Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жашоо — бакыт»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоонун өзү сыноо болот,
Адашкан жашоо ыйга толот.
Акылың тунук тилек таза,
Жүргөндө гана бакыт конот.

Кайырма:

Жаралуу бакыт сүйүү бакыт,
Дүйнөдө аман жүрүү бакыт.
Жараткан узун өмүр берсе,
Жашоонун ар бир күнү бакыт.

Ченелбейт бакыт байлык менен,
Баарына жетип койну кенен.
Байлыкты эгер издеп жүрсөң,
Жанашып жүрөт ыйман менен.

Кайырма:

Күн дагы бизге нурун чачат,
Өмүрдүн көркүн арзуу ачат.
Жашоо уланып үмүт жанып,
Сүйүүдөн адам бакыт табат.

Другие песни исполнителя:

  • Жакшы дос өчкөн жанга от берет, Жаныңды жан досуңа кош демек. Жаркыбай жалаң гана майрамда, Жабыкканда жарык берген дос керек. Көрө албас, ич тардыкты жойгула, Бөлүнбөй акыреттик болгула. Сыр билги досуң тунук күзгүдөй, Сынып калса келбес кайра ордуна. Кайырма: Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай, Тунук бол көз жаштай, досторум менин. Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас, Күн болгун батпаган досторум менин. Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды, Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды. Күн достор силер менен бөлүшөм, Бир тууганга билдирбеген сырымды. Күлгүлө карегимден баш багып, Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып. Баарыңды күн достор деп атадым, Бар да силер баскан жолум жапжарык. Кайырма: Дооруңда түркүн адам кабылат, Дос изде, душман өзү табылат. Ар убак нурун төксө күн достор, Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
  • Күндө күтүп бакыт берген сезимди, Күтүү мага үмүт болуп сезилди. Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок, Кусалыктар каптап турат кечимди. Жашоо бизге сынак тура бир келген, Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген. Сынай карап, сен дилиңди ачкыча, Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден. Кайырма: Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба, Биздин сүйүү калат балким миң жылга. Бир болбосок, өмүр жолун карытып, Бир махабат кала берет бул ырда. Махабатка суусагансыйт жүрөгүм, Күн карытып мейли сени күтөйүн. Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн, Сени менен бир өтөөрүн билемин. Кайырма:
  • Сүйүүдөн башталып бул дүйнө кулпунат, Гүл дагы таш жарып сүйүүгө умтулат. Деңизге теңелер сездиңби тереңин, Чөкпөсүн кемеңер, түшүрбө желегин. Сүйбөсөң сен эгер жашадым дебегин. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет. Бирөөлөр жаңырып ардагын тапкандай, Бирөөлөр жаңылып арманга баткандай. Түн келсе тооруган ишенгин ар убак, Күн чыга жолуңан нуруна дарылап, Сүйүүдөн ооруган сүйүүдөн айыгат. Кайырма: Сүйүүсү бар күндөр керемет, күйүп-жанып жүргөн керемет. Баарыбызга ырыскы себелеп, бар экени дүйнөнүн керемет. Сүйүү жолу шакектей тегерек, жүрөк тапсаң экен керемет. Күйүнсөм да кеткениң неге деп, дүйнөдө бар экениң керемет.
  • Сабалап келдим алдыңа, Саламат тосуп алгыла. Сагынып күткөн эл үчүн, Садага кеччү жан мына. Туйлаган жүрөк элим дейт, Туйгундар учкан жерим дейт. Тумардай ыйык ыр менен, Турмуштун жүгү жеңилдейт. Кайырма: Кадырлуу калкым, жазайын жарпың, Бийик бол тоодой, жылдызың жансын. Ардактуу калкым, алайын дартың, Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын. Уютку болуп өмүргө, Ушул күн калсын көңүлдө. Жаштыктан жалын тутанат, Жар салып сүйүү жөнүндө. Бекерге тартпа убайым, Белекке ырым сунайын. Береке толуп кыргызга, Бейпилдик болсун ылайым. Кайырма: