Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жашасын махабат»
исполнителя Гульнур Сатылганова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйүү бул аманат
Сүйгөн учат сабалап
Деңиздей терең ой
Дем-куч берет сага бат
Ашыктык курчаса
Аруу сезим жаралат, жаралат.

Кайырма:
Жарыгы өмүрдүн
Жарашыгы көңүлдүн
Жашасын махабат.
Ансайын тамшанткан
Адамзатты жашарткан
Жашасын махабат.
Ооо-оу, ооо-ооу!

Сүйүүң эмне таттуубу
Сүйүп калуу жакшыбы
Сыйкырлап жүрөктү
Сөз айталбай аптыгуу
Каректен сырдашып
Кандай бакыт жактыруу

Кайырма:
Жарыгы өмүрдүн
Жарашыгы көңүлдүн
Жашасын махабат.
Ансайын тамшанткан
Адамзатты жашарткан
Жашасын махабат.
Ооо-оу, ооо-ооу!

Адамзатты тамшанткан
Гүлдөсүн бул махабат
Аруу сезим жараткан
Жашасын бул махабат

Кайырма:
Жарыгы өмүрдүн
Жарашыгы көңүлдүн
Жашасын махабат.
Ансайын тамшанткан
Адамзатты жашарткан
Жашасын махабат.
Ооо-оу, ооо-ооу!

Другие песни исполнителя:

  • Темир жолдо поезд термелет, Телмиресиң алыс сен жөнөп. Артыңда калабы айыл бош, Аман кел, кайыр кош, кайыр кош. Биз айтабыз башка эмне деп, Кеттиң эле издеп бактыңды. Таптыңбы, мекендеш, таптыңбы? Кайырма: Ала-Тоо мурас калып атаңдан, Ажайып Ата Мекен аталбай. Тоолордон күлүп чыгып күн өмүр, Тоолорго күйүп кайра батар жан. Кадырын өз жериңди биле жүр, Кайтып келген сапардан. Дүйнө кезип деңиз кечесиң, Көйгөйлөрдөн көрдүң нечесин. Көп азап дагы да кез келет, Мээримдүү болсо экен өзгө жер. Максатыңа бирок жетесиң. Сени күтөт дайым мекениң, Мен тийлеймин эсенин. Кайырма:
  • Кар кетпес кайрылыштан кайтышат кайра куштар, Билем, ортобузда белгисиз байланыш бар. Байланыш жашоо, кардай, нурлардай, Күйүттөн бийик канча күтүүгө жазалангам? Кездерден, убакыттан көздөрүң ыза жуткан, Жан эмес, бүткөнсүйсүң кумардан, кусалыктан. Ашташкан жолубуз да колубуз колубузга, Жарашат, оо, Жараткан, оюбуз, боюбуз. А неге жанат көздөр аты жөнсүз жашоо күйсө? Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан бүтөт? Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан? Бул күтүү кайдан келди, бул күтүү качан бүтөт?
  • Бакытка алып барчу жол алыстай, Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели. Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели, Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели. Башкалар арзый албас мага сендей, Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү. Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү, Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү. Сүйүүнү тараза менен ченебес, Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй. Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес, Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй. Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой, Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү. Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү? Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
  • Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз. Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз. Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз, Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз. Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз. Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз. Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз. Сөз ыргыткан жигитти «сүйсөң мейли, күт» дейбиз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына. Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз, Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз. Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына, Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына, Кандай жигит кол берер курдаштарга батына, Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
  • Деңиздей тереңдикти каалайм сага, Ааламдай кенендикти каалайм сага. Нөшөрдөй бакыт-таалай каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Ак таңдай ачык маанай каалайм сага. Асмандын кирсиз көгүн каалайм сага, Апакай айдын өңүн каалайм сага. Жылдыздай бийиктикти каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Каалайм сага, каалайм сага, Арчадай кырчын өмүр каалайм сага. Сымаптай мөлтүлдөгөн алаканда, Булактай канча жутсам канбайм сага. Жарылып жүрөгүмдүн тереңинен, Жалындап чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жүрөктөн чыккан ырым арнайм сага. Арнайм сага, арнайм сага, Жалындап чыккан ырым арнайм сага.