Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бала — бакыт»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Балалыкка бардык дүйнө тартылат,
Бала үчүн бардык бакыт айтылат.
Эң биринчи «ата, апа» деп сүйлөсө,
Жүрөк балкып, келечегиң жаркырап.
Карагыла башка сезим, көз менен,
Балаңарга жылмаюуну тартуулап.
Таттуу уйкуда жатса балаңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Абдан жакын болсо араңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Эгер аны чексиз сүйсөңөр,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Ал жылмайса кошо күлсөңөр,
Анда силер мыкты ата-энесиңер.
Өмүр бою бөлүп жүрөк жартысын,
Ким издебейт балдарынын бактысын.
Бүт ааламга сунар элем сураса,
Сүйүү кылып карегинин тамчысын.
Карагыла башка сезим, көз менен,
Балдарыңдын келечекте бактысын.
Таттуу уйкуда жатса балаңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Абдан жакын болсо араңар,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Эгер аны чексиз сүйсөңөр,
Анда мыкты ата-энесиңер.
Ал жылмайса кошо күлсөңөр.
Анда силер мыкты ата-энесиңер.

Другие песни исполнителя:

  • Сабалап келдим алдыңа, Саламат тосуп алгыла. Сагынып күткөн эл үчүн, Садага кеччү жан мына. Туйлаган жүрөк элим дейт, Туйгундар учкан жерим дейт. Тумардай ыйык ыр менен, Турмуштун жүгү жеңилдейт. Кайырма: Кадырлуу калкым, жазайын жарпың, Бийик бол тоодой, жылдызың жансын. Ардактуу калкым, алайын дартың, Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын. Уютку болуп өмүргө, Ушул күн калсын көңүлдө. Жаштыктан жалын тутанат, Жар салып сүйүү жөнүндө. Бекерге тартпа убайым, Белекке ырым сунайын. Береке толуп кыргызга, Бейпилдик болсун ылайым. Кайырма:
  • Темир жолдо поезд термелет, Телмиресиң алыс сен жөнөп. Артыңда калабы айыл бош, Аман кел, кайыр кош, кайыр кош. Биз айтабыз башка эмне деп, Кеттиң эле издеп бактыңды. Таптыңбы, мекендеш, таптыңбы? Кайырма: Ала-Тоо мурас калып атаңдан, Ажайып Ата Мекен аталбай. Тоолордон күлүп чыгып күн өмүр, Тоолорго күйүп кайра батар жан. Кадырын өз жериңди биле жүр, Кайтып келген сапардан. Дүйнө кезип деңиз кечесиң, Көйгөйлөрдөн көрдүң нечесин. Көп азап дагы да кез келет, Мээримдүү болсо экен өзгө жер. Максатыңа бирок жетесиң. Сени күтөт дайым мекениң, Мен тийлеймин эсенин. Кайырма:
  • Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени. Караңгы каптайт дүйнөңдү, Сүйгөнүң эгер жок болсо. Бир жолу ачкан гүл өңдүү, Соолуйсуң сүйүүң болбосо. Жайдары болот көңүлүң, Алыста бирөө ойлосо. Көркүнө келет өмүрүң, Ашыгың сени колдосо. Сезимге көңүл ток болсо, Муздаган жүрөк чок болсо. Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени. Махабат бакыт тартуулайт, Сүйүүңдү баркта кабылсаң. Жалгыздык арман таңуулайт, Сезимден эгер жаңылсаң. Жан шерик босун тумарың, Сезимге сен да багынсаң. Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени.
  • Күндө күтүп бакыт берген сезимди, Күтүү мага үмүт болуп сезилди. Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок, Кусалыктар каптап турат кечимди. Жашоо бизге сынак тура бир келген, Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген. Сынай карап, сен дилиңди ачкыча, Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден. Кайырма: Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба, Биздин сүйүү калат балким миң жылга. Бир болбосок, өмүр жолун карытып, Бир махабат кала берет бул ырда. Махабатка суусагансыйт жүрөгүм, Күн карытып мейли сени күтөйүн. Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн, Сени менен бир өтөөрүн билемин. Кайырма:
  • Эсеби жок бийигиңде жылдыздын, Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун. Эли жерин көктөн колдоп турганга, Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын. Кайырма: Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың, Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың. Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп, Жашап келет, ачык асман эл тилеп. Көз алдыңан канча заман өтсө да, Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп. Кайырма: Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың, Ай жылдыздар айланса да жылбайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, Адамдардын тардыгына ыйлайсың… Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат? Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат. Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры, Мен ишенем, жаным сенден жай табат. Кайырма: Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың, Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың. Асман, асман кээде булут жамынып, адамдардын тардыгына ыйлайсың…