Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынарым өзүң бол»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Шактарын ачкан гүлдөрдөй,
Шамдарын жаккан түндөрдөй.
Шаанисин эстейм шаттыктын, ий,
Шаңк этип өзүң күлгөндөй.
Ак нурум — сен, ак сулуум — сен,
Жандандырып өмүрүмдү,
Жарык кылып көңүлүмдү.
Жан ыргагы өзүң бол.
Өргүбөй өткөн күндөрдөй,
Өмүрлөр өтөр бир келбей,
Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий,
Түн узак кирпик ирмелбей.
Жалжалым — сен, жандаарым — сен,
Алыстатпа жаштыгымды,
Арнап турган жакшы ырымды,
Атар таңым өзүң бол.
Алыстап улам карабай,
Алдаба мени баладай.
Азгыра берет элесиң, ий,
Арманым болуп тарабай.
Караарым — сен, кайдасың сен?
Карааныңды каркырадай.
Сапар тартып бараткандай,
Сагынарым өзүң бол.

Другие песни исполнителя:

  • Жайдын бир толук кезинде, Адырлуу тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, Жайдары селки эсимде. Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсимде, Турмуштун сыры тереңдеп. Анттыңды ойлоп таңдагы, Көңүлүм сенден калбады Азыркы шайыр жаштардын, Өзүңдөй болсо алганы.
  • Арабыздан жакшы-жаман сөз өттү, Ич жылытып, сыздатып да өзөктү. Эми качан бий бийлейбиз чогулуп? Убакытты таппай жүрүп жаз өттү. Адам болдук, бой көтөрдүк, кыйналдык, Жамандыкка бирибизди кыйбадык. Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың? Көзүңөрдөн турар эле нур жанып. Турмуштун чоң агымында агылдык, Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык. Кайда калды бала кыял мүнөздөр? Түшкө кирет жылажындай жаңырып. Өмүр кыска, алтындарым, кайдасың? Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
  • Кадырлап бир кат жазамын, Капамды мен качан ачамын? Катымдын жообун кайра жаз, Деги сынбасын менин назарым. Айыл бир сенин турагың, Айылдаш, эсен турамын. Каттаган-өткөн кишиден, Деги билмексен болуп сурадым. Карайып кашым коюлган, Кадырың кетпейт оюмдан. Сагынсаң ай салам жаза жүр, Деги сабатың сенин жоюлган. Караймын ай эрте жолуңду, Кармасам деймин колуңду. Кат сабатың сенин жоюлган, Деги кайтаргын эрте жообуңду.
  • Деңиздей тереңдикти каалайм сага, Ааламдай кенендикти каалайм сага. Нөшөрдөй бакыт-таалай каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Асмандын кирсиз көгүн каалайм сага, Апакай айдын өңүн каалайм сага. Жылдыздай бийиктикти каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Сымаптай мөлтүлдөгөн алаканда, Булактай канча жутсам канбайм сага. Жарылып жүрөгүмдүн тереңинен, Жалындап чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жүрөктөн чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
  • Мен махабат жарчысы, Ырлар сезим тамчысы. Жашоо деген жарык күн, Караңгы түн жартысы. Сен изденип талыкпай, Дүйнө кезип чабыттай. Кадырыңа жеткенди, Карма алтын балыктай. Кайырма: Кара түндү айдап көңүлдөн, Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн. Арууланып дайым жан дүйнөм, Ак сүйүүгө болсун өрүлгө. Тилек узун, күн кыска, Тирүүлүктө бир нуска. Өмүр бекер өтпөсүн, Өзүңдү тап турмушта. Кайырма: