Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мекеним Кыргызстан»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көркөмдүү кенен төрү бар,
Берметтей тунук көлү бар.
Таңшыган тоодо булбулдай,
Талантты сүйгөн эли бар.
Ырыскы берген ченебей,
Кылымга жетер кени бар.
Ала-Тоо менен курчалган,
Керилип жаткан жери бар.
Дайрасы туйлап шар аккан,
Жарыгын суудан жараткан.
Мөмөсү таттуу дүйнөдө,
Гүлүнөн дагы бал аккан.
Жеримдин көркөм дастанын,
Акындар мактап жазганын.
Жарыя салып ырдашсын,
Жалындуу уул-кыздарың.
Кайырма:
Аталар бизге калтырган,
Аздектеп жүрүп сан жылдан.
Азаттык орноп мекенге,
Комуздун күүсү жаңырган.
Кымбатсың бизге баарынан,
Мекеним Кыргызстан.
Балалык күнүм өткөн жер,
Бакытка колум жеткен жер.
Өмүрдүн таттуу күндөрүн,
Өзүңдөн алдым өскөн жер.
Залкарлар күүсүн черткен жер,
Даткалар басып өткөн жер,
Тарыхы берип таасирин,
Таланттуу жаштар өскөн жер.
Кайырма:
Улуулар бизге калтырган,
Урпагы сүйүп жактырган.
Кымбатым ыйык мекеним,
Жазылсын атың алтындан.
Аталар бизге калтырган,
Аздектеп жүрүп сан жылдан.
Азаттык орноп мекенге,
Комуздун күүсү жаңырган.
Кымбатсың бизге баарынан,
Мекеним Кыргызстан.

Другие песни исполнителя:

  • Биз чоңойгон эле чек, Биз жолөнгөн теректер. Эске салды баарысын, Эски дептер. Чагылышкан каректер, Ак сүйүүгө себепкер. Саргайса да сакталган, Эски дептер. Кайырма: Балалык кездерим, Барактай эстедим, Сыйкырдуу сезилген, Сырдашым дептерим Бактылуу кездерим, Алыстап кеткенин Жашоомдо бир өзүң Жазылган дептерим Өткөн күндөн белектер Эскирбеген элестер Тасма сымал тартылган Эски дептер Кайд калды ал кечтер Кайгысы жок бал кездер Жашайт өчпөй ичинде Эски дептер Кайырма:
  • Ырдаса булбул ашыгын, Ыргалат гүлдөр акырын. Сен болдуң жанга жакыным, ай, Сездирип дүйнө асылын, Асылым менин, асылым. Кайырма: Күн кармап алган түшүмдөй, Күтүлбөй келчи күтүлбөй. Биз үчүн дүйнө жаралып, Биз менен дүйнө бүтүндөй. Күтүлбөй келчи, күтүлбөй… Ойлобой өмүр жалганын, От болуп жанып алгамын. Өчүрбөй ошол сезимди, ай, Өзүңө келет арнагым, Ардагым менин, ардагым. Кайырма: Ай-жылдыз болуп сырдашым, Ашыктык ырын тыңдасын. Түнөгүң болбой жалгыздык, ай, Жүрөгүм сен деп ырдасын, Кымбатым менин, кымбатым. Кайырма:
  • Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз. Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз. Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз, Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз. Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз. Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз. Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз. Сөз ыргыткан жигитти «сүйсөң мейли, күт» дейбиз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына. Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз, Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
  • Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени. Караңгы каптайт дүйнөңдү, Сүйгөнүң эгер жок болсо. Бир жолу ачкан гүл өңдүү, Соолуйсуң сүйүүң болбосо. Жайдары болот көңүлүң, Алыста бирөө ойлосо. Көркүнө келет өмүрүң, Ашыгың сени колдосо. Сезимге көңүл ток болсо, Муздаган жүрөк чок болсо. Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени. Махабат бакыт тартуулайт, Сүйүүңдү баркта кабылсаң. Жалгыздык арман таңуулайт, Сезимден эгер жаңылсаң. Жан шерик босун тумарың, Сезимге сен да багынсаң. Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени.
  • Тап таза элең Ала- Тоонун таңындай Жыпар жыт элең каркыранын жазындай Кереметтүү мекеним аза күткөн адамдай Азыр кайгырып кара кийип алгандай Кайырма: Кайран менин жерим Ала-Тоонун деми деген көркү жок Колдо болгон алтын баркы жок Кайран менин жерим Ыйлай берип соолуп көз жашы Ак мөңгүсүз калды топ ташы Атактуу элең ташка тарыхың жазган Эр жигиттери эзелтеден ыр дастан Эми жүрөт кор болуп башка элдин жеринде Көзүнөн учуп өз мекени Кыргызстан Кайырма: Кайран менин калкым Дүйнө кезип чачырады уул кызың Бар байлыгын сатты кыргызым Кайран менин калкым Касап майып канга жан кайгы Эл ойлогон бизди жан барбы Элим деген эр азамат жан барбы