Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен менин жазылбаган ырларымсың»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жылдарымсың.
Сен менин дүйнөдөгү жыргалымсың
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан,
Сен менин келечегим бакыт ачкан.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан

Другие песни исполнителя:

  • Эсеби жок бийигиңде жылдыздын, Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун. Эли жерин көктөн колдоп турганга, Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын. Кайырма: Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың, Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың. Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп, Жашап келет, ачык асман эл тилеп. Көз алдыңан канча заман өтсө да, Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп. Кайырма: Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың, Ай жылдыздар айланса да жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың… Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат? Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат. Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры, Мен ишенем, жаным сенден жай табат. Кайырма: Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың, Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, адамдардын тардыгына ыйлайсың…
  • Күндө күтүп бакыт берген сезимди, Күтүү мага үмүт болуп сезилди. Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок, Кусалыктар каптап турат кечимди. Жашоо бизге сынак тура бир келген, Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген. Сынай карап, сен дилиңди ачкыча, Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден. Кайырма: Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба, Биздин сүйүү калат балким миң жылга. Бир болбосок, өмүр жолун карытып, Бир махабат кала берет бул ырда. Махабатка суусагансыйт жүрөгүм, Күн карытып мейли сени күтөйүн. Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн, Сени менен бир өтөөрүн билемин. Кайырма:
  • Көркөмдүү кенен төрү бар, Берметтей тунук көлү бар. Таңшыган тоодо булбулдай, Талантты сүйгөн эли бар. Ырыскы берген ченебей, Кылымга жетер кени бар. Ала-Тоо менен курчалган, Керилип жаткан жери бар. Дайрасы туйлап шар аккан, Жарыгын суудан жараткан. Мөмөсү таттуу дүйнөдө, Гүлүнөн дагы бал аккан. Жеримдин көркөм дастанын, Акындар мактап жазганын. Жарыя салып ырдашсын, Жалындуу уул-кыздарың. Кайырма: Аталар бизге калтырган, Аздектеп жүрүп сан жылдан. Азаттык орноп мекенге, Комуздун күүсү жаңырган. Кымбатсың бизге баарынан, Мекеним Кыргызстан. Балалык күнүм өткөн жер, Бакытка колум жеткен жер. Өмүрдүн таттуу күндөрүн, Өзүңдөн алдым өскөн жер. Залкарлар күүсүн черткен жер, Даткалар басып өткөн жер, Тарыхы берип таасирин, Таланттуу жаштар өскөн жер. Кайырма: Улуулар бизге калтырган, Урпагы сүйүп жактырган. Кымбатым ыйык мекеним, Жазылсын атың алтындан. Аталар бизге калтырган, Аздектеп жүрүп сан жылдан. Азаттык орноп мекенге, Комуздун күүсү жаңырган. Кымбатсың бизге баарынан, Мекеним Кыргызстан.
  • Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп Үч кылына өмүр калган өрүлүп Бапестесе атам сени баладай Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп Өксүбөчү алтын комуз кайгырып Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз Эркелеткен атабыздан айрылып Өксүбөчү жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум Солкулдап жүрөк жашыса Соороном угуп добушуң Атам мага айтпай калган керээзин Алтын комуз күүгө салып келесиң Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып Көзгө тартат атакемдин элесин Жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум.
  • Көк майсаң көркөм тектирдин, Гүлдөрүн искеп көп тердиң. Сыланган сулуу кызгалдак, Сыймыгы белең көктөмдүн? 2 жолу Кубанып карап күлүпмүн, Аралай басып жүрүпмүн. Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Күлкүсү белең жигиттин? 2 жолу Куудуң да кыштын ызгаарын, Ордуна өстүң муз-кардын. Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Курдашы белең кыздардын? 2 жолу Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Курдашы белең кыздардын? 2 жолу