Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досторго»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арабыздан жакшы-жаман сөз өттү,
Ич жылытып, сыздатып да өзөктү.
Эми качан бий бийлейбиз чогулуп?
Убакытты таппай жүрүп жаз өттү.
Адам болдук, бой көтөрдүк, кыйналдык,
Жамандыкка бирибизди кыйбадык.
Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
Турмуштун чоң агымында агылдык,
Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык.
Кайда калды бала кыял мүнөздөр?
Түшкө кирет жылажындай жаңырып.
Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.

Другие песни исполнителя:

  • Ай нуру бизге төгүлдү, Алтыным аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда турган өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлду, Күмүшүм аччы көңүлдү Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдей, Жабыккан түрүн билдирет Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет. Алыска кетем эл үчүн, Айланып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрөгөр Асылкеч курбум мен үчүн.
  • Эсеби жок бийигиңде жылдыздын, Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун. Эли жерин көктөн колдоп турганга, Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын. Кайырма: Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың, Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың. Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп, Жашап келет, ачык асман эл тилеп. Көз алдыңан канча заман өтсө да, Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп. Кайырма: Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың, Ай жылдыздар айланса да жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың… Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат? Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат. Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры, Мен ишенем, жаным сенден жай табат. Кайырма: Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың, Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, адамдардын тардыгына ыйлайсың…
  • Бир ырда жүрөгүм ууланган, Бир ырда кирпигим сууланган. Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да, Кубаныч, кайгыдан куралган. Өткөн күн каяктан табылсын, Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың. Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм, Өзүңдө ырларым жаңырсын. Кайырма: Угуп кой, санаага батканда, Унутуп, кайгыны басканга. Бир үзүм үмүттү тапканга, Угуп кой, түн уйкуң качканда. Жалынды ыр менен тоскомун, Жанымды ырыма кошкомун. Сыздаган сезимди күүгө салып, Кылына комуздун окшодум. Үн созом махабат багында, Жүрөктүн добушу барында. Жар салып өтөм да тирүүлүктү, Жашаймын жакшы ырдын сабында. Кайырма:
  • Түндөрүң бейпил, түштөрүң болсун Сенин керемет Бул өмүр сага арналган жараткандан Ыйык бир белек Турмуш ушундай ачуусу, Таттуусу бар түгөнбөгөн Жетелейт кыял, көкөлөтүп Үмүттөргө үзүлбөгөн Кайырма: А мен кааларым: ден соолук, Узун өмүр, байлык дагы. Элимдин бузулбасын ынтымагы Өчпөсүн үмүт шамы Өмүрүң эмне? Күлкүбү ый Аралаш күйүт салган. Өкүнүч арман, көңүлдү Жүрөктү да жаралаган. Азабыңа айла жок күйүп бүтүп Сен да чыгаарсың Жыргалыңа шаттанып Ырахаттанып кубанаарсың Кайырма: А мен кааларым: ден соолук, Узун өмүр, байлык дагы. Элимдин бузулбасын ынтымагы Өчпөсүн үмүт шамы.
  • Балалыкка бардык дүйнө тартылат, Бала үчүн бардык бакыт айтылат. Эң биринчи «ата, апа» деп сүйлөсө, Жүрөк балкып, келечегиң жаркырап. Карагыла башка сезим, көз менен, Балаңарга жылмаюуну тартуулап. Таттуу уйкуда жатса балаңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Абдан жакын болсо араңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Эгер аны чексиз сүйсөңөр, Анда мыкты ата-энесиңер. Ал жылмайса кошо күлсөңөр, Анда силер мыкты ата-энесиңер. Өмүр бою бөлүп жүрөк жартысын, Ким издебейт балдарынын бактысын. Бүт ааламга сунар элем сураса, Сүйүү кылып карегинин тамчысын. Карагыла башка сезим, көз менен, Балдарыңдын келечекте бактысын. Таттуу уйкуда жатса балаңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Абдан жакын болсо араңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Эгер аны чексиз сүйсөңөр, Анда мыкты ата-энесиңер. Ал жылмайса кошо күлсөңөр. Анда силер мыкты ата-энесиңер.