртели кеч күйпөлөктөп өмүр отун өчүрбөй Эне менен өсөт тура эл өркүндөп Кайырма: Бар жашоону улап келген Бардыгына чыдап келген Жер энеге теңелебиз Жемиш төгүп кубат берген Түйшүгү көп аял заттын Түгөл кылып дүйнөнү Түбөлүгүн сактап келет адам заттын Бул турмуштун жүгү кайдан жеңилдеген Булукса да аял заты жеңилбеген Бакыт тилеп небереге Тынчтык тилеп заманга Багынтабыз жер дүйнөнү Мээрим менен
  • Кайдан жүрүп сага кабылдым? Карегиңде барбы жалының? Жан эргитип жумшак күлгөнүң, Жарыгыбы аткан таңымдын? Булбулсуңбу куштар багында? Анда келип кончу шагыма. Кучагымдан орун берейин, Күттүм элем, гүлүм, сагына. Кылгырасың неге мынчалык, Кирпигиңден сырдуу нур тамып? Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач, Жадырасын жаным тынч алып…
  • Жашоодо эмне чындык, эмне жалган? Мээнетсиз жеңил жеткен бакыт жалган. Убайын көрөр кезде умсундуруп, Учуңдан кумдай чууруп түшүп калган. Байлык, байлык жалган, Бакыт, бакыт жалган. Арман, ий, арман, арман, Дүйнөдө эмне чындык, эмне жалган? Өмүрдө эмне чындык, эмне жалган? Жадырап жаздай келген жаштык жалган. Баарына сунган колуң жетеринде, Балынан аз таттырып тартып алган. Жаштык, жаштык жалган, Шаттык, шаттык жалган. Аттиң, ай, арман, арман, Бул дүйнө неге жалган, арман. Турмушта эмне чындык, эмне жалган? Күргүштөп өтүп жаткан өмүр жалган. Бирөөнө алжыганча жашоо берсе, Бирөөнө күлгүн кезде күйүт салган. Өмүр, өмүр жалган, Көңүл, көңүл жалган. Арман, ий, арман, арман, Дүйнөдө эмне чындык, эмне жалган? Тагдырда эмне чындык, эмне жалган? Бул собол бүтпөс суроо, бүтпөс арман. Ханың ким, кайырчың ким, эч ылгабас, Бир гана өлүм чындык, өңгө жалган. Жашоо, жашоо жалган, Өмүр, өмүр жалган. Арман, ий, арман, арман, Бир гана өлөрүң чын ушул арман! Арман, ий, арман, арман, Бир гана өтөрүң чын ушул арман!
  • Кар сапырган кыштын ызгаар аязында, аязында, Кыялымдын гүлдүү, кооз талаасында, талаасында. Колтукташа басчу элем сени менен, Көздөрүңдүн кыбыңдаган карасында. Кызгалдак гүлдөрү, кызгалдак гүлдөрү жайначу анда… Көктөм келди, ал мына көктөм, көктөм келди, көктөм келди, Көңүл эңсейт бет сылаган жыттуу желди, жыттуу желди. Жүрү, тоого, жарыгым, ай, жүрү, тоого, Чарчабастан мен аралап кокту, белди. Кызгалдак гүлдөрүн, кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага… Бой ыргаша аркы-терки, жалбарына, жалбарына, Болот кумар алар сенин, жамалыңа, жамалыңа. Жыпар аңкыйт теребел бүт, торгой таңшыйт, Көктөм кандай, көркөм, кооз, жыргалыма. Кызгалдак гүлүм (ай), Кызгалдак гүлүм (ай) жайначы сен да!
  • Тап таза элең Ала- Тоонун таңындай Жыпар жыт элең каркыранын жазындай Кереметтүү мекеним аза күткөн адамдай Азыр кайгырып кара кийип алгандай Кайырма: Кайран менин жерим Ала-Тоонун деми деген көркү жок Колдо болгон алтын баркы жок Кайран менин жерим Ыйлай берип соолуп көз жашы Ак мөңгүсүз калды топ ташы Атактуу элең ташка тарыхың жазган Эр жигиттери эзелтеден ыр дастан Эми жүрөт кор болуп башка элдин жеринде Көзүнөн учуп өз мекени Кыргызстан Кайырма: Кайран менин калкым Дүйнө кезип чачырады уул кызың Бар байлыгын сатты кыргызым Кайран менин калкым Касап майып канга жан кайгы Эл ойлогон бизди жан барбы Элим деген эр азамат жан барбы
  • Жаз келди, айлана жашыл бубак, Ажайып угулат шыңгыр булак. Сагыныч күндөрүн күүгө улап, Түркүн куш сайрашат, сайран курат. Ызгардуу күндөр да кетсин узап, Ырыскы, береке келсин чубап. Аруулук, сулуулук бизди курчап, Ноорузда ыр сунам назын курап. Кайырма: Мекеним, Ала-Тоом, кыргыз жерим, Өзгөчө меримиң сенин демиң. Жаз майрам, нооруз күн куттуу болсун, Сага арнайм ырларымды, кутман элим. Билинбей өткөнсүп сансыз убак, Назданган махабат жаштык курак. Өкүнбөйм өткөн күн, жылдарыма, Ар дайым ырларым берсин кубат. Бийлейли биз бүгүн жаштык вальсын, Жүрөктө махабат оту жансын. Бак-таалай, бейпилдик, бейкуттукта, Шаң менен тосолу сүйүү жазын. Кайырма: Жаз келди, айлана жашыл бубак, Ажайып угулат шыңгыр булак. Сагыныч күндөрүн күүгө улап, Түркүн куш сайрашат, сайран курат. Ызгардуу күндөр да кетсин узап, Ырыскы, береке келсин чубап. Аруулук, сулуулук бизди курчап, Ноорузда ыр сунам назын курап. Кайырма:
  • Сүйүүңөр батпай ичке Тиктешип карашкыла Капаны катпай ичте Урушуп жарашкыла Көрүшпөй көп убакыт Сагынып арзышкыла Билгенге ушул бакыт Кат менен жазышкыла Айтылып обу жок сөз Күлкүнү катыргыла Ой айтып ортоңорго Дүйнөнү батыргыла Чыланып жаан алдында Корголоп чуркагыла Бул сүйүү силердики Башканы укпагыла Каалгасын жүрөктөрдүн Кош колдоп ачышкыла Көңүлгө имерилип Көз жашты арчышкыла Жакшы соз арнашууда Тынымсыз жарышкыла С өз күчүн жоготкондо Кучакка алышкыла Жашырбай бирда сырды бөлүшкүлө Укканда бир-бириңди Аябай көнүшкүлө Ошинтээр бирөө болсо Кубанып сүйүнгүлө Калганы келет кетет Сүйгүлө сүйүлгүлө
  • Сүйүп калып, күйүп-жанып, Жалынам жалгыз күн деп сен. Кылыктанып, жашоону алдың бийлеп сен. Айла канча, убайым жедим, убайым. Жабыктырып, зарыктырып, Жүрөсүң неге билмексен? Арманы көп айлар өтөт, Айтамын дале күн деп сен. Жандап өтөт жаштыгың жашыл көйнөкчөн, Айла канча, азапка баттым, азапка. Жалоорутуп, жан оорутуп, Болосуң неге көрмөксөн? Сени карай дарыядай, Ойлорум тынбай жарышкан. Мен аябай коркчу элем, Сүйүп калыштан. Айла канча, алыстан күндү сүйгөндөй, Жөн жүрөйүн, мен жүрөйүн, Өзүңдү сүйүп алыстан.
  • Мен сени ойлой берем, кышта, жазда, Майрамда, ысык-суукта, сезим азда. Өмүрдүн өр тарттырып дөңгөлөгүн, Жыл улап чыккан сайын ар бир жашка. Кайырма: Жашым жаш, чачым кара болгон менен, Эң алыс өмүр деген жолдон келем. Ошол жол такыр бүтүп калмайынча, Мен сени миң жаңыртып ойлой берем. Мен сени ойлой берем таңда, кечте, Жарым түн жакын калып, жарык өчсө. Алыстан из калтырып учкан жылдыз, Арылап жер чегине сүңгүп кетсем. Кайырма: Өзүңдү өмүр бою ойлой берем, Турмуштун кең дайрасын бойлой келем. Экөөбүз түбөлүккө бир болсок деп, Түшүмдө да, өңүмдө ойлоор элем. Кайырма:
  • Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат, Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат. Деңизге теңелер сездиңби тереңин, Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин. Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет. Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай, Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай. Түн келсе тооруган ишенгин ар убак, Күн чыга жолуңан нуруна дарылап, Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет.
  • Жолукпай калсаң эгер, Сендейди табар белем? Жан дүйнөм толот беле? Өзүмө суроо берем. Кезикпей калсаң эгер, Бактымды табар белем? Жомогуң болбойт эле, Дегендей муздайт денем. Эң таттуу күндөр өткөн, Көл жээкте бирге болгон. Сыйкырын сезет белем, Жолукпай калган болсом? Жаркыган айлуу түндө, Таңдардын аппак аткан. Сырын ким мага ачмак, Калсаң сен жолукпастан? Ырларым сага арнаган, Кас туруп басат беле? Сырларым ичке каткан, Мен кимге айтар элем? Тагдырга ыраазымын, Өзүңө жолуктурган. Өмүргө азык болгон, Сезимге толуп турам.
  • Аккан суу түз кеталбайт, сай болбосо, Караңгы жарык болбойт, ай болбосо, Чыракта пилик күйбөйт, май болбосо. Талаанын көркү кайда, гүл болбосо? Гүл ачып, кубат албайт, күн болбосо, Акындар ырдай албайт, тил болбосо, Душманың жазганабы, сүр болбосо? Ала-Тоо коркко келбейт эл болбосо? Комуздан абаз чыкпайт, кыл болбосо, Сүйүшүп эл каалабайт, ыр болбосо. Аялдын көркү кайда, чач болбосо Тоолордун салмагы аз, таш болбосо. Узакка кабар жетпейт, кат болбосо, Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо, Ак жүздө кызыл болбойт, нур болбосо, Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо, Нан чайнап жута албайсың, тиш болбосо, Балбандын аты чыкпайт, күч болбосо. Көздөгөн максатыңа жете албайсың, Колуңда бардык жарак бүт болбосо. Чарбанын көркү болбойт мал болбосо, Арчанын саясы жок, шак болбосо, Булбул куш кайда конот, бак болбосо Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо Аргымак ат арыбайт, бел болбосо, Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо, Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо!
  • Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз. Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз. Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз, Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз. Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз. Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз. Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз. Сөз ыргыткан жигитти «сүйсөң мейли, күт» дейбиз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына. Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз, Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
  • Арабыздан жакшы-жаман сөз өттү, Ич жылытып, сыздатып да өзөктү. Эми качан бий бийлейбиз чогулуп? Убакытты таппай жүрүп жаз өттү. Адам болдук, бой көтөрдүк, кыйналдык, Жамандыкка бирибизди кыйбадык. Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың? Көзүңөрдөн турар эле нур жанып. Турмуштун чоң агымында агылдык, Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык. Кайда калды бала кыял мүнөздөр? Түшкө кирет жылажындай жаңырып. Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың? Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыдан шамаал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп, жамгыр төктү, Ошол күндөр кайда кетти? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү, эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагынтасың жүрөктү эзип, Колдон учкан ак кушумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырларда эскеребиз, Алгач сүйүү унутулбай Кайырма:
  • Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө, Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге. Асман турат бир жылдызы кем болуп, Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө. Кайырма: Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк, Жайкы жамгыр басылганда тыйылып. Тышка чыгып, балким, терең дем алсам, Сенин демиң калар мага угулуп. Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп, Жаттың экен азыр деги нени эстеп? Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени, Жылуу кийим алып, балким, келет деп? Кайырма: Бүркөлгөндө асман кокус тунарып, Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып. Күн ачылса кабагың да ачылып, Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып. Кайырма:
  • Жаңы бышкан нандын жыты, Күндүн жайкы ысыгы. Нан көп болсо үйдүн куту, Эки беттин кызылы. Жаңы бышкан нандын даамы, Жалпы дыйкан эмгеги. Бүткүл элдин жүрөк каны, Кен байлыгы жердеги. Жаңы бышкан нандын жыты, Жазган ыры акындын. Көзгө сүйкүм тынчтык кушу, Күч-кубаты баатырдын. Жаңы бышкан нандын даамы, Ата-Журттун дымагы. Ошондуктан элдин нугу, Эзелтеден тынбады.
  • Эмненидир мен сага арноом керек, Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир. Ал күндөрдө түбөлүк калгым келет, Эмненидир мен сага арноом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын. Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек, Барбы алдыда көздөшүү эч ким билбейт. Ошол түнгө кайрадан баргым келет, Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын. Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек, Качандыр бир кездерде жолугам деп. Ушул ырды жакшы деп арноом керек, Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.
  • Бакытка алып барчу жол алыстай, Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели. Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели, Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели. Башкалар арзый албас мага сендей, Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү. Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү, Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү. Сүйүүнү тараза менен ченебес, Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй. Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес, Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй. Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой, Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү. Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү? Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
  • Ак мөңгү тоолордон кемер курчанган, Акак таштай шаарым, сенсиң суйкайган. Көк тиреп үйлөрүң көкөлөп, ай, Көчөлөр көркөм көгүш нур чалган. Кызгалдак гүлдөрүң жылдыз тагынган, Кымбатсың сен көргөн адам сагынган. Биздин куттуу элдин ордосу, ай, Кылымдап тур деп бизге салынган. Кайырма: Бишкек, мекен кылып, аталар жүргөн жер, Жигит-кызы кайтарып, бекем сүйгөн жер. Өмүр берилет баладан балага, Өс дагы да улам жайнап, гүлдөй бер. Делами славен будь, мой дивный город, Сердцам простых людей, ты мил и дорог. Напрасным будет пусть извечный спор, Ты самый лучший город среди гор! Кайырма:
  • Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Асыл энем, таалайым сенсиң энем, Жыргалым сен, бакытым сен, Сүйүктүү менин энем. Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүмдүн карегиндей бапестеген, Алтындай эмгегиңди неге теңейм? Кайырма:
  • Уйкуман серпилгенде алыс жактан, Айылдын ак таңдары эске келет. Жолунун боз чаңдары көздөн учуп, Көңүлүм өскөн жерге имерилет. Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип, Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн. Апалар таңда туруп уй сааганда, Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн. Туулган жер, кудуретиң сагындырып, Элесиң көз алдыма мелт-калт этет. Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип, Yмүтүм закымдарга батып кетет.
  • Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп Үч кылына өмүр калган өрүлүп Бапестесе атам сени баладай Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп Өксүбөчү алтын комуз кайгырып Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз Эркелеткен атабыздан айрылып Өксүбөчү жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум Солкулдап жүрөк жашыса Соороном угуп добушуң Атам мага айтпай калган керээзин Алтын комуз күүгө салып келесиң Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып Көзгө тартат атакемдин элесин Жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум.
  • Келем дедиң чабалекей келгенде, Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге, Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты, Келгин куштар кайра кайтып кеткенде Кайырма: Келем дедиң кар түшкөндө талаага, Келген жоксуң кечиктиң не садага. Кар да кетти өзөндө муз ээриди, Салып коюп муздак бир ой санаага. Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып. Жылдар келип жылдар акты бир далай, Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай, Кетип жатып мага берген бир гүлүң, Тереземде дале турат кургабай. Кайырма: Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
  • Жаз убак келип, жымыңдайт күн да, Бүчүрлөр байлап, жашыл төр бакта. Сени сагынып жүрөмүн мен да, Жолго тагылып, саймалап жазда. Кайырма: Сагынычта күндөр узарат, Элесиң турат, күлө бир карап. Кусалык тарайт, Жүрөгүмдү улам сыздатты, Жаным ырбатып, күндөр сагынтып. Суктанып эстеп турчу бир арман, Өткөндү эңсеп ойлонуп калам. Көңүл тазарып, умтулуп барам, Жазым ажайып, ал да бир арман. Кайырма: Биз жүргөн күндөр келет эсиме, Сен берген гүлдөр ар кыл наз эле. Өзүңдөй адам табылбас эч да, Өткөн күн арман кайрылбас кайра. Кайырма:
  • Аскасы көктү тирегендей, Кайберен зоого түнөгөн, эй. Көркөмү сонун биздин жер, ай, Бүркүтү булут жиреген да. Булактар шыңгыр үн курап, ай, Таш жарып чыккан мүрөк сен. Ала-Тоо элдин сыймыгы, ай, Бабабыз Манас жердеген. Кайырма: Абалтан кыргыз жердеген, ай, Айтылуу кутман элден мен. Кылымды кымтып кыз куумай, Жигити намыс бербеген. Улак, ий, тартыш, ат чапмай да, Таң калат адам көрбөгөн. Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай, Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй! Меймандос өзү пейли кеңдей, Даңктаймын ырдап сени мен, эй. Канымда кошо айланган, ай, Ак пейил кыргыз эзелтен да. Туу кармап антка бек туруп, ай Достору үчүн кол белен. Салттарын жандай сактаган, ай, Ойлонуп сыпаа сүйлөгөн. Кайырма: Абалтан кыргыз жердеген, ай, Айтылуу кутман элден мен. Кылымды кымтып кыз куумай, Жигити намыс бербеген. Улак, ий, тартыш, ат чапмай да, Таң калат адам көрбөгөн. Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай, Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй!