Казахские песни Узбекские песни

Гульнур Сатылганова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Гульнур Сатылганова

  • Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз. Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз. Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз, Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз. Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз. Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз. Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз. Сөз ыргыткан жигитти «сүйсөң мейли, күт» дейбиз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына. Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз, Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
  • Күн дүйнөнү ар убак, Күүгө салат табигат. Жалбырактар даракта, Алакандай чабылат. Шаң учурган шамалдан, Шаттык ыры жаралган. Толкуп кетип обонго, Тоолор бийик жаралган. Кайырма: Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын. Кубанычты аркалап, Куштар сайрап жар салат. Жалганына карабай, Жашоо кандай салтанат! Ырчы болор жорголор, Сырдуу обон ойнолот. Сүйүү тилеп адамзат, Сезим кылдай толгонот!
  • Кыялымда ак куу болуп, Учуп жүрөм көл үстүнөн. Көк асмандын мейкининде, Балык сымал эркин сүзөм. [Кайырма] Алыс кетсем, куса болуп, Сагынам салкын төрүн. Алтын көлүм, Ысык-Көлүм, Сагындым мен толкун көркүн. Байыркынын, бабалардын, Сөзү калды көл бетинде. Балалыгым эстен чыкпайт, Изим калды көл четинде. [Кайырма] Кыялымда учуп барам, Бийик чокунун үстүнөн. Кылым карып, кырлар ашкан, Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.
  • Жаңы бышкан нандын жыты, Күндүн жайкы ысыгы. Нан көп болсо үйдүн куту, Эки беттин кызылы. Жаңы бышкан нандын даамы, Жалпы дыйкан эмгеги. Бүткүл элдин жүрөк каны, Кен байлыгы жердеги. Жаңы бышкан нандын жыты, Жазган ыры акындын. Көзгө сүйкүм тынчтык кушу, Күч-кубаты баатырдын. Жаңы бышкан нандын даамы, Ата-Журттун дымагы. Ошондуктан элдин нугу, Эзелтеден тынбады.
  • Кээ гана секелек кыз эмес белең Кен дүйнөнү апам мага белек деген Оюмда жок оомал төкмөл Турмуш күтүп турганы Ойноп күлүп жашачуудай элестеген Учур келди мөмөлөрүм төгүлсүн деп Уул кыздарың ак бешикке бөлөнсүн деп Эртели кеч күйпөлөктөп өмүр отун өчүрбөй Эне менен өсөт тура эл өркүндөп Кайырма: Бар жашоону улап келген Бардыгына чыдап келген Жер энеге теңелебиз Жемиш төгүп кубат берген Түйшүгү көп аял заттын Түгөл кылып дүйнөнү Түбөлүгүн сактап келет адам заттын Бул турмуштун жүгү кайдан жеңилдеген Булукса да аял заты жеңилбеген Бакыт тилеп небереге Тынчтык тилеп заманга Багынтабыз жер дүйнөнү Мээрим менен
  • Кайдан жүрүп сага кабылдым? Карегиңде барбы жалының? Жан эргитип жумшак күлгөнүң, Жарыгыбы аткан таңымдын? Булбулсуңбу куштар багында? Анда келип кончу шагыма. Кучагымдан орун берейин, Күттүм элем, гүлүм, сагына. Кылгырасың неге мынчалык, Кирпигиңден сырдуу нур тамып? Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач, Жадырасын жаным тынч алып…
  • Жагалмайдай кайкып учуп бара албай, Жаш жүрөккө жагар дары таба албай. Ак кептерим, түтөбөйүн арманга, Кучак жайып, кумар жазып кала албай. Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду, Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду. Эч болбосо сен конуучу токойго, Жаным, секет, жая албадым торумду. Сен дегенде тура албаймын жай алып, Келаткансып эки жагым каранып. Түшүмдө да карагайлуу булакта, Булактайсың кундуз чачың таранып. «Күйсөң күй» деп кашты серпип күлгөнүң, Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң. Мынча неге түлкү куумай ойноттуң, Айтчы деги анык бекен сүйгөнүң?
  • Бакытка алып барчу жол алыстай, Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели. Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели, Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели. Башкалар арзый албас мага сендей, Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү. Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү, Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү. Сүйүүнү тараза менен ченебес, Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй. Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес, Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй. Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой, Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү. Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү? Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
  • Ак мөңгү тоолордон кемер курчанган, Акак таштай шаарым, сенсиң суйкайган. Көк тиреп үйлөрүң көкөлөп, ай, Көчөлөр көркөм көгүш нур чалган. Кызгалдак гүлдөрүң жылдыз тагынган, Кымбатсың сен көргөн адам сагынган. Биздин куттуу элдин ордосу, ай, Кылымдап тур деп бизге салынган. Кайырма: Бишкек, мекен кылып, аталар жүргөн жер, Жигит-кызы кайтарып, бекем сүйгөн жер. Өмүр берилет баладан балага, Өс дагы да улам жайнап, гүлдөй бер. Делами славен будь, мой дивный город, Сердцам простых людей, ты мил и дорог. Напрасным будет пусть извечный спор, Ты самый лучший город среди гор! Кайырма:
  • Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп Үч кылына өмүр калган өрүлүп Бапестесе атам сени баладай Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп Өксүбөчү алтын комуз кайгырып Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз Эркелеткен атабыздан айрылып Өксүбөчү жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум Солкулдап жүрөк жашыса Соороном угуп добушуң Атам мага айтпай калган керээзин Алтын комуз күүгө салып келесиң Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып Көзгө тартат атакемдин элесин Жолукпай калган жол узун Жолдон да арман ой узун Арманды басаар муңдашым Атамдан мурас комузум.
  • Көркөмдүү кенен төрү бар, Берметтей тунук көлү бар. Таңшыган тоодо булбулдай, Талантты сүйгөн эли бар. Ырыскы берген ченебей, Кылымга жетер кени бар. Ала-Тоо менен курчалган, Керилип жаткан жери бар. Дайрасы туйлап шар аккан, Жарыгын суудан жараткан. Мөмөсү таттуу дүйнөдө, Гүлүнөн дагы бал аккан. Жеримдин көркөм дастанын, Акындар мактап жазганын. Жарыя салып ырдашсын, Жалындуу уул-кыздарың. Кайырма: Аталар бизге калтырган, Аздектеп жүрүп сан жылдан. Азаттык орноп мекенге, Комуздун күүсү жаңырган. Кымбатсың бизге баарынан, Мекеним Кыргызстан. Балалык күнүм өткөн жер, Бакытка колум жеткен жер. Өмүрдүн таттуу күндөрүн, Өзүңдөн алдым өскөн жер. Залкарлар күүсүн черткен жер, Даткалар басып өткөн жер, Тарыхы берип таасирин, Таланттуу жаштар өскөн жер. Кайырма: Улуулар бизге калтырган, Урпагы сүйүп жактырган. Кымбатым ыйык мекеним, Жазылсын атың алтындан. Аталар бизге калтырган, Аздектеп жүрүп сан жылдан. Азаттык орноп мекенге, Комуздун күүсү жаңырган. Кымбатсың бизге баарынан, Мекеним Кыргызстан.
  • Ай нуру бизге төгүлдү, Алтыным аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда турган өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлду, Күмүшүм аччы көңүлдү Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Гүлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдей, Жабыккан түрүн билдирет Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет. Алыска кетем эл үчүн, Айланып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрөгөр Асылкеч курбум мен үчүн.
  • Кабылдыңбы бул жашоодо Жомоктой бир сүйүүгө оо Куса болуп көргүң келип Ашыгыңды күнүгө оо Кайырма: Сүйүү таза бул сезим гана Гүлгө оройт көңүлүңдү Бир махабаттын сен бакчасында Өткөрө алсаң бүт өмүрүңдү Бакыт кушун дайым Сүйүү жандап жүрөт Барктай билсең сезип Балын татат жүрөк Өмүр кыска сүйүү менен Түбөлүктөй сезилет Соксо жүрөк бир күн Сүйүү ага сөссүз кезигет Кайырма:
  • Түндөрүң бейпил, түштөрүң болсун Сенин керемет Бул өмүр сага арналган жараткандан Ыйык бир белек Турмуш ушундай ачуусу, Таттуусу бар түгөнбөгөн Жетелейт кыял, көкөлөтүп Үмүттөргө үзүлбөгөн Кайырма: А мен кааларым: ден соолук, Узун өмүр, байлык дагы. Элимдин бузулбасын ынтымагы Өчпөсүн үмүт шамы Өмүрүң эмне? Күлкүбү ый Аралаш күйүт салган. Өкүнүч арман, көңүлдү Жүрөктү да жаралаган. Азабыңа айла жок күйүп бүтүп Сен да чыгаарсың Жыргалыңа шаттанып Ырахаттанып кубанаарсың Кайырма: А мен кааларым: ден соолук, Узун өмүр, байлык дагы. Элимдин бузулбасын ынтымагы Өчпөсүн үмүт шамы.
  • Өмүр! Өтпөш керек өкүнүчтө өмүр. Өмүр! Өчпөш керек үмүт нуру өмүр. Кандай жаман каректен жаш аккан. Арман. Энелерди аза күтүү баскан. Арман. Оой арман. —- Агат! Аянычтуу көздөн жашым агат. Азап! Таштандыдай жан ташталса азап. Айыкпаган жан-дүйнөмдө арман. Өтүп бул күн бүтөт дүйнөң жалган. Жазган. ——- Жашоо кандай сонун белек! Жашап үйрөнөлү демек! Жашоо ырахаттуу белек! Аткарылса аруу тилек! —— Жашоо кандай сонун белек! Баалап баркын билсек демек! Жашоо кандай сонун белек! Жашап сүйүп аны билсек! ——- Үмүт! Үзүлбөгөн өчпөс жарык үмүт. Үмүт! Туңгуюктан алып чыгат үмүт! Кандай жакшы көзүнөн нур чакчкан, жылмайсаң! Кучагында кубаныч гүл ачкан
  • Сүйүүм турат жердин кени тургандай, Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай. Көкүрөккө сыймык толуп караймын, Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай. Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай, Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай. Таттуу сайрап, элжиретип сезимди, Таң алдында үн алышкан улардай. Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү, Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү. Сенин гана аман жүргөн карааның, Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
  • Сүйүү бул аманат Сүйгөн учат сабалап Деңиздей терең ой Дем-куч берет сага бат Ашыктык курчаса Аруу сезим жаралат, жаралат. Кайырма: Жарыгы өмүрдүн Жарашыгы көңүлдүн Жашасын махабат. Ансайын тамшанткан Адамзатты жашарткан Жашасын махабат. Ооо-оу, ооо-ооу! Сүйүүң эмне таттуубу Сүйүп калуу жакшыбы Сыйкырлап жүрөктү Сөз айталбай аптыгуу Каректен сырдашып Кандай бакыт жактыруу Кайырма: Жарыгы өмүрдүн Жарашыгы көңүлдүн Жашасын махабат. Ансайын тамшанткан Адамзатты жашарткан Жашасын махабат. Ооо-оу, ооо-ооу! Адамзатты тамшанткан Гүлдөсүн бул махабат Аруу сезим жараткан Жашасын бул махабат Кайырма: Жарыгы өмүрдүн Жарашыгы көңүлдүн Жашасын махабат. Ансайын тамшанткан Адамзатты жашарткан Жашасын махабат. Ооо-оу, ооо-ооу!
  • Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат, Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат. Деңизге теңелер сездиңби тереңин, Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин. Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет. Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай, Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай. Түн келсе тооруган ишенгин ар убак, Күн чыга жолуңан нуруна дарылап, Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет.
  • Жолукпай калсаң эгер, Сендейди табар белем? Жан дүйнөм толот беле? Өзүмө суроо берем. Кезикпей калсаң эгер, Бактымды табар белем? Жомогуң болбойт эле, Дегендей муздайт денем. Эң таттуу күндөр өткөн, Көл жээкте бирге болгон. Сыйкырын сезет белем, Жолукпай калган болсом? Жаркыган айлуу түндө, Таңдардын аппак аткан. Сырын ким мага ачмак, Калсаң сен жолукпастан? Ырларым сага арнаган, Кас туруп басат беле? Сырларым ичке каткан, Мен кимге айтар элем? Тагдырга ыраазымын, Өзүңө жолуктурган. Өмүргө азык болгон, Сезимге толуп турам.
  • Сүйүп калып, күйүп-жанып, Жалынам жалгыз күн деп сен. Кылыктанып, жашоону алдың бийлеп сен. Айла канча, убайым жедим, убайым. Жабыктырып, зарыктырып, Жүрөсүң неге билмексен? Арманы көп айлар өтөт, Айтамын дале күн деп сен. Жандап өтөт жаштыгың жашыл көйнөкчөн, Айла канча, азапка баттым, азапка. Жалоорутуп, жан оорутуп, Болосуң неге көрмөксөн? Сени карай дарыядай, Ойлорум тынбай жарышкан. Мен аябай коркчу элем, Сүйүп калыштан. Айла канча, алыстан күндү сүйгөндөй, Жөн жүрөйүн, мен жүрөйүн, Өзүңдү сүйүп алыстан.
  • Ашыгым бир күн кезигет Жүзүмдөй жүрөк эзилет Кыз-жигит эгер болбосо Кызык кез кайдан сезилет Байкасам баары жуп экен Басабыз эки бут менен Канатың экөө болбосо Каяктан учат куш деген Кайырма: Жаштыгың кургур эээй Жашынат бир күн ооой Таттуу кез эртең эээй Табылбай келсең ооой Ырыстуу күндүн шаңында Ырдайын үнүм барында Токтолбо билсең замандаш Жоктолбой турган чагыңда Жашооңду улап махабат Жаштыктын гүлүң артылат Сүрсө да жүз жаш омүрдү Сүйүүдөн адам жашарат Жүзүңдөн бырыш сүзүлөт Жүрөгүң туйлап сүйүнөт Өзүңдүн эмес жарыңдын эээй Өзгөчөң сыйлап сүйүнөт Кайырма: Күйгүзүп дүйнөң бири кем Гүл болсоң дагы күйгүзгөн Көгөрүп адам ансайын Көңүлүң калбайт сүйүүдөн Жар күтүп бакыт тапканга Жалынды берген жаштарга Өмүрүң жерден өтсө да Көктөсүн көңүл асманда Кайырма:
  • Мен сени ойлой берем, кышта, жазда, Майрамда, ысык-суукта, сезим азда. Өмүрдүн өр тарттырып дөңгөлөгүн, Жыл улап чыккан сайын ар бир жашка. Кайырма: Жашым жаш, чачым кара болгон менен, Эң алыс өмүр деген жолдон келем. Ошол жол такыр бүтүп калмайынча, Мен сени миң жаңыртып ойлой берем. Мен сени ойлой берем таңда, кечте, Жарым түн жакын калып, жарык өчсө. Алыстан из калтырып учкан жылдыз, Арылап жер чегине сүңгүп кетсем. Кайырма: Өзүңдү өмүр бою ойлой берем, Турмуштун кең дайрасын бойлой келем. Экөөбүз түбөлүккө бир болсок деп, Түшүмдө да, өңүмдө ойлоор элем. Кайырма:
  • Мен сага жолугушум керек эле, Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде. Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө, Болбосо ашуулардын туу белинде. Кайырма: Мен сага жолугушум керек эле, Кыштабы же жаздабы, бир мезгилде. Чыгыштан супа салган ак таңда, Же болбосо, боз мунарык кеч бешимде. Мен сага жолугушум керек эле, Биз түшкөн өмүр деген бул кемеде. Болжолдуу жерибизден жолугушар, Болбосо буйтап өтүп кеттикпи же? Кайырма: Мен сага жолугушум керек эле, Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде. Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө, Болбосо ашуулардын туу белинде. Кайырма:
  • Жашоонун өзү сыноо болот, Адашкан жашоо ыйга толот. Акылың тунук тилек таза, Жүргөндө гана бакыт конот. Кайырма: Жаралуу бакыт сүйүү бакыт, Дүйнөдө аман жүрүү бакыт. Жараткан узун өмүр берсе, Жашоонун ар бир күнү бакыт. Ченелбейт бакыт байлык менен, Баарына жетип койну кенен. Байлыкты эгер издеп жүрсөң, Жанашып жүрөт ыйман менен. Кайырма: Күн дагы бизге нурун чачат, Өмүрдүн көркүн арзуу ачат. Жашоо уланып үмүт жанып, Сүйүүдөн адам бакыт табат.