Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туулган жерди сагынуу»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.
Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.

Другие песни исполнителя:

  • Ал күндөр кайда? Кайрылбас жайда, Жыл айланып жаз да келди кайра. Түнөрөт ай да, Жок эми айла, Сага арнаган аз өмүрүм – дайра. Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда? Жаз өтүп жайга, Күтүүдөн пайда, Үмүтүм узарып айдан-айга. Жалындай жайна, Жолуңдан тайба, Сапар улайт жашыл көктөм айда. Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда? Кайырма: Таң атпай, күнүбүз жарык чачпай, Жай таппай, жүрөмүн сырым ачпай. Сан күндөр өтөбү тыным албай, Кай жерден издеймин сени таппай? Ай-күнүм санап, Өзүңдү самап, Жай таба албай жүрөм туталанып. Ай-жылдыз тарап, Жолуңду карап, Сыр айта албай жүрөк буталанып. Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда? Кайырма:
  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек
  • Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө, Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге. Асман турат бир жылдызы кем болуп, Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө. Кайырма: Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк, Жайкы жамгыр басылганда тыйылып. Тышка чыгып, балким, терең дем алсам, Сенин демиң калар мага угулуп. Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп, Жаттың экен азыр деги нени эстеп? Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени, Жылуу кийим алып, балким, келет деп? Кайырма: Бүркөлгөндө асман кокус тунарып, Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып. Күн ачылса кабагың да ачылып, Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып. Кайырма:
  • Арзып келсең сагынычың жазылган, Абаң атыр, арчаң килем жашылдан. Ала-Тоодой аскар тоолор кимде бар? Айланайын, кыргыз жери атыңдан. Кайырма: Ата Мекен өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз, Ата Мекен өзүңдү өмүр бою сактайбыз. Ала-Тоодой алтын, Айланайын, калкым, Ай ааламга даңктайбыз. Кылымдардын күүсү сага катылган, Кыйырына алп Манасын батырган. Кызгалдактуу кымбат жайлоо кимде бар? Кыргыз жерим айланайын атыңдан. Кайырма: Ата Мекен өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз, Ата Мекен өзүңдү өмүр бою сактайбыз. Ала-Тоодой алтын, Айланайын, калкым, Ай ааламга даңктайбыз. Ак мөңгүлөр ай нуруна чачылган, Арманым жок, таалай-бактың табылган. Асманыңдан шумкар учуп ааламга, Аска-зооңон достук үнү жаңырган. Кайырма: Ата Мекен өзүңдү ардактайбыз, даңктайбыз, Ата Мекен өзүңдү өмүр бою сактайбыз. Ала-Тоодой алтын, Айланайын, калкым, Ай ааламга даңктайбыз.