Казахские песни Узбекские песни

Песня «Булуттар»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,
Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем.
Ардагымды жолдон кантип жоготтум?
Арманымды агызамын жел менен.
Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй,
Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй.
Көл булуттар, мен силердей буулугуп,
Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм.
Кайырма:
Булуттар, булуттар,
Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,
Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.
Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?
Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.
Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун.
Кайырма:
Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал,
Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар.
Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга,
Көл булуттар, катарыңа кошуп ал.
Бактым кайда, жер кезейин жел менен,
Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге?
Бактым кайда, баратамын тосуп ал,
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кадырлап бир кат жазамын, Капамды мен качан ачамын? Катымдын жообун кайра жаз, Деги сынбасын менин назарым. Айыл бир сенин турагың, Айылдаш, эсен турамын. Каттаган-өткөн кишиден, Деги билмексен болуп сурадым. Карайып кашым коюлган, Кадырың кетпейт оюмдан. Сагынсаң ай салам жаза жүр, Деги сабатың сенин жоюлган. Караймын ай эрте жолуңду, Кармасам деймин колуңду. Кат сабатың сенин жоюлган, Деги кайтаргын эрте жообуңду.
  • Келем дедиң чабалекей келгенде, Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге, Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты, Келгин куштар кайра кайтып кеткенде Кайырма: Келем дедиң кар түшкөндө талаага, Келген жоксуң кечиктиң не садага. Кар да кетти өзөндө муз ээриди, Салып коюп муздак бир ой санаага. Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып. Жылдар келип жылдар акты бир далай, Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай, Кетип жатып мага берген бир гүлүң, Тереземде дале турат кургабай. Кайырма: Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
  • Сен менин жазылбаган ырларымсың, Сен менин айтылбаган сырларымсың. Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон, Сен менин жаштык жалын жылдарымсың. Сен менин дүйнөдөгү жыргалымсың Сен менин көк деңизим чалкып жаткан, Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан. Эң назик эрке сезим кылдарындай, Сен менин жыргалымсың нурун чачкан, Сен менин келечегим бакыт ачкан. Сен менин ак кептерим канат каккан, Сен менин мөл булагым калкып аккан. Ыраазымын миң мертебе тагдырыма, Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан. Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан
  • Өмүр! Өтпөш керек өкүнүчтө өмүр. Өмүр! Өчпөш керек үмүт нуру өмүр. Кандай жаман каректен жаш аккан. Арман. Энелерди аза күтүү баскан. Арман. Оой арман. —- Агат! Аянычтуу көздөн жашым агат. Азап! Таштандыдай жан ташталса азап. Айыкпаган жан-дүйнөмдө арман. Өтүп бул күн бүтөт дүйнөң жалган. Жазган. ——- Жашоо кандай сонун белек! Жашап үйрөнөлү демек! Жашоо ырахаттуу белек! Аткарылса аруу тилек! —— Жашоо кандай сонун белек! Баалап баркын билсек демек! Жашоо кандай сонун белек! Жашап сүйүп аны билсек! ——- Үмүт! Үзүлбөгөн өчпөс жарык үмүт. Үмүт! Туңгуюктан алып чыгат үмүт! Кандай жакшы көзүнөн нур чакчкан, жылмайсаң! Кучагында кубаныч гүл ачкан