Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ашыктык ыры»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакытка алып барчу жол алыстай,
Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели.
Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели,
Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели.
Башкалар арзый албас мага сендей,
Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү.
Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү,
Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү.
Сүйүүнү тараза менен ченебес,
Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй.
Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес,
Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй.
Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой,
Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү.
Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү?
Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.

Другие песни исполнителя:

  • Жайдын бир толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, Жайдары селки эсимде. Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсимде, Турмуштун сыры тереңдеп. Анттыңды ойлоп таңдагы, Көңүлүм сенден калбады Азыркы шайыр жаштардын, Өзүңдөй болсо алганы.
  • Жыңайлак баскан издерим, Жылгаңдан келет издегим. Ар дайым кубат жаныма, Ак чокуң, мейкин түздөрүң. Сууларың тунук агылган, Бүткөндөй менин канымдан. Учурган канат байлатып, Уям сен жүрөк сагынган. Мээримиң кимге теңелсин, Мен үчүн атам-энемсиң. Жакыным боорум тууган жер, Жанымдан артык белемсиң.
  • Күн дүйнөнү ар убак, Күүгө салат табигат. Жалбырактар даракта, Алакандай чабылат. Шаң учурган шамалдан, Шаттык ыры жаралган. Толкуп кетип обонго, Тоолор бийик жаралган. Кайырма: Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын. Кубанычты аркалап, Куштар сайрап жар салат. Жалганына карабай, Жашоо кандай салтанат! Ырчы болор жорголор, Сырдуу обон ойнолот. Сүйүү тилеп адамзат, Сезим кылдай толгонот!
  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек