Казахские песни Узбекские песни

Песня «Убайым»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйүп калып, күйүп-жанып,
Жалынам жалгыз күн деп сен.
Кылыктанып, жашоону алдың бийлеп сен.
Айла канча, убайым жедим, убайым.
Жабыктырып, зарыктырып,
Жүрөсүң неге билмексен?
Арманы көп айлар өтөт,
Айтамын дале күн деп сен.
Жандап өтөт жаштыгың жашыл көйнөкчөн,
Айла канча, азапка баттым, азапка.
Жалоорутуп, жан оорутуп,
Болосуң неге көрмөксөн?
Сени карай дарыядай,
Ойлорум тынбай жарышкан.
Мен аябай коркчу элем,
Сүйүп калыштан.
Айла канча, алыстан күндү сүйгөндөй,
Жөн жүрөйүн, мен жүрөйүн,
Өзүңдү сүйүп алыстан.

Другие песни исполнителя:

  • Элибизге мейман келсе, Жайылат ак дасторкон. Дүйүм тамак, шербет мейиз, Дасторконго жык толгон. Кыргыз пейили тоодой бийик, Көлдөй таза, туптунук. Колдо барын төгүп салып, Аябагын достордон. Кайырма: Дасторконду кенен жайгын, Күлкү болсун, ыр болсун. Бабалардан калган мурас, Келе жатат бул жосун. Элге-жерге берсин бакыт, Кут төгүлгөн береке. Умай эне, Теңир ата, Урпактарын колдосун. Дасторкондун даамын сызып, Көтөрөлү көңүлдү. Ынтымагы болсун дайым, Болсун элим өмүрлүү. Намысыңды дасторкондой, Кирсиз, таза сактагын. Арам ойлуу адам келсе, Тебелетпе төрүңдү. Кайырма:
  • Огнём потерянной в жизни, Когда-то догорая. Оставила мне эти сны, Себя не оставляя. У берегов большой реки, Кидая слов монетки. Сожгли последние мосты, В огонь кидая ветки. Кайырма: Знаешь, я скучаю, без тебя скучаю, Криком улетая, небо обнимаю. Даже птицы в мае все про нас не знали, Мы с тобой летали. Что же стало с нами? Под дверью розовый букет, Оставлю как однажды. Простой вопрос, простой ответ, Холодных слов, не важных. У берегов большой реки, Кидая слов монетки. Сожгли последние мосты, В огонь кидая ветки. Кайырма:
  • Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат, Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат. Деңизге теңелер сездиңби тереңин, Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин. Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет. Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай, Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай. Түн келсе тооруган ишенгин ар убак, Күн чыга жолуңан нуруна дарылап, Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет.
  • Жаз келди, айлана жашыл бубак, Ажайып угулат шыңгыр булак. Сагыныч күндөрүн күүгө улап, Түркүн куш сайрашат, сайран курат. Ызгардуу күндөр да кетсин узап, Ырыскы, береке келсин чубап. Аруулук, сулуулук бизди курчап, Ноорузда ыр сунам назын курап. Кайырма: Мекеним, Ала-Тоом, кыргыз жерим, Өзгөчө меримиң сенин демиң. Жаз майрам, нооруз күн куттуу болсун, Сага арнайм ырларымды, кутман элим. Билинбей өткөнсүп сансыз убак, Назданган махабат жаштык курак. Өкүнбөйм өткөн күн, жылдарыма, Ар дайым ырларым берсин кубат. Бийлейли биз бүгүн жаштык вальсын, Жүрөктө махабат оту жансын. Бак-таалай, бейпилдик, бейкуттукта, Шаң менен тосолу сүйүү жазын. Кайырма: Жаз келди, айлана жашыл бубак, Ажайып угулат шыңгыр булак. Сагыныч күндөрүн күүгө улап, Түркүн куш сайрашат, сайран курат. Ызгардуу күндөр да кетсин узап, Ырыскы, береке келсин чубап. Аруулук, сулуулук бизди курчап, Ноорузда ыр сунам назын курап. Кайырма:
  • Бир ырда жүрөгүм ууланган, Бир ырда кирпигим сууланган. Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да, Кубаныч, кайгыдан куралган. Өткөн күн каяктан табылсын, Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың. Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм, Өзүңдө ырларым жаңырсын. Кайырма: Угуп кой, санаага батканда, Унутуп, кайгыны басканга. Бир үзүм үмүттү тапканга, Угуп кой, түн уйкуң качканда. Жалынды ыр менен тоскомун, Жанымды ырыма кошкомун. Сыздаган сезимди күүгө салып, Кылына комуздун окшодум. Үн созом махабат багында, Жүрөктүн добушу барында. Жар салып өтөм да тирүүлүктү, Жашаймын жакшы ырдын сабында. Кайырма: