Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жамгыр төктү»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кыз-жигиттер кызыл чок, Бириң шайыр, бириң шок. Жалкоо болсоң жолуң жок, Жок, жок, жок, жок… Жүрөгү таза жаштардын тилегин берет, Жакшы күн келет, ишеним керек. Алдыга сүйрөп алдыга бириңди-бириң, Алгыла терең билим, арман кылбай кийин. Айтам жаштарга, Тишиң барда таш чайна. Жөнү жок сүйлөп жөн эле мактанба. Кайырма: Силер элдин келечеги, үмүт жагылат, Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат, Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат. Жылдызга улап жол, Кыргызга кубат бол. Чырпыктан чынар болгула, чындыктан тайбай, Тилиңди чанбай, уятка калбай. Чыры көп ушул заманда эң башкы максат, Ыйманды калгын сактап, ырдайлы биз мактап. Бийик бол, жаштар, Ыдырап эл бөлүнбөй, Ынтымак болсун, ырыскы төгүлбөй. Кайырма: Силер элдин келечеги, үмүт жагылат, Демиңерге дем кошкону ырым жаңырат, Четтен эмес, өз жериңден бакыт табылат. Жылдызга улап жол, Кыргызга кубат бол. Кыз-жигиттер кызыл чок, Бириң шайыр, бириң шок. Жалкоо болсоң жолуң жок, Жок, жок, жок, жок…
  • Ырдаса булбул ашыгын, Ыргалат гүлдөр акырын. Сен болдуң жанга жакыным, ай, Сездирип дүйнө асылын, Асылым менин, асылым. Кайырма: Күн кармап алган түшүмдөй, Күтүлбөй келчи күтүлбөй. Биз үчүн дүйнө жаралып, Биз менен дүйнө бүтүндөй. Күтүлбөй келчи, күтүлбөй… Ойлобой өмүр жалганын, От болуп жанып алгамын. Өчүрбөй ошол сезимди, ай, Өзүңө келет арнагым, Ардагым менин, ардагым. Кайырма: Ай-жылдыз болуп сырдашым, Ашыктык ырын тыңдасын. Түнөгүң болбой жалгыздык, ай, Жүрөгүм сен деп ырдасын, Кымбатым менин, кымбатым. Кайырма:
  • Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп Үч кылына өмүр калган өрүлүп Бапестесе атам сени баладай Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп Өксүбөчү алтын комуз кайгырып Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз Эркелеткен атабыздан айрылып Өксүбөчү жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум Солкулдап жүрөк жашыса Соороном угуп добушуң Атам мага айтпай калган керээзин Алтын комуз күүгө салып келесиң Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып Көзгө тартат атакемдин элесин Жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум.
  • Эрке жел сыласа жүзүңдү, Эреркеп түтпөй кетем мен. Аластап кырсыктан изимди, Апакем сүйчү эле чекемден. Көл болуп сурданат көз жашым катат, Күйгүзүп сапарын күн дагы батат эй. Арманым жүрөктө арылбай жатат, Жанымда сен жоксуң апаке. Жашоодо апакем тоо болду, Калкалап мени жамгырдан. Жашыймын тоолорду көргөндө, Апакем тургандай алдымда. Мейиздей төгүлүп мезгилим шашат, Баш ийбей акылга балалык качат эй. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке. Кайырма: Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан, А бирок өмүрдө жоготуу бат экен. Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан, Көрдүңбү каякта асылым апакем. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке