Казахские песни Узбекские песни

Песня «Күн тилек»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ашыгым бир күн кезигет
Жүзүмдөй жүрөк эзилет
Кыз-жигит эгер болбосо
Кызык кез кайдан сезилет
Байкасам баары жуп экен
Басабыз эки бут менен
Канатың экөө болбосо
Каяктан учат куш деген

Кайырма:
Жаштыгың кургур эээй
Жашынат бир күн ооой
Таттуу кез эртең эээй
Табылбай келсең ооой
Ырыстуу күндүн шаңында
Ырдайын үнүм барында
Токтолбо билсең замандаш
Жоктолбой турган чагыңда

Жашооңду улап махабат
Жаштыктын гүлүң артылат
Сүрсө да жүз жаш омүрдү
Сүйүүдөн адам жашарат
Жүзүңдөн бырыш сүзүлөт
Жүрөгүң туйлап сүйүнөт
Өзүңдүн эмес жарыңдын эээй
Өзгөчөң сыйлап сүйүнөт
Кайырма:

Күйгүзүп дүйнөң бири кем
Гүл болсоң дагы күйгүзгөн
Көгөрүп адам ансайын
Көңүлүң калбайт сүйүүдөн
Жар күтүп бакыт тапканга
Жалынды берген жаштарга
Өмүрүң жерден өтсө да
Көктөсүн көңүл асманда
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жакшы дос өчкөн жанга от берет, Жаныңды жан досуңа кош демек. Жаркыбай жалаң гана майрамда, Жабыкканда жарык берген дос керек. Көрө албас, ич тардыкты жойгула, Бөлүнбөй акыреттик болгула. Сыр билги досуң тунук күзгүдөй, Сынып калса келбес кайра ордуна. Кайырма: Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай, Тунук бол көз жаштай, досторум менин. Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас, Күн болгун батпаган досторум менин. Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды, Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды. Күн достор силер менен бөлүшөм, Бир тууганга билдирбеген сырымды. Күлгүлө карегимден баш багып, Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып. Баарыңды күн достор деп атадым, Бар да силер баскан жолум жапжарык. Кайырма: Дооруңда түркүн адам кабылат, Дос изде, душман өзү табылат. Ар убак нурун төксө күн достор, Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
  • Күн дүйнөнү ар убак, Күүгө салат табигат. Жалбырактар даракта, Алакандай чабылат. Шаң учурган шамалдан, Шаттык ыры жаралган. Толкуп кетип обонго, Тоолор бийик жаралган. Кайырма: Ар күнүң табылбас кайрыктай, Обонго салып кал айрымдарын. Бул өмүр жүктөлүү байлыктай, Кербенге теңелет ай, жылдары. Ак тилек ырдан айрылбагын. Кубанычты аркалап, Куштар сайрап жар салат. Жалганына карабай, Жашоо кандай салтанат! Ырчы болор жорголор, Сырдуу обон ойнолот. Сүйүү тилеп адамзат, Сезим кылдай толгонот!
  • Шактарын ачкан гүлдөрдөй, Шамдарын жаккан түндөрдөй. Шаанисин эстейм шаттыктын, ий, Шаңк этип өзүң күлгөндөй. Ак нурум — сен, ак сулуум — сен, Жандандырып өмүрүмдү, Жарык кылып көңүлүмдү. Жан ыргагы өзүң бол. Өргүбөй өткөн күндөрдөй, Өмүрлөр өтөр бир келбей, Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий, Түн узак кирпик ирмелбей. Жалжалым — сен, жандаарым — сен, Алыстатпа жаштыгымды, Арнап турган жакшы ырымды, Атар таңым өзүң бол. Алыстап улам карабай, Алдаба мени баладай. Азгыра берет элесиң, ий, Арманым болуп тарабай. Караарым — сен, кайдасың сен? Карааныңды каркырадай. Сапар тартып бараткандай, Сагынарым өзүң бол.
  • Тилектин баары тунук акак дебе, Тирелип көкүрөктө жатат дебе. Термелткен сенин күчүң болбогондо, Тез эле менин күнүм батат дебе. Кайырма: Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе, Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе. Кудурет сени буйруп койбогондо, Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе. Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе, Жел болбой булут калкып көчөт дебе. Жылуулук сенден келип турбаганда, Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде. Кайырма: Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе, Жылжыган арык көрсөң, булак дебе. Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө, Болду, мезгил токтолуп турат дебе. Кайырма: