Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынганда»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө,
Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге.
Асман турат бир жылдызы кем болуп,
Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө.
Кайырма:
Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк,
Жайкы жамгыр басылганда тыйылып.
Тышка чыгып, балким, терең дем алсам,
Сенин демиң калар мага угулуп.
Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп,
Жаттың экен азыр деги нени эстеп?
Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени,
Жылуу кийим алып, балким, келет деп?
Кайырма:
Бүркөлгөндө асман кокус тунарып,
Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып.
Күн ачылса кабагың да ачылып,
Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Балалыкка бардык дүйнө тартылат, Бала үчүн бардык бакыт айтылат. Эң биринчи «ата, апа» деп сүйлөсө, Жүрөк балкып, келечегиң жаркырап. Карагыла башка сезим, көз менен, Балаңарга жылмаюуну тартуулап. Таттуу уйкуда жатса балаңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Абдан жакын болсо араңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Эгер аны чексиз сүйсөңөр, Анда мыкты ата-энесиңер. Ал жылмайса кошо күлсөңөр, Анда силер мыкты ата-энесиңер. Өмүр бою бөлүп жүрөк жартысын, Ким издебейт балдарынын бактысын. Бүт ааламга сунар элем сураса, Сүйүү кылып карегинин тамчысын. Карагыла башка сезим, көз менен, Балдарыңдын келечекте бактысын. Таттуу уйкуда жатса балаңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Абдан жакын болсо араңар, Анда мыкты ата-энесиңер. Эгер аны чексиз сүйсөңөр, Анда мыкты ата-энесиңер. Ал жылмайса кошо күлсөңөр. Анда силер мыкты ата-энесиңер.
  • Өмүр! Өтпөш керек өкүнүчтө өмүр. Өмүр! Өчпөш керек үмүт нуру өмүр. Кандай жаман каректен жаш аккан. Арман. Энелерди аза күтүү баскан. Арман. Оой арман. —- Агат! Аянычтуу көздөн жашым агат. Азап! Таштандыдай жан ташталса азап. Айыкпаган жан-дүйнөмдө арман. Өтүп бул күн бүтөт дүйнөң жалган. Жазган. ——- Жашоо кандай сонун белек! Жашап үйрөнөлү демек! Жашоо ырахаттуу белек! Аткарылса аруу тилек! —— Жашоо кандай сонун белек! Баалап баркын билсек демек! Жашоо кандай сонун белек! Жашап сүйүп аны билсек! ——- Үмүт! Үзүлбөгөн өчпөс жарык үмүт. Үмүт! Туңгуюктан алып чыгат үмүт! Кандай жакшы көзүнөн нур чакчкан, жылмайсаң! Кучагында кубаныч гүл ачкан
  • Келем дедиң чабалекей келгенде, Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге, Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты, Келгин куштар кайра кайтып кеткенде Кайырма: Келем дедиң кар түшкөндө талаага, Келген жоксуң кечиктиң не садага. Кар да кетти өзөндө муз ээриди, Салып коюп муздак бир ой санаага. Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып. Жылдар келип жылдар акты бир далай, Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай, Кетип жатып мага берген бир гүлүң, Тереземде дале турат кургабай. Кайырма: Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
  • Эмненидир мен сага арноом керек, Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир. Ал күндөрдө түбөлүк калгым келет, Эмненидир мен сага арноом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын. Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек, Барбы алдыда көздөшүү эч ким билбейт. Ошол түнгө кайрадан баргым келет, Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын. Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек, Качандыр бир кездерде жолугам деп. Ушул ырды жакшы деп арноом керек, Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.