Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир нуска»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен махабат жарчысы,
Ырлар сезим тамчысы.
Жашоо деген жарык күн,
Караңгы түн жартысы.
Сен изденип талыкпай,
Дүйнө кезип чабыттай.
Кадырыңа жеткенди,
Карма алтын балыктай.
Кайырма:
Кара түндү айдап көңүлдөн,
Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн.
Арууланып дайым жан дүйнөм,
Ак сүйүүгө болсун өрүлгө.
Тилек узун, күн кыска,
Тирүүлүктө бир нуска.
Өмүр бекер өтпөсүн,
Өзүңдү тап турмушта.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бакытка алып барчу жол алыстай, Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели. Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели, Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели. Башкалар арзый албас мага сендей, Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү. Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү, Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү. Сүйүүнү тараза менен ченебес, Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй. Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес, Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй. Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой, Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү. Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү? Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
  • Ырдаса булбул ашыгын, Ыргалат гүлдөр акырын. Сен болдуң жанга жакыным, ай, Сездирип дүйнө асылын, Асылым менин, асылым. Кайырма: Күн кармап алган түшүмдөй, Күтүлбөй келчи күтүлбөй. Биз үчүн дүйнө жаралып, Биз менен дүйнө бүтүндөй. Күтүлбөй келчи, күтүлбөй… Ойлобой өмүр жалганын, От болуп жанып алгамын. Өчүрбөй ошол сезимди, ай, Өзүңө келет арнагым, Ардагым менин, ардагым. Кайырма: Ай-жылдыз болуп сырдашым, Ашыктык ырын тыңдасын. Түнөгүң болбой жалгыздык, ай, Жүрөгүм сен деп ырдасын, Кымбатым менин, кымбатым. Кайырма:
  • Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп Үч кылына өмүр калган өрүлүп Бапестесе атам сени баладай Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп Өксүбөчү алтын комуз кайгырып Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз Эркелеткен атабыздан айрылып Өксүбөчү жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум Солкулдап жүрөк жашыса Соороном угуп добушуң Атам мага айтпай калган керээзин Алтын комуз күүгө салып келесиң Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып Көзгө тартат атакемдин элесин Жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум.
  • Элибизге мейман келсе, Жайылат ак дасторкон. Дүйүм тамак, шербет мейиз, Дасторконго жык толгон. Кыргыз пейили тоодой бийик, Көлдөй таза, туптунук. Колдо барын төгүп салып, Аябагын достордон. Кайырма: Дасторконду кенен жайгын, Күлкү болсун, ыр болсун. Бабалардан калган мурас, Келе жатат бул жосун. Элге-жерге берсин бакыт, Кут төгүлгөн береке. Умай эне, Теңир ата, Урпактарын колдосун. Дасторкондун даамын сызып, Көтөрөлү көңүлдү. Ынтымагы болсун дайым, Болсун элим өмүрлүү. Намысыңды дасторкондой, Кирсиз, таза сактагын. Арам ойлуу адам келсе, Тебелетпе төрүңдү. Кайырма:
  • Ай нуру бизге төгүлдү, Алтыным аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда турган өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлду, Күмүшүм аччы көңүлдү Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдей, Жабыккан түрүн билдирет Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет. Алыска кетем эл үчүн, Айланып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрөгөр Асылкеч курбум мен үчүн.