Казахские песни Узбекские песни

Песня «А мен кааларым»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түндөрүң бейпил, түштөрүң болсун
Сенин керемет
Бул өмүр сага арналган жараткандан
Ыйык бир белек
Турмуш ушундай ачуусу,
Таттуусу бар түгөнбөгөн
Жетелейт кыял, көкөлөтүп
Үмүттөргө үзүлбөгөн

Кайырма:
А мен кааларым: ден соолук,
Узун өмүр, байлык дагы.
Элимдин бузулбасын ынтымагы
Өчпөсүн үмүт шамы

Өмүрүң эмне? Күлкүбү ый
Аралаш күйүт салган.
Өкүнүч арман, көңүлдү
Жүрөктү да жаралаган.
Азабыңа айла жок күйүп бүтүп
Сен да чыгаарсың
Жыргалыңа шаттанып
Ырахаттанып кубанаарсың

Кайырма:
А мен кааларым: ден соолук,
Узун өмүр, байлык дагы.
Элимдин бузулбасын ынтымагы
Өчпөсүн үмүт шамы.

Другие песни исполнителя:

  • Мен махабат жарчысы, Ырлар сезим тамчысы. Жашоо деген жарык күн, Караңгы түн жартысы. Сен изденип талыкпай, Дүйнө кезип чабыттай. Кадырыңа жеткенди, Карма алтын балыктай. Кайырма: Кара түндү айдап көңүлдөн, Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн. Арууланып дайым жан дүйнөм, Ак сүйүүгө болсун өрүлгө. Тилек узун, күн кыска, Тирүүлүктө бир нуска. Өмүр бекер өтпөсүн, Өзүңдү тап турмушта. Кайырма:
  • Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Асыл энем, таалайым сенсиң энем, Жыргалым сен, бакытым сен, Сүйүктүү менин энем. Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүмдүн карегиндей бапестеген, Алтындай эмгегиңди неге теңейм? Кайырма:
  • Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем, Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем. Ардагымды жолдон кантип жоготтум? Арманымды агызамын жел менен. Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй, Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй. Көл булуттар, мен силердей буулугуп, Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм. Кайырма: Булуттар, булуттар, Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар, Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар. Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм? Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм? Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай, Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин. Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун, Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң. Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө, Уккум келбейт канатымдын жоктугун. Кайырма: Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал, Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар. Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга, Көл булуттар, катарыңа кошуп ал. Бактым кайда, жер кезейин жел менен, Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге? Бактым кайда, баратамын тосуп ал, Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем. Кайырма:
  • Сүйүп калып, күйүп-жанып, Жалынам жалгыз күн деп сен. Кылыктанып, жашоону алдың бийлеп сен. Айла канча, убайым жедим, убайым. Жабыктырып, зарыктырып, Жүрөсүң неге билмексен? Арманы көп айлар өтөт, Айтамын дале күн деп сен. Жандап өтөт жаштыгың жашыл көйнөкчөн, Айла канча, азапка баттым, азапка. Жалоорутуп, жан оорутуп, Болосуң неге көрмөксөн? Сени карай дарыядай, Ойлорум тынбай жарышкан. Мен аябай коркчу элем, Сүйүп калыштан. Айла канча, алыстан күндү сүйгөндөй, Жөн жүрөйүн, мен жүрөйүн, Өзүңдү сүйүп алыстан.
  • Сүйүүңөр батпай ичке Тиктешип карашкыла Капаны катпай ичте Урушуп жарашкыла Көрүшпөй көп убакыт Сагынып арзышкыла Билгенге ушул бакыт Кат менен жазышкыла Айтылып обу жок сөз Күлкүнү катыргыла Ой айтып ортоңорго Дүйнөнү батыргыла Чыланып жаан алдында Корголоп чуркагыла Бул сүйүү силердики Башканы укпагыла Каалгасын жүрөктөрдүн Кош колдоп ачышкыла Көңүлгө имерилип Көз жашты арчышкыла Жакшы соз арнашууда Тынымсыз жарышкыла С өз күчүн жоготкондо Кучакка алышкыла Жашырбай бирда сырды бөлүшкүлө Укканда бир-бириңди Аябай көнүшкүлө Ошинтээр бирөө болсо Кубанып сүйүнгүлө Калганы келет кетет Сүйгүлө сүйүлгүлө