Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шок жигит»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз.
Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз.
Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз,
Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз.
Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз.
Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз.
Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз.
Сөз ыргыткан жигитти «сүйсөң мейли, күт» дейбиз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз,
Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.

Другие песни исполнителя:

  • Сүйүүм турат жердин кени тургандай, Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай. Көкүрөккө сыймык толуп караймын, Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай. Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай, Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай. Таттуу сайрап, элжиретип сезимди, Таң алдында үн алышкан улардай. Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү, Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү. Сенин гана аман жүргөн карааның, Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
  • Кайдан жүрүп сага кабылдым? Карегиңде барбы жалының? Жан эргитип жумшак күлгөнүң, Жарыгыбы аткан таңымдын? Булбулсуңбу куштар багында? Анда келип кончу шагыма. Кучагымдан орун берейин, Күттүм элем, гүлүм, сагына. Кылгырасың неге мынчалык, Кирпигиңден сырдуу нур тамып? Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач, Жадырасын жаным тынч алып…
  • Жакшы дос өчкөн жанга от берет, Жаныңды жан досуңа кош демек. Жаркыбай жалаң гана майрамда, Жабыкканда жарык берген дос керек. Көрө албас, ич тардыкты жойгула, Бөлүнбөй акыреттик болгула. Сыр билги досуң тунук күзгүдөй, Сынып калса келбес кайра ордуна. Кайырма: Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай, Тунук бол көз жаштай, досторум менин. Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас, Күн болгун батпаган досторум менин. Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды, Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды. Күн достор силер менен бөлүшөм, Бир тууганга билдирбеген сырымды. Күлгүлө карегимден баш багып, Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып. Баарыңды күн достор деп атадым, Бар да силер баскан жолум жапжарык. Кайырма: Дооруңда түркүн адам кабылат, Дос изде, душман өзү табылат. Ар убак нурун төксө күн достор, Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
  • Кар сапырган кыштын ызгаар аязында, аязында, Кыялымдын гүлдүү, кооз талаасында, талаасында. Колтукташа басчу элем сени менен, Көздөрүңдүн кыбыңдаган карасында. Кызгалдак гүлдөрү, кызгалдак гүлдөрү жайначу анда… Көктөм келди, ал мына көктөм, көктөм келди, көктөм келди, Көңүл эңсейт бет сылаган жыттуу желди, жыттуу желди. Жүрү, тоого, жарыгым, ай, жүрү, тоого, Чарчабастан мен аралап кокту, белди. Кызгалдак гүлдөрүн, кызгалдак гүлдөрүн арнаймын сага… Бой ыргаша аркы-терки, жалбарына, жалбарына, Болот кумар алар сенин, жамалыңа, жамалыңа. Жыпар аңкыйт теребел бүт, торгой таңшыйт, Көктөм кандай, көркөм, кооз, жыргалыма. Кызгалдак гүлүм (ай), Кызгалдак гүлүм (ай) жайначы сен да!
  • Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем, Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем. Ардагымды жолдон кантип жоготтум? Арманымды агызамын жел менен. Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй, Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй. Көл булуттар, мен силердей буулугуп, Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм. Кайырма: Булуттар, булуттар, Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар, Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар. Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм? Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм? Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай, Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин. Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун, Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң. Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө, Уккум келбейт канатымдын жоктугун. Кайырма: Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал, Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар. Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга, Көл булуттар, катарыңа кошуп ал. Бактым кайда, жер кезейин жел менен, Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге? Бактым кайда, баратамын тосуп ал, Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем. Кайырма: