Казахские песни Узбекские песни

Песня «Нандын жыты»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаңы бышкан нандын жыты,
Күндүн жайкы ысыгы.
Нан көп болсо үйдүн куту,
Эки беттин кызылы.
Жаңы бышкан нандын даамы,
Жалпы дыйкан эмгеги.
Бүткүл элдин жүрөк каны,
Кен байлыгы жердеги.
Жаңы бышкан нандын жыты,
Жазган ыры акындын.
Көзгө сүйкүм тынчтык кушу,
Күч-кубаты баатырдын.
Жаңы бышкан нандын даамы,
Ата-Журттун дымагы.
Ошондуктан элдин нугу,
Эзелтеден тынбады.

Другие песни исполнителя:

  • Аскасы көктү тирегендей, Кайберен зоого түнөгөн, эй. Көркөмү сонун биздин жер, ай, Бүркүтү булут жиреген да. Булактар шыңгыр үн курап, ай, Таш жарып чыккан мүрөк сен. Ала-Тоо элдин сыймыгы, ай, Бабабыз Манас жердеген. Кайырма: Абалтан кыргыз жердеген, ай, Айтылуу кутман элден мен. Кылымды кымтып кыз куумай, Жигити намыс бербеген. Улак, ий, тартыш, ат чапмай да, Таң калат адам көрбөгөн. Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай, Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй! Меймандос өзү пейли кеңдей, Даңктаймын ырдап сени мен, эй. Канымда кошо айланган, ай, Ак пейил кыргыз эзелтен да. Туу кармап антка бек туруп, ай Достору үчүн кол белен. Салттарын жандай сактаган, ай, Ойлонуп сыпаа сүйлөгөн. Кайырма: Абалтан кыргыз жердеген, ай, Айтылуу кутман элден мен. Кылымды кымтып кыз куумай, Жигити намыс бербеген. Улак, ий, тартыш, ат чапмай да, Таң калат адам көрбөгөн. Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай, Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй!
  • Жолукпай калсаң эгер, Сендейди табар белем? Жан дүйнөм толот беле? Өзүмө суроо берем. Кезикпей калсаң эгер, Бактымды табар белем? Жомогуң болбойт эле, Дегендей муздайт денем. Эң таттуу күндөр өткөн, Көл жээкте бирге болгон. Сыйкырын сезет белем, Жолукпай калган болсом? Жаркыган айлуу түндө, Таңдардын аппак аткан. Сырын ким мага ачмак, Калсаң сен жолукпастан? Ырларым сага арнаган, Кас туруп басат беле? Сырларым ичке каткан, Мен кимге айтар элем? Тагдырга ыраазымын, Өзүңө жолуктурган. Өмүргө азык болгон, Сезимге толуп турам.
  • Уйкуман серпилгенде алыс жактан, Айылдын ак таңдары эске келет. Жолунун боз чаңдары көздөн учуп, Көңүлүм өскөн жерге имерилет. Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип, Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн. Апалар таңда туруп уй сааганда, Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн. Туулган жер, кудуретиң сагындырып, Элесиң көз алдыма мелт-калт этет. Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип, Yмүтүм закымдарга батып кетет.